100 жылдан кийинки жолугушуу

Өзбек ажосу Юлдаш Ахунбабаев кыргыздын күйөө баласы

Бир топ жыл болуп калды, Кара-Кулжа айлынын Буйга айылына иш сапар менен барып калганбыз. Ошол айылдын Асан Боронбаев баш болгон аттуу-баштуу адамдардан Өзбекстандын алгачкы Президенти Юлдаш Ахунбабаев жаш кезинде Кара-Кулжанын белгилүү Абдимомун бийинин аркасы менен Буйгалык Кыдыр деген адамдын Уринса деген кызына үйлөнгөн. Айтып отурсак, анын тарыхы өтө узак. Андан Кайрыниса аттуу кызы бар. Эженин жакындары катташып турчу экен. Кийинки жылдарда каттоо үзүлүп калды» деген сөздөрүн угуп, таң калган болчумун. «Так маалыматтар болсо, иликтеп көрүш керек экен…» деп калгам. Бирок, чынын айтыш керек, эч мүмкүнчүлүк болбогон.

Жакында Абди Омокеев аттуу жакшы таанышым Кадамжайдын Марказ айылында тиш дарыгери болуп иштеген Мурзакматов Искендер аттуу жээнинин жазган чоң материалын мага көрсөттү.

Окуп көрсөм абдан кызык материал экен. Анын телефону бар эле, чалсам алып калды. Анын жазгандарын айрым жерлерин тактадык. Искендердин айтуусунда Орто Азия чөлкөмүндө жашаган казак, өзбек, кыргыз жана тажик элдери тээ илгерки замандан эле жер, тил, карым катнаш боюнча чек ара билбей эле куда сөөк болуп, жашап келишкен калк. Эми доор алмашып, башка мезгил келип, мурдагы бир бүтүн эл өз алдынча болуп, бөлүнүп-жарыла баштадык. Заман оошкон сайын акыл эсибизге башка түшүнүктөр пайда болду. Өзбек, кыргыз элинин илгертен эле куда сөөк болуп, ынтымакта жашап келгенин далил катары төмөнкү окуяны баяндап берейин.

Башынан өткөргөн адамдар жакшы билет, тарыхый окуяларды бири бирине салыштырып, фактыларды аныктап текшерип тастыктап жазуу абдан оор, жоопкерчиликтүү экен. Анткени, сиз сөз кыла турган окуянын күбөлөрү, көргөн, билгендер, уккандар адамдардын көп учурда ааламдан өтүп кеткен болот. Алардан калган уламыш сөздөр ооздон оозго өтүп, өзгөрүлүп кетиши да мүмкүн. Ошондуктан бул тарыхый мааниге ээ болгон окуяны колдон келгенче бурмалабай тагыраак айтканга аракет кылып жүрөм.

Кадамжай район Пүлгөн айылынын кулуну, улуту кыргыз Өзбекстандын жогорку окуу жайында көп жыл иштеп, Социалистик Эмгектин Баатыры, профессор деген ардактуу наамга жеткен Азиз Токтобаевдин айтымында 1885-жылы Ахунбай аттуу өзбек адам Шаймарданга үй бүлөсү менен сапарлап баратып, Азиз акенин чоң атасы Сарбан карыянын Жийделиктеги үйүнө түнөгөн күнү анын аялынын толгоосу кармап, уул көз жарат. Ошол мезгилде үйдүн аялы да төрөйт. Конок адам баласы жолдо төрөлгөндүгүнө байланыштуу Юлдаш (Жолдош) үй ээси уулуна Токтобай деген ысым коюшкан. Ошол мезгилде бул ымыркай чонойгондо Өзбекистандын жогорку даражалуу жетекчиси болот деп эч кимдин оюна да кирбесе керек эле…

