Жума, 13 Декабрь, 2019 - 3:09
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: СПОРТ

Бүгүн Өзбекстандын футбол курама командасы менен биздин футболчулар Ташкентте беттешет

Бүгүн, 9-ноябрда, Өзбекстан мамлекетинин Ташкент шаарында 2022-жылкы дүйнө чемпионатына даярдануунун алкагында футболдук мелдеш өтөт. Ага биздин футболчулар катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти. Алардын айтымында, бүгүнкү матчты түз алып Кыргызстанга […]

Биздин футболчулар Араб Эмирлигинин командасын жеңип алды, эртең Непал футболчулары менен беттешет

Иллюстрациялык сүрөт. Кечээ, 8-ноябрда Иран мамлекетинин Тегеран шаарында футбол боюнча мелдеш болду. Анда Кыргызстандын өспүрүмдөрү футболчулары (19 жашка чейинки курама тобу) Бириккен Араб Эмирлигинин командасын 2:0 эсебинде жеңип алды. Эртең, […]

Волейбол боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандан 12 кыз учуп кетти. Алар кимдер?

Волейбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Азия чемпионаты бүгүн, 8-ноябрда Дакка (Бангладеш) шаарында башталды. Мелдешке катыша турган он эки волейболчу кыз учуп кетти. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги […]

Кипрда өткөн оор атлетика боюнча турнирде кыргызстандык алтынга ээ болду

Кипрдин Лимассол шаарчасында 1-3-ноябрда өткөн ветерандар арасындагы оор атлетика боюнча Mediterranean International Masters Open Championships 2019 турниринде 81 кг салмакта 55 жаштагы Азизбек Күйкеев биринчи орунду багындыра алды. Ал түз […]

Кыргыз балбандар эки алтын медаль жеңип алышты

Кыргыызстандан барган балбандарыбыз Грузияда өткөн World Jaguar Federation — WJF 6 PRO GRAPPLING турниринде грепплинг боюнча эки алтын медаль утушту. 80 кг салмакта чыккан Бакыт Кадыров азербайжандык Самир Хусейновду утса, […]

Бакудагы дүйнө чемпионатына 28 эркек жана бир кыз жөнөп кетти

8-9-ноябрда Азербайжан мамлекетинин Баку шаарында Бириккен күрөш уюму версиясындагы өтө турган дүйнө чемпионатына Кыргызстандан Грэпплинг боюнча жаштар арасындагы улуттук курама командасы катышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда КРдин Грэпплинг федерациясы журналисттерге […]

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын даярдыгы боюнча атайын жыйын өткөрдү

6-ноябрда Өкмөт үйүндө аткаминер айым Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасы 2022-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылдагы Азия кубогуна кандай даярдык жүрүп жатканы боюнча атайын жыйын өткөрдү. Футбол федерациясынын өкүлдөрү даярдык […]

Америкалык мушкер кыз Кейтлин Чукагян биздин Валентина Шевченкону таймашка чакырды

3-ноябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында Нейт Диаз жана Хорке Масвидаль, Кейтлин Чукагян жана Женифер Мая таймашкан. Армян каны бар кыз калыстардын чечими менен атаандашын утуп алган эле. 5-ноябрда Кейтлин айым эң […]

Футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады: “Дордой” – чемпион!

Акыркы 28-тур: “Дордой” – “Кара-Балта” 7:0; “Нефтчи” – “Аккадемия-Лидер” 6:0; “Алай” – “Илбирс” 4:0; “Алга” – “Абдыш-Ата” 3:0. “Дордой” – чемпион, “Алай” – күмүш медаль, “Алга” – коло медаль. Турнирдик […]

Бишкекте жеткинчектер арасында тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

4-ноябрда К.Өмүралиев атындагы спорт комплексинде тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын VI чемпионаты башталып олтурат. Жеткинчектер, кадеттер жана мини-кадеттер КРнын тогуз коргоол боюнча Федерациясынын алгачкы президенти Абдисалим Чылымовдун атайын сыйлыктары үчүн ойношот. […]

Белгилүү таластык улакчы Нуржан Мелисбек уулу үйлөндү

25 жаштагы Нуржан Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылында турат. Көкбөрү ойноп, эң мыкты оюн көрсөтүп келет. Азыр ал “Ынтымак” командасында. “1-ноябрда үйгө келин алып келип, 45 жаштагы апам ак […]

Кол күрөш боюнча Жибек Каратаева чемпион болду

Учурда армрестлинг (кол күрөш) боюнча дүйнө чемпионаты Румыниянын Констанца шаарында өтүүдө. Ал 26-октябрда башталган, 4-ноябрда жыйынтыкталат. Кыргызстандан 17 спортчу катышууда. Спортчу кызыбыз Жибек Каратаева армрестлинг боюнча дүйнө чемпионатынан бир алтын […]

Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

23 жашка чейинки балбандардын таймашы 28-октябрдан 3-ноябрга чейин Венгриянын борбору Будапештте өтүп жатат. 61 кг салмакта Улукбек Жолдошбеков катары менен беш жеңишке жетишти. Селехаттин Серт (Түркия), Валентин Блясецкий (Украина), Даулет […]

Футбол: Тажикстандын жаштар курамасы Камерунду жеңди

Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Тажикстандын жаш өспүрүмдөр курамасы (U-17) алгачкы беттешинде Камерун командасын 1:0 эсебинде утуп алды. “Е” тобундагы оюн 28-октябрда Бразилиянын Кариасика шаарында өттү. Оюнда жалгыз […]

Эльзада Момунжанова, спортчу: “Аягына чейин чыдаган адам гана жеңишке жетише алат”

Өлкөбүздө спорт тармагында алгылыктуу жеңиштерге жетишип өлкө намысын коргоп келе жаткан жаштарыбыз көп эле. Ал эми алардын арасында кыз-келиндер болсо саналуу. Бүгүн спортто бир канча ийгиликтерге жетишкен, өлкө намысын коргоо […]

Биздин «Тайсон» эми ким менен беттешет?

«Тайсон» каймана ат менен Кыргызстанга таанымал мушкер Канат Келдибековдун кийинки беттешүүсү Казакстанда 29-ноябрда болот. Бул тууралуу мушкердин машыктыруучусу Марат Бекмуратов Instagram баракчасына жазды. Эске сала кетсек, К.Келдибеков  4-октябрда Грозный шаарында […]

Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды, ага жети облустан 66 мушкер келди

Бүгүн, 28-октябрда, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Алардын айтымында, турнир 31-октябрга чейин уланат. Мелдешке […]

Видео – Кыргызстандык Кямран Аббасов One FCнын чемпиондук титулун жеңип алды

Аралашма эр мушташтарда ат салышкан кыргызстандык Кямран Аббасов 25-октябрда Жакартада (Индонезия) өткөн кезектеги таймашта Швециядан чыккан орто дивизиондогу чемпион Себастьян Кадестамды  жеңип алды. Кыргыз мушкери беш раунд бою активдүү болуп, […]

Кыргызстандык бийчилер Украинадан күмүш медалга татышты

Бул тууралуу 28-октябрда спорттук бий федерациясы билдирди. Украинанын борбору Киевде жыл сайын өтүүчү WDSF World Open — 2019 мелдеши болуп өттү. Ага 15 өлкөдөн 49 кош бийчи катышты. “Латина, ачык чеберчилик” […]

Бильярд сүйүүчүлөргө: Ызат Ратбеков 1/16 финалга чыкты

Москвада (Орусия) салтка айланган жыл сайын өтүүчү И.Саввидинин сыйлыгына арналган эл аралык турнир өтүүдө. Оюн башталганда, Кыргызстандан 21 тоголок таш ургандар чыккан, алардын экөөсү – атактуу Дастан Лепшаков менен Азиз […]

Бахтияр Кадыров: “Уюшкан кылмыштуу топтордун айынан бизнесмендер баскетбол федерациясына жашыруун жардам берип келишет”

Биздин баскетболдо болуп көрбөгөндөй окуя болду: Баскетбол федерациясынын президенти Бахтияр Кадыров “Гинес-юниор” (Бишкек) командасына машыктыруучу  болуп олтурат. Негизинен жетекчилер уюштуруу маселесин карап, демөөрчү издеп, мамлекетке кайрылып, машыктыруучуларды көзөмөлдөйт эмеспи. Бирок […]

Бишкекте спорт шаарча пайда болуп, 30 миң киши баткан стадион, муз майдан, бассейн курулат

KTRK Sport каналында КР футбол федерациясынын вице-президенти Аскар Салымбеков мейманда болуп, Бишкектин түштүгүндө спорт шаарчасы куруларын айтты. “Президенттин көрсөтмөсү менен мэрия жана спорт боюнча мамагенттик бардык адистерди чогултуп алып, бул […]

Көк бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионатты Өзбекстан эмки жылга жылдырды

Көк бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионатты Өзбекстан 2020-жылга жылдырды. Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз кызматы бүгүн (22-октябрда) билдирди. Алардын айтымында, көк бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионатты быйыл Өзбекстан мамлекети өткөрмөк. Алар 2019-жылдын […]

“Алтын топ-2019га” талапкер болгондордун толук тизмеси жарыяланды

France Football француз басылмасы 2019-жылдын эң мыкты футболчусу наамына татыктуу 30 оюнчунун толук тизмесин жарыялады. Дүйнөнүн эң мыкты футболчусу Парижде 2-декабрда аталат. Былтыр “Алтын топту” “Реал” менен Хорватиянын жарым коргоочусу […]

