Жума, 22 Ноябрь, 2019 - 6:07
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: САЯСАТ

Кадыржанды кармай албаган кыргыз бийлигинин кадыры барбы?

Бул жакта эски достор ырылдашып “Кадыржанды  мен эмес сен чыгаргансың, ал кабыл алган, бул кабыл алган, ошол иштешкен” деп бирин-бири кокодон алып, кылмыш ишин козгоп жатса, кыргыз менен өзбекти кагыштырган […]

Пан Ги Мун, БУУнун генкатчысы: “Көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери Конституцияны көчүрүп жазып, шайлоо жараянын манипуляциялап, өз жарандарына чыккынчылык кылат”

Көптөгөн саясий лидерлер өз жарандарынын кызыкчылыктарына чыккынчылык кылат. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Ги Мун Башкы Ассамблеянын жыйынында билдирди. Анын сөзү уюмдун сайтында жайгаштырылган. «Көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери Конституцияны көчүрүп жазып, […]

Өмүрбек Бабанов менен Путиндин оң колу Дмитрий Песков эмнеге жолугушту?

Жакында эле, 16-сентябрда КМШнын Бишкекте өткөн саммити учурунда  Россиянын президенти Путиндин оң колу, президенттик администрациянын жетекчисининин орун басары, пресс-катчысы  Дмитрий Песков КР Жогорку Кеңешинин “Республика-Атажурт”  фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен […]

Зарылбек Рысалиев, экс-министр: “Кожобек Рыспаев Ош базарда манты менен пиво саткан пенде да, деңгээли ошол боюнча калыптыр”

— Зарылбек мырза, Роза апчеңиз тууралуу үн катпай атасың, өңгөсү болбосо да сен үн катышың керек эле? — Биздин Роза апчебиз көрөрман, кээ бир адамдардан акылы өйдө, өзүн-өзү кармай биле […]

Жаман көрбөгүлө, Текебаев казынага 665.000. сом пайда келтирди

Ажонун үй салганы да саясатташып, ал үчүн жерди саткан шаар башчысы, президенттин жакын адамы Албек Ибраимовду да катуу уятка калтырды. Атамбаев жөнөкөй жаран катары жер сатып алып, үй курганга толук […]

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Референдум тууралу мыйзамга” добуш берүүдө атамекенчилерден 2 гана депутат Текебаевди колдоп добуш беришти, калганы качып кетишти”

“Кечээ эле Жогорку Кеңеште “Референдум тууралу мыйзамды” талкуулашып, экинчи окуудан өткөрүп жатышканда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам керек экендигин айтып, бирок мыйзамды регламенттерди бузбай кабыл алууга, мыйзамдуулукка чакырып жаналакетке […]

Өмүрбек Абдрахманов: “Максим Бакиевге тиешелүү БНК компаниясын революциядан кийин Текебаев баш болгон “Ата-Мекенчилер” башкарышып, $ 60 млн турган компанияны $ 3 миллионго саттык дешкен, ортодон $ 57 млн пайда табышкан”

— Россиянын биздин мамлекетке болгон үстөмдүгү күчөп жатканы билинүүдө. Стратегиялык маанидеги ишканалардан тартып жеке мекемелерге чейин орустардын компаниялары сатып алып жатканы да көп нерсени билдирсе керек. Жакында эле “БНКны” орустардын компаниясы […]

Эгер Текебаевди “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары колдобой жатса, анда ким колдойт деги?

Өткөн жумада бийлик 4 жылдан бери өтпөй жаткан “Референдум тууралу мыйзамды”  бир жумада өткөрүп салып, конституцияны өзгөртүүгө жол ачууга катуу киришти. Шейшемби күнү КСДПчы Асел Кодуранова жетектей баштаган комитеттен мыйзамдарды […]

Улукбек Ормонов, ЖК депутаты: “Албек Ибраимов калп айтып жатат, эгер жалган-жашыкты дагы айта берсе, маалымат жыйын берүүгө аргасыз болом”

— Улукбек Зулпукарович, азыркы бийлик Уңгар-Тоо маселесине келгенде баарын Бакиевдерге шылтап, жерди өзбектерге өткөрүп берип койгонун айтышууда. Сиз ал убакта парламентте депутат болуп олтургансыз да. Бул маселе каралып, сөз болгон беле? […]