Юлдаш Ахунбабаевдин биографиясында жазылган маалыматтарга көз жүгүртсөк, ал 1901-жылы атасы каза болгондон кийин Маргилан пахта тазалоочу заводунда жумушчу, 1904-жылдан Ош уездинин Өзгөн айылында батрак, 1914-жылда Маргиланда байга жалчы болуп жүргүн. 1919-жылда Маргилан уэздинде кошчулар бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы жана башка областык денгээлдеги жетекчилик органдарда иштеген. 1925-жылы Өзбекистан Коммунистик Партиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү, Борбордук аткаруу комитетинин председатели , СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиум мүчөсү, 1938-жылы СССР Жогорку Совети Президиумунун төрагасынын орун басары, Өзбек ССР Жогорку Советинин Президиумунун, СССР Жогорку Советинин биринчи чакырылышынын депутаты жана Өзбек ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.

Юлдаш Ахунбабаевдин өмүр-баянында анын 1904-жылдан тартып Ош уездинин Өзгөн айылында батрак болуп жүргөн деп жазылып жатпайбы. Ю.Ахунбабаевдин ошол мезгилдеги өмүр жолуна байланыштуу бизге маалым болгон фактыларга токтолсок.

Абдумомун бий Кара-Кулжанын Ылай Талаа айылында туулган. Анын атасы Алымбек Датка кадимки Алайлык Алымбек Датка (Курманжан Датканын күйөөсү) менен дос куда болушкан. Ал киши узун бойлуу болгондуктан «Узун Алымбек» деп аташкан. Эскилердин айтуусунда Абдумомун бий эл арасында кадыр барктуу, сөзү өтүмдүү, боорукер, кичи пейил киши болгон. Анын короосунда ал жагы Кашкардан, бул жагы Маргалан, Кокон, Сыр дарыя жээгинен келгендер мал соода кылышат экен. Бийдин бир тууган иниси Маати миңбашы болуп турган учурда эл ичиндеги тартипти, адеп-ахлакты, коопсуздуктарын катуу кармап турчу экен.

Бий күндөрдөн биринде жигиттери менен Өзгөндөгү бир кербен сарайга кирсе, аяк тарапта бир өзбек жигит маанайы жок отурган болот. Кербен сарайдын ээсинен бий: «Бул жигит ким, ал эмне үчүн маанайы суз отурат» деп сурайт. Ал “ Бул жигиттин аты Юлдаш, Маргаландан бирөөнүн арабасы менен жүк алып келе жатып, дарыяга жүгү түктөлгөн арабасын атын агызып жиберип, өзү араң аман калыптыр”- деп жооп берет. Абдымомун бий бооорукер адам экен, ошол жигитти чакырып “ Жигит сен биз менен жүр Кара-Кулжага, сени уул катары алып кетейин”- дейт.

Жигит макул болот, бий аны өзү менен кошо алып кетет. Ошентип Юлдаш Кара-Кулжада бийдин үйүндө бир топ жыл жүрүп калат. Өзү да да чыйрак, тыкан болгондуктан ар кандай жумуштарды так аткарып жүрөт. Бир топ мезгил өтөт.

Бий эми сен минтип жүрө бербе, сен үй-бүлө күт. Сени үйлөп коеюн деп Буйга айылынан Кыдыр деген кишинин Уринса аттуу кызын алып берет. Юлдаш бутуна туруп, өзүнө келгенден кийин Абдумомун бийден өзүнүн шаарына кетүүгө уруксат сурайт. Бий ага “эгер ал жакта аялынды “кыргыз” деп кордобосоң алып кетүүгө уруксат беремин”- деп шарт коет. Юлдаш “жок андай болбойт”- деп убадасын берип үй булөөсү менен бийдин ак батасын алып, малын айдап, өз ата журту Маргаланга жол тартат. Өз элинен, бир туугандарынан алыста жүргөн энебиз оорукчан болуп калат. Совет бийлиги орногон учурдан тартып, Юлдаш Ахунбабаев улам жогорку мансаптарга көтөрүлүп, жогорку кызматтарда иштеп калат.