Биздин футболчулар эми  Өзбекстандын футболчулары менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын футболчулары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда билдирди. Алардын айтымында, жолдоштук беттеш 9-ноябрда Ташкенттин “Пахтакор” стадионунда […]

Футбол: Ильзат Ахмедов ЦСКА үчүн үчүнчү голун киргизди

Уйгур улутундагы кыргызстандык Ильзат Ахмедов Орусиянын атуулу. Кичинекей кезинен эле Орусияда футболго машыгып, “Рубин” (Казан, Татарстан) командасында ойной баштаган. Бирок аны оюнга чыгарбай, кадр бөлүмүнө “тыгып” коюшкан эле. Бактысына жараша […]

Африкадан келип, “Алайда” ойногон футболчу кыргыз кызга үйлөндү

Ганадан келген легионер Кожо Жоэл “Алай” клубунда 2018-жылдан бери ойнойт. Ошол жылы эле Кыргыз чемпионатында 26 топ киргизип, бомбардир болгон. Өзү 1998-жылы 21-августта туулган. Келгени эки жылга жетпей, минтип кыргыз […]

Байтик баатырдын 200 жылдыгы: “Солтолор” коому сайган баш байге – “Мерседести” солтолор өздөрү утуп алышты

Чүй облусунун Аламүдүн районунда Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган ат чабыш оюндары кечээ, 20-октябрда соңуна чыкты. Ага облустун бардык райондорунан келген командалар катыша алышты. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, аламан байгени Сокулуктун […]

Месси алтынчы ирет “Алтын бутсы” утуп алды

Испаниялык “Барселона” клубунун чабуулчусу  эң көп топ киргизген футбол оюнчусу катары Лионель Андрес Месси  “Алтын бутсы” утуп алды. Ал алтынчы ирет  ушундай наамга татыды. Бул тууралуу чет мамлекеттин ММКлары жазып […]

Футзал: Кыргызстан – Өзбекстан 5:1

Кечээ, 17-октябрда Бишкекте футзал боюнча Кыргызстан курама командасы Өзбекстан менен жолдоштук беттешүү өткөрүп, Өзбекстанды 5:1 эсебинде утуп алды. Бизден эки топтон Арстанбек Турсунов менен Максат Алимов, бир топту Манас Абдрасул […]

Жанни Инфантино Кыргызстанга келем дейт

Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келгиси келгенин жашырбады. Бул тууралуу 17-октябрда КР футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Ал Улан-Батордон (Монголия) Кыргыз футбол федерациясынын жетекчиси […]

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы азырынча 2-орунда. Турнирдик таблица

Кыргызстан Монголияны 2:1 эсебинде утуп, ал эми Тажикстан өз жеринде Жапонияга 0:3 эсебинде утулуп, биздин команданын упайы Тажикстан менен теңелип, экинчи орунга жылды. 5-турда, 14-ноябрда Кыргызстан Жапонияны кабыл алат, ал […]

Кыргызстан спорт менен дүйнөгө таанылат

Кыргызстан спортчулары акыркы кездерде ийгилик жаратып, өлкөбүздү бүткүл дүйнөгө таанытып жатканы кубанычтуу кабар. 10-октябрда кыргыз футболчулары Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкекте Мьянма менен беттешти. Оюн толугу менен […]

Футбол: Монголия – Кыргызстан 1:2

Улан-Батордо жаңы эле футбол боюнча F тайпасындагы Монголия менен Кыргызстан ойноп, жеңишке жетишти. Топторду бизден Гүлжигит Алыкулов 14-мүнөттө, Мирлан Мурзаев 42-мүнөттө киргизе алды. Биринчи таймды 2:0 эсебинде утуп, 2-таймдын башында […]

Видео – Куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу бүгүн футбол боюнча Монголия менен болгон беттешке чыгат

Ыраматылык куудулубуз “Шорпо” Жаныбек Алыкулов уулдарын аябай жакшы көрчү эле. Кенже уулу Гүлжигитти “Ушул балам чоң футболист болобу деп жүрөм” деп калчу эле. Ансыгандай Гүлжигит Алыкулов футбол талаасында өзүн мыкты […]

Биздин футболчулар Монголиянын футболчулары менен бүгүн беттешет

Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголиянын футболчулары менен беттешет. Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, биздин футболчулар 12-октябрда Монголиянын Улан-Батор шаарына учуп […]

Нарында 120 балбан башкы байге – автоунаа үчүн күрөшүп жатат

Нарында эркин күрөш боюнча республикалык турнир өтүүдө. Башкы калыс Рысбек Мамышевдин айтымында өлкөбүдүн бардык региондорунан 18 жаштан жогору 120 балбан келген. Алар 10 салмак категориясында күрөшөт. Турнирдин ачылышына Нарын облусундагы […]

Видео – Ардагерлер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Мелис Турганбаевди күйөрмандары чек арадан тосуп алышты

Бүгүн, 14-октябрда Күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болгон Мелис Турганбаевди жолдон туугандары, жердештери, спорт күйөрмандары тосуп алып, башына суур тебетей кийгизип, үстүнө чепкен жабышты. Эске сала кетсек, Күрөш боюнча […]

Нурмагомедов менен Фергюсон качан беттешет?

Мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (UFC) жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык ТОни Фергюсон менен 2020-жылы Нью-Йорк шаарында жазында беттешип калышы ажеп эмес. Алар UFCнин чемпиондук куру үчүн таймашат, – деп жазат […]

Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча турнирде ЭлТР баш байгени жеңип алды

Белгилүү журналист, коомдук ишмер  Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турниринин жеңүүчүсү аныкталды. Мелдеште ЭлТР телеканалынын журналисттери жеңишке ээ болуп, кубок алышты. ЭлТР финалда “Кабар” агенттиги менен ойноп, […]

Биздин футболчулар Монголияга учуп кетти

Бүгүн, 12-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголиянын Улан-Батор шаарына учуп кетти. Бул туурасында Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, 2022-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты болот, учурда […]

Султан Жумагуловдун элесине арналган футбол боюнча турнир өтүүдө…

Бүгүн, 12-октябрда, Бишкекте белгилүү журналист, коомдук ишмер Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турнири өтүүдө. Мелдеш Футбол федерациясынын оюн талаасында саат 08:30дө башталган. Жогорку Кеңештин аппаратынын, Маданият, маалымат […]

ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду, Тазабек Икрамов коло медаль тагынды

Күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты 8-октябрда Грузиянын Тбилиси шаарында башталган (13-октябрда жыйынтыкталат). Ага ИИМдин мурдагы министри, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев барып, катышып, дүйнө чемпиону болду. Ал […]

Кыргыз футболчусу элдин жардамына муктаж

«Миша, жаша!» деген ураан менен Кыргызстандын футбол федерациясы жалпы элге кайрылды. КРнын футболчуларынын кесиптик кошууну футболчу Михаил Марениновго каражат чогултууну уюштурууда. 1999-жылы туулган, 20 жаштагы Миша ОШ шаарынан, мээсиндеги рак […]

Кыргызстан – Мьянма: кыргыз футболчулары 7-0 эсебинде утту

Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына жети топ киргизди. Биринчи эки голду оюндун онунчу мүнөтүнө чейин эле Эдгард Бернхардт киргизсе, үчүнчү топту атаандаштарынын дарбазасына Алимардон Шүкүров тепти. Ал эми төртүнчү топту […]

Футболду жанындай көргөн Султан Жумагуловду эстеп, топ тебели

12-октябрда ММК өкүлдөрү ортосунда белгилүү журналист, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турнири өтөт. Султан бир гана мыкты журналист эмес, мыкты аналитик, […]

Мушкер Фёдор Емельяненко үч мушташтан кийин спорттон кетерин жар салды

 43 жаштагы атактуу мушкер спорттон кете турган убагы келгенин кейүү менен айтты: “Туура, билинбей эле жашым келип калыптыр. Бардыгын түшүнүп турам, жаштарга орун берели”. Емельяненко коштошуу турун баштайт. Алгач 29-декабрда […]

Видео – Өзбекстандык мушкер Бекзод Нурматов Грозныйдагы мелдештен кийин мерт болду

Өзбекстандык мушкер Бекзод Нурматов 4-октябрда Грозныйда Беслан Исаев менен болгон мелдештен кийин мерт болду. Бекзоддун сөөгү Өзбекстанга 8-октябрда жеткирилет. Маркум чеченстандык Беслан Исаев менен Absolute Championship Akhmat мелдешинде күч сынашып, […]

Тажикстандын футбол боюнча жаштар курамасы Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө өттү

Тажикстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19) Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө өттү. Тандоо оюндарынын чечүүчү беттешинде тажик футболчулары сириялык курдаштарын 1:0 эсебинде утуп алышты. Беттеш 6-октябрь күнү кечинде Душанбедеги Борбордук […]

Видео – Райым Матраимов Кыргызстандын футбол федерациясына колдоо көрсөткөндүгү үчүн алкыш алды

Кечээ, 7-октябрдын кечинде А=айтылуу Райымбек Матраимов Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына арналган кечеге катышты. Ал кечеге Бажы кызматынын мурдагы орун басары Р.Матраимов менен биргеликте, Президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары […]