Жума, 23 Август, 2019 - 8:19
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: САЯСАТ

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Б. Салимжанов Урал бажы башкармалыгынын жетекчиси менен жолукту

12-август күнү Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы Өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Бообек Салимжанов Урал бажы башкармалыгынын жетекчиси А.Фролов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу тараптардын бажы тармагындагы өз ара […]

Дагы 20 өлкөнүн жарандары Өзбекстанга визасыз кирүү мүмкүндүгүнө ээ болушту

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 12-августта «Туризм тармагын өнүктүрүү чаралары тууралуу» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тарта 20 өлкөнүн жарандары үчүн өлкөгө 30 күнгө чейин визасыз кирүү мүмкүндүгү берилет. […]

Элчи Эрмек Ибраимов Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Евгений Шестаковго ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды

Кечээ, 13-август күнү Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимов Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Евгений Шестаковго ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы […]

Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулу Б. Салимжанов Башкортостандын Челябинсктеги өкүлү менен жолукту

8-август күнү Кыргыз Республикаснын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Б. Салимжановдун Башкортостан Республикасынын Челябинск шаарындагы өкүлү А.Г.Хабибулин менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер минисрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Өкмөт башчы ички жолдордун абалын текшерип, бир нече жалпы билим […]

ЖМК: Стивен Биегун АКШнын Орусиядагы элчиси болушу мүмкүн

Ак үй АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусун уюштурууга катышкан дипломат Стивен Биегунди өлкөнүн Орусиядагы элчиси кызматына талапкер катары карап жатат. Бул тууралуу Reuters […]

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлдү

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол […]

Өкмөт аралык ЕАЭБ саммити өлкөгө эмне берет?

Чолпон-Ата шаарында өткөн ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Алар , төмөнкүлөр: 1. Дүйнөлүк интеграциялык бирикмелердин жана евразиялык компанияларды […]

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдар топтомуна кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдар топтомуна кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Кабыл алынган […]

Тоолуу-Бадахшанда тажик-кытай биргелешкен машыгуулары өтүп жатат

Тоолуу-Бадахшанда Тажикстан менен Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аскердик машыгуулары өтүп жатат. Бул машыгуулардын максаты — өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүнүн террордук жана экстремисттик топторго туруштук берүү боюнча биргелешкен аракеттерин кайталоо. Өлкөнүн Коргоо […]

Трамп: АКШ орусиялык ракетанын жарылуусунан көп маалыматка ээ болду

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиядагы ийгиликсиз аяктаган ракеталык сыноонун жыйынтыгы менен америкалык адистер көптөгөн жаңы маалыматтарга ээ болгонун билдирди. Ал Твиттердеги билдирүүсүндө: “Кошмо Штаттар Орусиядагы иштебей калган ракетанын жарылуусунан көп […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы баа жеткис

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу […]

Бабановдун “Барбарос” планы

Келем келбейм, билем билбейм, айттым аткарам, кеттим келбейм деген сөздөрдүн ээси, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов мекенине кайтып келди. Аны жер жайнаган тарапташтары тозуп алып, аны колдоорун билдиришти. УКМК Бабанов келери […]

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жабык бекеттерди кайра ачуу сунушталды

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттерди кайра жандантууну сунуш кылды. Бул тууралуу мекеменин 2019-2020-жылдарга карата өнүгүү стратегиясында жарыяланды. Документте коңшулардын ортосунда соода-экономикалык карым-катыш жана товар ташуу […]

Карыз алып эмес, берип жашаган өлкөнүн өкмөтү го!