Абдумомун бий бай болгондуктан аксакалдар менен чогулуп «эми заман өзгөрдү, байлар Сибирге сүргүн боло баштады, биз эмне кылабыз?» деген суроону ортого таштайт. Анда аксакалдар жана туугандары «Баягы күйөө балабыз Юлдаш Өзбекстанда жогорку жумушта иштейт экен, андыктан анын алдына барып кеңеш сурагыла, жардамын берээр» деп айтышат.

Он эки киши куржундарын белектерге толтуруп, аттуучан Маргаланга барышат. Өз журтунан келген туугандарын көргөн эжебиз “ар жылы бирден келгенде да мен оорукчан болбойт белем”- деп ыйлаган экен. Ю. Ахунбабаев конокторду тосуп алып мейман кылат да өз кеңешин берет. “Сиз өзүңүзгө жете турган мал мүлктү алып калыныз да, калганын жаңы өкмөткө тапшырың, мен сизге керектүү мандат жазып беремин. Сиз Сырдарыянын Хавас деген жерине бала бакыраныз менен көчүп кетесиз. Ошол жер сизге сүргүн болот”- деп кенешин берет.

Бий кайра Каракулжага келип, мал-мүлкүнүн көпчүлүгүн жаңы орногон Кеңеш өкмөтүнө тапшырып, калган дүйнөсүн атка жүктөп ылдыйга түшөт. Колдо калган малын алып, үй-бүлөсү менен Хавастын чөлүнө көчүп кетет. Ал жерге барганда, аны жакшы билген ага ини өзбек тааныштарына жолугуп калат. Алар: «Бий ата, биз тарапка келип калыпсыз» дешип, жакшы коноктоп, тамактан кийин ал-жайды сурашышат. Бий ахыбалын айтат.

Эки бир тууган бийди жактагы тынч, жайытта жакшы деп алып кетишет. Ал жакта жакшы эле жашап жүрүшөт. Андан кийин элдин тынчы кетип, эл коркууга түшөт, басмачы чыгат. Кезегинде миңбашы, андан кийин басымчыларга кошулган иниси Маати жигиттери менен чогуу кармалып, Сибирге сүргүн болуп, ал жерден дүйнөдөн кайткандыгын угуп, Абдумомун бий туугандары менен чөл тараптан Кашкар жергесине өтүп кетишет.

Юлдаш Ахунбабаев менен Уринса эжебиз 1919-жылы бир кыздуу болушат атын Хайринса (Кайрынса) коет. Уринса эжебиз оорукчан болуп, бир кыздан башка балалуу болбой калгандыктан өзү жолдошуна башка аял алууга уруксат берет. Күйөөсү кийин Адалат аттуу өзбек келинге үйлөнүп, андан бир уул, эки кыздуу болот. Уринса эжебиздин кызы Хайринса бойго жеткенде Тажибай аттуу адамга турмушка чыгып, Талипжан, Миталип, Абдулхамид атуу уулдуу жана Клара, Турсунай аттуу кыздуу болот, бир небересине Уринса деп апасын атын коет.

Угушубузга караганда Уринса эжебиздин туугандары, Кара-Кулжанын Буйга, Живпром, Өзгөндүн Куршаб, Шерали айылында жашашат. Уринса эжебиздин кызы Хайринса эженин уул кыздары мурдагы ата-бабалардай өзбек, кыргыз эли жердеш, кандаш экендигин далилдеп, жакындары менен карым-катнашты уланталы деген ниеттери бар экен. Хайринса эженин кызы Турсунайдын Мухамед аттуу уулу жакында Өзгөн районунундагы Шералы айлындагы туугандары менен учурашып кетти. Эки тарап тең мындан ары байланышты бекемдөө үчүн жашаган жерлеринин даректерин, байланыш телефондорун жазып алышыптыр. Алар бул окуяны «100 жылдаң кийинки жолугушуу» деп атаптыр.

Төлөнбай Абдыразаков, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы

Булак: «Кабар инфо»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *