Ишемби, 24 Август, 2019 - 2:31
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: СПОРТ

Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.  Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши […]

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия Кубогуна катышып жатканы — быйылкы жылдагы эң чоң спорттук окуялардын бири

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчысы эртең өтө турган Кыргызстан-Филиппин беттешүүсүнүн алдында ийгиликтерди каалап,  […]

Фото – Президенттин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев белгилүү футболчу Ильзат Ахметов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда сезон ортосунда эс алууда жүргөн белгилүү футболчу Ильзат Ахметов менен жолугушту. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет. «Биз сиздин атактуу „ЦСКА“ командасындагы […]

Кыргызстандык Ильзат Ахметов УЕФАнын футбол жылдызы боло алчулар тизмесине кирди

Жакында Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) 2019-жылы Европа футболунун жылдызы боло алчу жаш булгаары чеберлери тууралуу респонденттер аркылуу рейтинг тизмесин түзүп, анын ичинен алдыңкы 50 оюнчуну атап чыгышты. Бизди кубантканы, алардын […]

Тамактануу эмес, волейбол шеринеси жайылууда

Шерине десе эле мампайып тамак жеп, шарап ичкен көрүнүш элестейби? Жок, жаңылашасыз. Бишкектеги кырк жаштын кырын ашкан келиндер шерине уюштуруп, ага волейбол ойноп сергек жашоону жайылтып келишүүдө. Уюштуруучулардын бири Гулжан […]

Экс-президент Алмаз Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов кызматынан кетти

Кыргызстандын Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал федерациянын расмий сайтына жазып чыкты. Семетей Султанов бул кызматка 2012-жылы шайланган. Төрт жылдан кийин 2016-жылы ал бул кызматка экинчи […]

Фото – $1 миллионго бааланган Кыргызстандагы эң кымбат аргымак “Барон” мүрт кетти

Кечээ, 29-декабрда “Манас” аэропортунан анча алыс эмес көк бөрү талаасында Кыргызстандагы эң чоң жана эң кымбат делген “Барон” аргымагы аламан улакка катышып, оюндан кийин басып баратып жыгылып мүрт кеткен. Ал […]

Фото – Антарктиданы биринчи жолу жөө басып өткөн Америкалык Колин О’Брэди болду

Америкалык Колин О’Брэди Антарктиданы башкалардын жардамы жок басып өткөн биринчи адам болду. Бул тууралуу yenicag.ru сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 33 жаштагы спортчу лыжа менен 54 күндүн ичинде 1500 километр […]

Тажикстан Эл аралык Олимпиада комитетинен стипендия ала турган спортчуларды аныктады

Тажикстанда «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү үчүн Эл аралык олимпиадалык комитеттен ай сайын стипендия ала турган 15 спортчу аныкталды. Тизмеде жеңил атлет, 2016-жылдагы Олимпиаданын жеңүүчүсү Дилшод Назаров, кайык калакчысы […]

“Реал Мадрид” 4-жолу клубдар арасындагы дүйнө чемпиону болду

23-декабрга караган түнү Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында Клубдар арасындагы дүйнө чемпиондугунун финалдык беттеши болду. “Зайед Спорт Сити” стадионунда өткөн беттеште испаниялык “Реал Мадрид” менен талаа ээлери “Аль-Айн” клубу кез […]

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Иорданияны жеңип алды

Кечээ, 20-декабрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Катардагы Доха шаарында өткөн биринчи окуу-машыктыруучу оюнда жеңишке жетишти. Курама команда Иорданиянын командасы менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңди. Бул тууралуу чет элдик […]

Нарында хоккей боюнча Орусия, Казакстан, Кыргызстандын командалары катышкан чемпионат аяктады

Нарын шаарында хоккей боюнча эл аралык чемпионат бүгүн, 19-декабрда аяктады. Беттешке Казакстандын, Орусиянын жана Кыргызстандын командалары катышышты. Мелдеш 5 күнгө созулуп, жалпы 6 команда ойноду. Биринчи турдун жыйынтыгында Новосибирск шаарынан […]

Видео – Түркмөн президенти чиновниктерди сындап, тренажёрдо өзүнүн шамдагайлыгын жана күчүн көрсөттү

Түркмениянын президенти Гурбангулы Бердымухамедов дем алыш күндөрү Ашхабаддагы Олимпиадалык шаарчага барып, спорттук чиновниктер менен жолугуп, алар менен бирге таңкы гимнастика жасаган. Ал жерде түркмөн өкмөтүнүн мүчөлөрү, Ашхабаддын акими жана спорт […]