Берметтүү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын катышуусу менен ЕАЭБ алкагындагы Саммит болуп өттү. Бир катар маселелер каралып, майнаптуу чечимдерге кол коюлду деп жатышат. Болсун. Келген конокторду кабыл алган […]

Тажикстанда кыйноо колдонгондорго жазаны катаалдаштыруу сунушталууда

Тажикстан Юстиция министрлиги Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун даярдады. Ага ылайык, айыпталуучуларга карата кыйноо колдонгондор 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. Тажикстандын азыркы мыйзамдарында кыйноо колдонгондорго айыппул салуу же эки жылдан […]

Федерация кеңеши каршылык акцияларына Батышты айыптады

Федерация кеңешинин эл аралык иштер комитетинин төрага орун басары, орус суверенитетин коргоо комиссиясынын мүчөсү Андрей Климов Москвадагы оппозициянын каршылык акцияларына тышкы күчтөр таасир этип жатканын айтып, Батышты Орусиянын ички ишине […]

Түркмөн президенти эл алдына чыгып, Орусиядан лимузиндерди сатып алды

Кечээ, 12-августта Түркмөнстанда Каспий экономикалык форуму башталды. Гурбангулы Бердымухаммедов «ал көз жумду же ооруп комага түшүп калды» деген сөздөр айтылып келе жаткандан бери биринчи жолу эл алдына чыгып, сөз сүйлөдү. […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 12-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана […]

Ооган бийлиги талибдердин делегациясын кабыл алгандыгы үчүн Өзбекстанга нааразылык билдирди

Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) «Талибан» кыймылынын делегациясын кабыл алгандыгы үчүн Өзбекстанга нааразылык билдирди. Ооганстан ТИМинин расмий өкүлү Сибгатулла Ахмади ооган өкмөтү тынчтык орнотуу боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты кубаттай турганын […]

Айыл чарба министрлиги аз алкоголдуу, сергитүүчү ичимдиктерге тыюу салууну сунуштоодо

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аз алкоголдуу, сергитүүчү суусундуктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде 2017-жылы Орусияда этил […]

Өзбекстан, Кытай жана Тажикстан жаңы транспорт коридорун ачууну пландоодо

Өзбекстан, Кытай жана Тажикстан «Термез – Душанбе – Кашгар» багыты боюнча жаңы транспорт коридорун ачууну пландоодо. Күн мурун бул багыт боюнча тесттик түрдө алты унаадан турган автокербен жолго чыкты. Ар […]

Саламаттыкты сактоо бизнеске айланганбы?

Билим берүү министрлиги берген мамлекеттик үлгүдөгү аттестаттар менен дипломдордон чыккан каталарды коомчулук айтып жатып чарчап бүттү. Анысы аз келгенсип, миңдеген нуска окуу китептерден чыккан каталар үчүн министрдин кылы кыйшайып койгон […]

Палестина Президенти Махмуд Аббас Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Палестина Мамлекетинин Президенти Махмуд Аббас Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. «Палестина Мамлекетинин, анын элинин […]

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Ыйык Курман Айт майрамыңыз менен Сизди улутумдун жана өзүмдүн атыман чын […]

Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Казакстан элинин атынан жана өз атымдан Сизди жана Кыргызстан элин ыйык […]

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Курман айт майрамына (Ид Аль — Адха Аль — Мубарак) байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду […]

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Кыргыз жана өзбек элдеринин өзгөчө кубаныч менен тоскон, кылымдардан берки келе жаткан […]

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман  айт майрамы менен куттуктады. «Сизди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктайм! Кайрымдуулук, боорукердик жана  өз ара […]

Өлкөдө туруктуулукту камсыздоого багытталган Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды

8-августта Жогорку Кеӊеште кезексиз сессия өттү. Кезексиз сессия бир нече депутаттардын сунушу менен 2019-жылдын 7-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы окуяга байланыштуу, КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын […]

КР Өкмөтү: Нарын облусунда коомдук-саясий абал туруктуу

Учурда Нарын облусунда коомдук-саясий абал туруктуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, 9-август күнү кечке маал Нарын облусунун Нарын районунун Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы Кара-Чий […]

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн өлкөгө келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Кыргызстандын Өкмөт […]

WSJ: Конгресс Трамп менен орусиялыктардын келишимдери тууралуу маалыматтарды алды

Бир нече ири банк АКШ Конгрессине “Трамп, анын үй-бүлөсү жана компаниялары менен иш жүргүзүшү мүмкүн орусиялыктар” тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу The Wall Street Journal өз булактарына таянуу менен билдирди. […]