Текебаевдин “Сентябрь” телеканалынан “табылган” ЖТРдин жабдуулары

“Хизбутту” ЖТР аркылуу тааныткан жетекчи Гезитибиздин 27.02.2015-ж. № 6 жана 01.04.2016-ж. №08 сандарында «К.Базаркулов Өмүрбек Текебаевдин көздөй кишиси же ЖТР «Хизб ут-Тахрирди» неге үгүттөдү» жана “Мен “Хизбутту ЖТРден тааныгам”  аттуу макалалар […]

Кубатбек Байболов, экс-ИИМ министри, экс-генпрокурор: “Отуз жыл кармашып жүрүп да акыры өкүмзарлар менен чоң муштумдардын чексиз үстөмдүгү астында калдык”

— Кубат байке, саясат кызуу жүрүп жатса да сиздин үнүңүз угулбай жатат да? Кайда, эмне иш менен алектенип жүрөсүз? — Бул суроону мага көп беришчү болду, акыры түшүндүрүшүм керек го сыягы. Сурооңо, […]

Эдил Байсалов, экс-министр: “Биз азыр Атамбаев менен Текебаевсиз үчүнчү жолду тандашыбыз керек”

— Эдил мырза, бир жыл мурун эле экөөбүз маек курганда “Конституцияны өзгөртүш керек” деп катуу кеттиңиз эле. Бүгүн болсо башка лагерге өтүп кеткениңизди кандай түшүнсө болот? — Ооба, өткөн жылы экөөбүз чоң […]

Дүйшөмбү күнү “Референдумга жол жок” кыймылы маалымат жыйын өткөрөт

Келечек бүгүнтөн башталат! Урматтуу мекендештер жана журналист кесиптештер! 2016-жылдын 26-сентябрь күнү саат 11.00 дө “Ак кеме” мейманканасынын кичи залында курамына коомдук-саясий, улуттук-мекенчил күчтөр, атуулдук коом,журналисттер, жаштар кирген “Референдумга жол жок” […]

Жанар Акаев, КСДПчы депутат: “Бажы биримдигине кирдик эле, үмүттү актаган жок, элге берген убадалардын баары жалган болуп чыкты”

— Жанар, кечээ сен комитетте көтөргөн маселе боюнча сүйлөшөлү. Чет өлкөдөн келген “жүк 200” маселесине келсек, Кыргызстандын канча жараны бир жылда чет өлкөдөн көз жумат экен? Россиядан көп келип жатканы баарыбызга […]

Селсаяк “ичкичтин” элесин жараткан АКШдагы кыргыз элчиси же кыргыз дипломатия кейпи “ичкичтердин” деңгээлинен өйдө көтөрүлө албай калганбы?

Төмөндө президент Алмазбек Атамбаевдин экс-басма сөз катчысы, Кыргызстандын АКШдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогуловдун социалдык түйүндөргө жарыяланган сүрөттөрүн гезит окурмандарына да тартуу эттик. Көргүлө да, бааңарды бергиле […]

“Ооруп” жаткан Атамбаевдин абалын бир дагы түрк чиновниги сурап барбай койду

Турция тарап Атамбаевди “суз” кабыл алып, анын ден-соолугун сурап бир да чиновник басып келбегени таң калдырат. Бирок мунун себеби бар. Бир кезде “Эрдоган абимиз бар, кредиттер бар! Акча бар!” – […]

“Атамбаев жашынып жата береби? Суралсын!”

2009-жылы Алмазбек Атамбаев президенттик күрөштө адилетсиз шайлоонун айынан утулуп, анан Балыкчыдагы тарапташтары нааразычылык акциясына чыкканда, бийлик аларды камап салган. Ошондо парламенттен “Ак жол” фракциясынын лидери Улугбек Ормонов: “Камалган балдар Атамбаев […]

Роза Отунбаева сырткы күчтөрдөн колдоо издөөдө

Президент Атамбаевден катуу кагуу жегенден кийин Роза Отунбаева Европа, АКШдагы байланыштары менен активдүү иштеше баштаптыр. Эң башкысы, моралдык-финансылык колдоо алуу жагына ык койгону айтылууда. Эгер сырткы державалар чындап эле Отунбаеваны […]

Парламент: Коалицияга жик түштү

Жайкы тыныгуудан келген парламенттин иши башталганда эле чыр менен коштолуп, башкаруучу коалиция аз жерден тарап кете жаздады. Жай бою бук болуп, ээликкен депутаттар акыры кызуу талаш-тартыш, бири-бирин жөөлөгөн, айыптаган сөздөрдөн […]

Кожобек кошоматчыбы?