Кыргыз волейболунун “bol.kg” аталган жаңы сайты иштей баштады

Кыргызстандагы волейболго арналган “bol.kg” интернет -сайты иштей баштады. Бул жаңы сайттын ишмердиги тууралуу анын демилгечиси, волейболчу Улукбек Омокеев төмөндөгүдөй түшүндүрмө-маалымат берди. Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын дагы сайты бар. Бирок, “bol.kg” аларга караганда жандуурак болот […]

Жоламан Шаршенбеков – 2019-жылдын мыкты спортчусу

КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги грек-рим күрөшү балбаны Жоламан Шаршенбековду “2019-жылдын мыкты спортчусу” атады. Ушул жылы алгачкы жолу чоңдор арасындагы мелдештерге катыша баштаган 19 жаштагы Жоламан […]

Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова турмушка чыкты

2018-жылкы Азия оюндарында Кыргыз Республикасынын намысын коргоп, жеңил атлетика боюнча зор ийгилик жараткан белгилүү спортчу Дарья Маслова турмушка чыкты. Бул тууралуу ал кечээ, 13-декабрда өзүнүн “Инстаграм” баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, […]

Валерий Кичин – “Азиянын 2018-жылдагы мыкты футболчусу” наамына талапкер

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курамасынын жана Россиянын премьер-лигасында ойногон «Енисей» футбол клубунун коргоочусу Валерий Кичин «Азиянын 2018-жылдагы мыкты футболчусу» наамына талапкерлердин катарына кирди. Бул тууралуу кытайлык «Titan Sports» басылмасы кабарлап, […]

Улуттук кураманын Азия кубогуна даярданышына бөлүнгөн 10 млн. сом 10 депутаттын айлыгынан аз

Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын 2019-жылкы Азия Кубогуна даярданышы үчүн республикалык бюджеттен 10 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу кечээ, 12-декабрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коллегиясында […]

Белгилүү улакчы Манасбек Ниязовдун үйлөнүү тою өтүп жатат

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасынын мыкты оюнчусу, белгилүү улакчы Манас Ниязов үйлөндү. Анын үлпөт тою бүгүн, 12-декабрда, Ош шаарындагы тойканалардын биринде өтүп жатат. Колуктусунун аты Назира, экөө көп убакыттан […]

Кыргыз кыздары жаа атуу боюнча чемпион аталды

Кыргызстандык спортчу Казакстандын Шымкент шаарында өткөн жаа атуу боюнча сынакта жеңишке жетти. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациясынан кабарлашты. 11-декабрда Шымкентте Казакстандын эмгек сиңирген тренери Шертай Амирбековдун жаркын элесине […]

Видео – “Россиянын 2019-жылдагы мыкты жаш бутболчусу” Ильзат Ахмедов Кыргызстандын атын чыгаргысы келет

Россия Федерациясынын футбол боюнча курама командасынын жана Москванын ЦСКА футбол клубунун жарым коргоочусу, түбү кыргызстандык Ильзат Ахмедов жакында эле “Россиянын 2018-жылдагы мыкты жаш футболчусу” деп аталган. Ошондой эле, футболдогу өз […]

Видео – Валентина Шевченко, UFC боюнча дүйнө чемпиону: “Йоанна Енджейчик менен мушташканыма кубанычтамын”

Кечээ, 9-декабрда Канадада UFC боюнча дүйнө чемпиону болгон кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мушташтан кийин журналисттер үчүн пресс-конференция берди. Жеңиш тынымсыз эмгектин, машыгуунун жемиши экендигин айткан мушкер айым кээ бирөөлөрчүлөп, көкүрөк […]

Арыкчырай Модрич “Алтын топтун ээси болду”

Футбол не деген керемет оюн. Аны эл аралык спорт аналитиктери бекеринен “Футбол – спорттун падышасы” деп атабаса керек. Баарынан да “Футбол – это безумное искусство” дегендеричи. Чынында эле ошондой!Футбол демекчи, […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону Канадада UFC абсолюттук мушташ чемпионатында жеңишке жетишиши менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда телефон аркылуу Валентина Шевченкону Канаданын Торонто шаарында өткөн абсолюттук мушташ чемпионатында жеңишке жетишиши менен куттуктады.  Бул тууралу КР Президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. […]

Видео – Валентина Шевченко Торонтодо таймаштын аралаш түрлөрү боюнча (UFC) чемпиону болду

Бүгүн, 9-декабрда Канаданын Торонто шаарында Кыргызстандын жараны, бирок азыр Перу өлкөсүндө машыгып, ал өлкөнүн спорттук клубунун атынан таймаштарга чыгып жүргөн Валентина Шевченко таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC 231 мелдешинде польшалык Йоанна […]

Бишкектин депутаттары Оштун депутаттарын футболдон 3:2 эсебинде утуп алышты

Бүгүн, 7-декабрда Бишкекте Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары жана Ош шаардык кеӊешинин депутаттары футбол боюнча беттешип, оюн 3:2 эсебинде Бишкек шаардык кеӊештин депутаттарынын пайдасына бүттү. Биринчи […]