Мирзиёев сындаган үч акимге дагы бир мүмкүнчүлүк берилди

Жарандардын жана ишкерлердин кыймылсыз мүлкүн түрттүрүүдө олуттуу ката кетирип, президенттин сынына кабылган Кашкадарыя, Фергана жана Хорезм облустарынын башчылары өз кызматтарында иштөөнү улантууда. “Жабыр тарткан тургундардын материалдык жана моралдык чыгымдарын толугу […]

Фото – ЕАЭБ жөнүндө Макулдашуунун 5 жылдыгына арналып чыгарылган маркаларды басуу аземи болуп өттү  

Чолпон-Ата шаарынын «Рух Ордо» маданий борборунда (Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу) Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынынын алкагында интеграциялык биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышуусунда маркаларды басуу салтанаты өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин делегация башчылары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин делегация башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысы […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин […]

Пакистан өкмөтү Индиядагы дипломаттарын чакыртып алды

Пакистан Делидеги элчисин чакыртып алып, өлкөдөн бардык индус дипломаттарын чыгарууда. Бул чечим Индия көбүнчө мусулмандар жашаган Жамму жана Кашмир штаттарын өзгөчө макамдан ажыраткандан кийин кабыл алынды. Күн мурун пакистандык Down […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу […]

Токаев Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды өлкөнүн ички иши деп эсептейт

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин камалышына байланыштуу болуп жаткан окуяларды “өлкөнүн ички иши” деп эсептейт. Бул тууралуу Фейсбук аркылуу казак президентинин басма сөз катчысы Берик Курмангали […]

Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасындагы абалды көзөмөлдөөдө

Өзбекстан Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстан менен чек арасындагы абал көзөмөлдө экенин жана коңшу өлкөдөгү кесиптештери менен ыкчам маалымат алмашуу жүрүп жатканын билдирди. Өзбекстан чек ара мекемесинин өкүлү билдиргендей, чек […]

Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян иш сапары менен Кыргызстанга келди

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек […]

Россия Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев иш сапары менен Кыргызстанга келди

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри […]

“Республика” саясий партиясы: “Кыргызстаныбыздагы ушундай оор абалда Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарына учуп келүүнү чечти”

Урматтуу Кыргызстандыктар, Кыргызстанда бийлик менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын ортосундагы күч колдонуу менен коштолгон катаал тирешүү абалды курчутууда. Тилекке каршы бул тирешүүнүн айынан курмандыктар да болду. Бул окуялар колдон чыгып […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кечээ, 8-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу cүйлөштү

Кечээ, 8-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу cүйлөштү. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар учурдагы актуалдуу маселелерди жана […]

Сооронбай Жээнбеков: “Кыргыз Республикасы — укуктук мамлекет. Мыйзамдын талаптары бардык жарандар тарабынан кынтыксыз аткарылышын камсыздоо — мамлекеттин милдети”

«Кыргыз Республикасы — укуктук мамлекет. Мыйзамдын талаптары бардык адамдар тарабынан кынтыксыз аткарылышын камсыздоо — мамлекеттин милдети», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8- августта, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин кезексиз […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Керт башынын кызыкчылыгы үчүн элдин биримдигине коркунуч келтирүүгө эч кимге жол берилбейт

Керт башынын кызыкчылыгы үчүн элдин биримдигине коркунуч келтирүүгө эч кимге жол берилбейт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү менен болгон кеңешмеде билдирди. Өкмөт башчы баса белгилегендей, […]

Видео – Депутат Мирлан Жээнчороев УКМКнын төрагасы Опумбаевди ыңгайсыз суроолор менен такалады

Бүгүн, 8-августта КР Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйынында “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге ыңгайсыз суроолорду берип, жарга такаганга аракет кылып көрдү. Булак: KyrgyzToday.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков: Атамбаев тарабынан ок атуучу курал колдонулганына карабай, атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок

«Атамбаев тарабынан ок атуучу курал колдонулганына карабай, атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында. Мамлекет башчысы абалды курчутпоого […]