Текебаевдин “Эй Атамбаев, эркек болсоң мародерду тап” деген сөзүнөн кийин Атамбаевди коргоого алган Кожобек Рыспаев “Улуу президентти жекеме-жекеге чык дедиң” деп чыккан эмес беле. Бул кишинин кошоматчы экенин азыр баары […]

Аркадий Дубнов Атамбаев атайын ооруп калды деген пикирде

“Менин баамымда, бул “дипломатиялык” ооруу. Бул ага мүнөздүү көрүнүш, мисалы, Курманбек Бакиевдин тушунда премьер болуп жүргөндө ууланганын шылтоолоп бир нече жолу көрүнбөй кеткен. Азыр да өлкөдө ошондой эле кырдаал түзүлүп […]

Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин пикир келишпестиги парламенттин тарашына алып келбейби?

Акыркы кездери президент Алмазбек Атамбаев менен депутат Өмүрбек Текебаевдин тиреши уланып келүүдө. Эки инсандын талашынын кесепети саясий кризиске алып келип, коалициянын тарашы мүмкүн экени айтылып жатат. КСДП жана “Ата Мекен” […]

Топчубек Тургуналиев, УӨ мүчөсү: “2010-жылы эле Отунбаева менен Каптагаев Убактылуу өкмөткө 22 бөлүм ачып, 13 бөлүм башчыны көлдөн, 8 бөлүм башчыны Таластан коюп алышыптыр, бул трайбализм…”

– Арыбаңыз, Топчуке. – Бар бол. Сен да арыба, айланайын. – “Топчуке саясий майданга кайра чыкты” деген сөз өлкөнү аралады. Себеби? – Элди сестенткен, ойду оргуштаткан көйгөй маселелер өзгөчө курчуганда […]

Парламент моралдык жактан шалга айланды

Парламенттеги саясий кризис тереңдеди. Жогорку Кеңештеги партиялардын көз караштары такыр келишпей, парламент өз функциясын аткарууга жарамсыз абалга кептелди. Аңдышмай, тоорушмай оюну кызып, моралдык жактан шалга айланды. Атмосфера булганып, дем алуу […]

Эски достор жылуу маанайда сүйлөштү

Президент Атамбаевдин туулган күнүн утурлай Бишкектеги КМШнын саммитине келишкен сырткы күчтөрдүн дөө-шааларынын арасынан кызык жагдайга күбө болдук. Дүйнөлүк дипломатиянын патриархы, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргызстандык кесиптеши, экс-тышкы иштер […]

Атамбаев отставкага кетеби?

Референдум өткөндөн кийин президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтүнөн мурда отставкага кетээри тууралу сөз тарап жатат. Акыркы окуялар анын ден-соолугуна катуу таасирин тийгизиптир. Анын үстүнө Текебаевдин ага карата билдирүүлөрү чын болсо, кетип […]

Расмий билдирүү: “Адистердин сунушу жана россиялык тараптын чакыруусу боюнча Алмаз Атамбаев Москвага, Россия президентине караштуу клиникага текшерилүүгө келди”

“Адистердин сунушу жана россиялык тараптын чакыруусу боюнча Алмаз Атамбаев бүгүн, 23-сентябрда мурда анын саламаттыгын изилдеген жана жүрөк оорусун дарылаган врачтарда дарылануусун улантуу үчүн Москва шаарындагы Россия Федерациясынын Президентинин Иш башкармасына караштуу […]

КСДП десе Артыковду, Мискенбаевди, Момбековду, Рысбаевди элестетебиз

Мурда КСДП десе эл Алмазбек Атамбаевди түшүнүшчү. Партияда кашкайган жүзү бар эле. Азыр болсо жагдай такыр башка. КСДП десе Анвар Артыковду, Мээрбек Мискенбаевди, Рыскелди Момбековду, Кожобек Рысбаевди билип калышты. Дагы […]

Аида Салянова, “Ата-Мекенчи” депутат: “Мага президенттен Батукаевди бошотуу боюнча буйрук берилиши мүмкүн эмес болчу”

– Аида Жеңишбековна, кечээ сиздердин “Ата-Мекен” партяңыздардын лидери Өмүрбек Текебаев “Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө президент өзү макулдук берген” деп айтып чыкты. Сиз ал убакта башкы прокурор болуп иштеп жаткансыз. Буйрук […]

Бегалы Наргозуев: “Корбашынын абийирин кантип ачышмак эле?”

-Президент А.Атамбаев Текебаевдин 2,7 гектар мурда Максим Бакиев ээлик кылган жердин азыркы ажого коррупциялык жол менен өтүп кеткени тууралу билдирүүсүн, о.э. учурунда түштүк коогалаңынын башкы уюштуруучусу катары саналган Кадыржан Батыровдун […]

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаевди мөөнөтүнөн мурда алып түшүү менин максатым эмес”

Учурда мектептеги окуучудан тарта 80-90догу карыларга чейин Текебаевдин айткандары кызык болууда. Оозунан чыккан сөзү бүйүр кызытып, эки кишинин башы кошулган жерде эле “чоң саясаттын атасын” кеп кылышууда. Өмүкенин өктөм кебине […]

Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Канат Исаев менен Шаршенбек Абдыкеримовдун группировкасы жок”

– Дастан мырза, өткөн жылы “Кыргызстан” партиясы шайлоо алдында жаңы төрөлгөн ымыркайлардын сүйүнчү акчасын 50 миң сом кылууну  убада бербедиңер беле? Ошол жагын качан ишке ашырчудансыңар? – Бул программа боюнча […]

Орусия БШКсы Мамдумага шайлоонун акыркы жыйынтыктарын чыгарды

Жумага караган түнү БШК Мамлекеттик думага добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктарын жарыялады. Шайлоо 18-сентябрда өткөн. “Бирдиктүү Орусия” добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы менен конституциялык көпчүлүктү түзүп, 343 мандат алды. Коммунисттер партиясы 42 мандатка […]

Өзбекстан Кыргызстан аймагында тик учакта өтүүгө уруксат сурады

Өзбекстандын Чек ара иштери боюнча өкүлдөрү бүгүн Кыргызстанга кайрылып, Сох анклавына тик учакта өтүүгө уруксат сурады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Өзбек тарап кабарлагандай, алардын аскер кызматкери Сох анклавында […]

Карапайым эл 4 сотыхга жетпей атса, Бишкек мэри 29 жер участогун ээлеп алган. Кайда баратабыз?

2015-жылга карата толтурулган декларациясына ылайык, Бишкек мэри Албек Ибраимовдун ар бири 1,5 гектардан 7 гектарга чейинки аянтты ээлеген 29 жер тилкеси бар. Мэрдин бул декларациясы өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаевдин […]

Атамбаев дарыланууcун Москвада улантууда

Президент Алмазбек Атамбаев дарылануусун Москва шаарынын Борбордук клиникалык ооруканасында улантат. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Атамбаев бүгүн, 23-сентябрда мурда анын саламаттыгын изилдеген жана жүрөк оорусун дарылаган адистерге көрүнүү максатында […]

Назарбаева полициянын укугун кеңейтүүнү сунуштады

анада экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери талкууланган жыйында ал полициянын макамын кайра карап чыгуу керек экенин, өзгөчө кырдаалдарда активдүү чара колдоно алуусу үчүн алардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү керектигин билдирди. […]

Путин Нарышкинди Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы кылып дайындады

Орусия президенти Владимир Путин парламенттин мурдагы төрагасы Сергей Нарышкинди Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы кылып дайындады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин мындай сунушту кызматтын учурдагы башчысы Михаил Фрадков […]

Пан Ги Мун, БУУнун Генкатчысы: «Көп мамлекет башчылары бийликти кармап калуу үчүн конституцияны өзгөртүшүп, шайлоолорду будамайлап жатышат”

Азыр Нью-Йоркто өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун 71-Генералдык Ассамблеясында, 20-сентябрда БУУнун Генкатчысы Пан Ги Мун чыгып сүйлөп, дипломаттык этикетти мындай жыйыштырып коюп эле бүгүнкү күндүн курч көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмсүз мамлекет […]

Адил Турдукулов: “Кадыржан Батыров маселеси боюнча Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев отставкага кетүүсүн талап кылабыз!”

Бүгүн, 22-сентябрда “Жаңы муун” кыймылынын лидерлеринин бири Адил Турдукулов билдирүү жасады: “Тышкы Иштер Министрлиги тез түрдө, сепаратист К. Батыровго сөз берген үчүн ОБСЕдеги элчи Эрмек Ибраимовду расмий түрдө чакыртып алыш […]

Кыргызстанда Батыровдун ЕККУ жыйынына катышуусу нааразылык жаратууда

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Социал-демократтар фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева Кадыржан Батыровдун ЕККУ жыйынында айткандарына баа берүүгө эл өкүлдөрүн чакырды. Депутат оор кылмыштар үчүн сыртынан соттолуп, издөөдө жүргөн Батыров аталган уюмдун […]

Адил Турдукулов: “Бийлик конституцияны өзгөртүү менен Кыргызстанды мышык ыйлагыдай абалга алып келген Атамбаевдик кланды сактап калуу аракетин көрүп жатат”

Жаш саясатчы Адил Турдукуловдун “Атамбаев бийликтен кеткенден кийин өлкөдө кандай коркунучтар болушу мүмкүн?” аттуу форумда сүйлөгөн сөзүнүн тексти: “2003-жылы, Акаев доорунда коррупциянын деңгээлин ченеген Transperancy International уюмунун иликтөөсү боюнча биздин […]

HRW: Тажикстанда оппозициячылар куугунтукталууда

“Тажикстанда оппозициячыларга карата өлкөнүн ичинде жана тышында аңчылык жүрүүдө”. Ушундай аталыштагы даректүү тасманын бет ачары шаршембиде Варшавада өттү. Бул жерде ЕККУнун жыйыны жүрүүдө. Фильмдин авторлору – Human Rights Watch менен […]

КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев атамекенчи Өмүрбек Текебаевдин 2010-жылдан кийин тапкан мүлктөрүн текшерүүнү премьер-министрден талап кылды

Кечээ, 21-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда “өкмөттүк саат” болуп өттү.  Ага КР премьер-министри баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатышты. Өкмөттүк саатта эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү,  Бишкек шаарындагы […]

Украинада Крымдагы добуш берүү боюнча кылмыш иши козголду

Аннексияланган Крымдын аймагында Орусиянын парламенттик шайлоосу өткөндүгүнө байланыштуу Украинада өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана кол тийбестиги боюнча кылмыш иши козголду. Буга чейин Украинанын Жогорку Радасы Мамлекеттик думага болгон шайлоону мыйзамсыз деп […]

Видео – КСДПнын эң “этикалуу” депутаты Кожобек Рыспаев Өмүрбек Текебаевге депутаттык этиканы үйрөттү

КР Жогорку Кеңешинин 13-сентябрындагы отурумунда бир кезде Кыргызстанды Япониядагы мейманканада  уят кылып, шылдың болуп келген, депутаттык этиканы “өтө мыкты” билген КСДПчы депутат Кожобек Рыспаев анын ою боюнча элементардык этиканы билбеген […]

Барак Обама БУУнун Башкы Ассамблеясында акыркы кайрылуусун жасады

Барак Обама Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын алдында сөз сүйлөдү. АКШ президенти эл аралык коомчулук өкүлдөрүнө кайрылып, азыркы дүйнө тарыхый чакырыктарды жеңүүгө болуп көрбөгөндөй жөндөмдүү экенин белгиледи. Обама өз сөзүндө авторитаризмге […]

Фото – Түркияда Алмаз Атамбаев эс алып жаткан “Шератон” мейманканасынын бир суткага баасы $ 11.000. доллардан ашык турат

Алмаз Атамбаев эки күндөн бери Түркиянын Измир шаарында ооруп жатканы тууралу маалыматтарды берип жатышкан маалымат агенттиктери Атамбаевди бирде ооруканада дарыланып жатат дешсе, бирде америкалык эл аралык мейманканалар тармагына кирген “Шератон-Чешме” […]

Мирзиёев Ангренге келерде миңдеген адам көзөмөл алдында шаарды тазалады

Ташкент облусунун Ангрен шаарынын бюджеттик мекемелеринин кызматкерлери, мектеп жана колледждердин окуучулары массалык түрдө калааны тазалоого чыгышты. Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин келерине байланыштуу жергиликтүү бийлик аларды мажбурлап иштетти. Миңдеген […]