Алмаз Акунов: “Салбурун боюнча спорт жетекчинин түшүнүгү абдан тар болуп жатат”

Жакында эле Казакстан жергесинде салбурун боюнча Азия чемпионаты өтүп, 9 мамлекеттен жүзгө жакын мүнүшкөрлөр «Бүркүт салуу» жана «Далба ойнотуу» боюнча күч сынашып, биздин Аман Исмаилов менен Түгөлбай Абдыкадыров Азия чемпиондугун […]

Бүгүн Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депутаттарынын ортосунда футболдук мелдеш болот

Бүгүн, 7-декабрда, Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейинин алкагында, мини-футбол боюнча жолдоштук матч өткөрүлөт. Бул тууралу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирет. Мелдешке Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун […]

Валентина Шевченко Йоанной Эджейчик менен боло турган беттешке даяр

“UFC” уюмунун аялдар арасындагы жеңил салмактагы чемпиондугуна талапкер, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко дүйнөнүн беш жолку чемпиону, польшалык Йоанной Эджейчик менен боло турган беттеши боюнча комментарий берди. Бул тууралуу “Mmaboxing” сайты […]

Видео – Сооронбай Жээнбеков алгачкы ирет чет элдик медиага интервью берди

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков алгачкы ирет чет элдик маалымат каражаттарына маек берди. Орусиянын Россия 24 телеканалына берген маегинде Сооронбай Жээнбеко Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин кандай өзгөрүүлөргө туш болгондугу […]

Фото – Кыргызстандык эки дзюдочу “Спорттун эл аралык класстагы чебери” болду

Кыргызстандык эки дзюдочу – Артур Те менен Владимир Золоев “Спорттун эл аралык класстагы чебери” наамын алышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Кыргыз Республикасынын Дзюдо боюнча улуттук федерациясынан кабарлашты. Наамды тапшыруу аземи […]

Быйылкы “Алтын топ” сыйлыгы Лука Модричке ыйгарылды

Мадриддик “Реал” футбол клубунун жарым коргоочусу, Хорватия курама командасынын капитаны Лука Модрич  “France Football”  жумалыгынын версиясы боюнча “Алтын топтун” ээси болуп табылды. Лука Модрич өзүнүн карьерасында биринчи жолу “Алтын топко” […]

Жөө күлүк Дарья Маслова Кытайда өткөн марафондо коло медаль тагынды

Спортчу Дарья Маслова Кытайдын Куньминь шаарында өткөн ШКУга кирген мамлекеттер арасындагы марафондо үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Виктор Борисов билдирди. Анын айтымында, жарыш 2-декабрда өтүп, анда Кыргызстандын атынан […]

Бокс 2020-жылкы Олимп оюндарынын программасынан чыгарылышы мүмкүн

30-ноябрда Эл аралык олимпиадалык комитеттин Токиодо өткөн жыйынында 2020-жылкы Олимп оюндарында бокс боюнча мелдештерди «токтото туруу» чечими кабыл алынды. Мындай чечим бир ай мурда АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесиндеги өзбекстандык […]

5 жолу “Алтын топко” ээ болгон Криштиану Роналду быйыл бул сыйлыкты Лука Модрич аларын укканда катуу таарынды

Эртең, 3-декабрда Франциянын борбор шаары Парижде өтө турган “Алтын топ” сыйлык тапшыруу аземине атактуу футболчу Криштиану Роналду көп убакыттан бери биринчи жолу катышпайт. Бул тууралуу Sky Italia сайты жазып чыкты. […]

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өспүрүмдөрдүн жайкы 2018-жылкы Олимпиадалык оюндарында өзгөчөлөнгөн спортчуларды сыйлады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Буэнос-Айрес шаарында (Аргентина Республикасы) өткөн Өспүрүмдөрдүн жайкы 2018-жылкы Олимпиадалык оюндарында ийгиликтерди багынткан атамекендик спортчулар менен жолугушту. Жолугушууга грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин ээси – Элмирбек […]

“UFC” уюму Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедов катышкан мини-турнир өткөрөт

UFCнин президенти Дэйна Уайт жеңил салмактагы мушкерлер Хабиб Нурмагомедов, Тони Фергюсон, Конор Макгрегор жана Дастин Порьенин ортосунда өзүнчө мини-турнир өткөрө турганын билдирди. Бул тууралуу “РИА Новости” кечээ, 1-декабрда жазып чыкты. […]

Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОго каттатуу демилгеленди

Кечээ, 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Рыскелди Шамиевди кабыл алды. Иш-чарага кыргыз күрөшү федерациясынын башкы машыктыруучусу Туратбек Тойчубеков катышты. Алгач Рыскелди Шамиев федерациянын […]

“Реал Мадрид” клубунун мурдагы машыктыруучусу Зинедин Зидан кайрадан “Эң мыкты машыктыруучу” деп табылды

Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы боюнча федерация (IFFHS) 2018-жылдагы футбол боюнча мыкты клубдук машыктыруучулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу “Sports” сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, сурамжылоонун жыйынтыгында “Реал Мадрид” клубунун мурдагы башкы […]

Кыргызстанда туулган спортчу бокс боюнча дүйнө чемпиону бойдон калды

Кыргызстанда туулуп-өскөн россиялык боксчу Дмитрий Бивол Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча чемпиондук титулун сактап калды. Бул тууралуу Р-Спорт жазды. Россиялык спортчу профессионалдык рингде 15 беттешүүгө чыгып, бардыгын тең жеңип […]

Кыргызстандык 9 спортчу 400 оюнчунун ичинен 7 байгелүү орунду ээледи

Кыргызстандык спортчулар Өзбекстанда өткөн тай боксу боюнча ачык чемпионатта жеңишке жетти. Бул тууралуу  Кыргызстан тай бокс федерациясынын  президенти Сыргак Айталиев маалымдады. Чемпионат 21- ноябрдан 25- ноябрга чейин болуп өттү. Анда  Кыргызстан, […]

Чүй менен Таластын легендарлуу көк бөрүчүлөрү беттешет

30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында көкбөрү боюнча Талас менен Чүй облустарынын ынтымак турнири өткөрүлөт. Бул туурасында Көкбөрү федерациясынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Турнирде Чүй менен Таластын төрт районунан […]

Экс-президент Роза Отунбаева жаш шахматчы Айжан Съездбек кызына демөөрчүлүк кылды

Журналист Нургазы Мусаев жаш шахматчылардын үй-бүлөсүнүн кубанычын тең бөлүшүп, Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгү таасирдүү окуяны жазды. “Балдарды сүйгөн Роза эже! Калдаңдап кубанып, Съездбек Таштекеев досум келиптир. Чемпион уул-кыздары: Руслан менен Айжан […]

Алга, Ильгиз, алга!

Ильзат Ахмедов 1997-жылы 31-де­кабрда Бишкек шаарында туул­ган. Ильзаттын футбол дүйнөсүнө кирүүсүнө атасы себепкер болот. Кичине кезинде эле аны борборуб­уздагы кут арткан, дөөлөтү бар «Ал­га» клубуна алып барган. Ошентип, ал алгач […]

Легендарлуу инсан – Каныбек Осмоналиев 65 жашта

Каныбек Осмоналиев кыргыз жана советтик спорттун легендарлуу, эмгек сиңирген чебери. Оор атлетика боюн­ча Европанын 2 жолку, Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону. 1980-жылы Москва­да өткөн олимпиаданын чемпиону. Чын-чынын айтсак азыр мындай улуу […]

Президент Сооронбай Жээнбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалын жеңген Жоламан Шаршенбеков менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда Венгриянын Будапешт шаарында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалын жеңген Жоламан Шаршенбеков жана анын машыктыруучусу Хаким Махмудов менен жолукту. Мамлекет башчысы аларды […]

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “Сооронбай Жээнбеков элди тандады, досчулуктан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койду”

– Сабыр байке, кечээги Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” ТВдан берген маеги тууралуу талкуу кылууну сунуштап жатам. Бир жылдан бери анда-санда КСДПнын пресс-кызматы аркылуу гана оюн билдирип, өзү унчукпай келген экс-президенттин саясый […]

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин: “Бизде психологиялык-эмоционалдык мүнөздөгү проблема бар”

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Япония менен болгон беттештин жыйынтыгы боюнча пикирин билдирди: -Биринчиден, Япония курамасын татыктуу жеңиши менен куттуктайм. Тилекке каршы, биз бүгүн начар оюн […]

Жапония – Кыргызстан 4-0

Футбол боюнча Кыргызстан  курама командасы Жапониянын Тойота шаарындагы “Тойота” стадионунда болуп өткөн жапондук курама команда менен жодоштук беттешинде 0-4 эсебинде утулуп калды. Бул оюнду кыргызстандыктар КТРК Спорт телеканалы аркылуу түз […]

Руслан Ибрагимов кикбоксинг боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык  Рустам  Ибрагимов кикбоксинг боюнча профессионалдар арасында  дүйнө чемпиону болду. Алматыда  IBU Kyodokyokushin бирикмеси тарабынан эл аралык турнир болуп өттү. Ибрагимов К1 бөлүмүндө чемпиондук кур үчүн, 70 килограммга чейинки салмактык […]