“Кой терисин жамынган” казинолор көбөйдү

Кыргызстанда кумар оюндарына, асыресе казино менен автомат оюндарынатыюу салынганына төрт жылдан ашып калды. Бирок  коомчулук кумар оюндарынан кутулдук деп жатканда кайрадан казинолордун жымсалдагантүрү пайда  болду. Шаардын  борбордук  көчөлөрүндү «Тез утуучу лотерея»деген жазуулар  көзгө урунат. Андай жайларда лотерея кандай ойнотуларынбилүү үчүн  ушундай жерде иштеген кызматкери Нурдин ТОТОНОВ мененмаектештик.  (Каарманыбыздын суранычы менен аты—жөнү өзгөртүлдү Н.К.).

– Бул лотерея жайында иштегениңизге канча убакыт болду?

– Бул жакка келип, иштегениме үч  ай болот.

– Сиздерге келген адамдар канча сомдон жогору ойношот?

– Негизи бир оюнчу миң сомдон кем салбашы керек. Сандар жазылган тоголок шарчалар салынган урнада 37 топ болот. Мына ошол миң сомунан ар бир шарга он сомдон койсо болот. Эгер сен койгон шар чыга турган болсо урнадагы 36 шарды 10 сомго көбөйтөт дагы утушуң 360 сом болот. Аз коюлган акчанын утушу дагы аз болот. Андыктан эң кеминде беш жүз сомдон коюшуп ойношот. Эгер ошол койгон сан чыгып калса 500 сомдун утушу 18 миң сом болот. Мына ошого кызыккан адамдар улам-улам акча коюп ойной беришет.

– Ошондо билетти сатып алышабы?

– Жок. Бардыгы электрондук түрдө болот. Ар биринде бирден планшет болот. Ошол планшеттен сандар чыгат, бирден отуз алтыга чейин, оюнчу өзү каалаган санды тандайт. Бул жерде ар ким өз алдынча ойнойт. Мисалы, сизде 1000 сом бар дейли, аны бир санга койдуңуз, ошол саныңыз утушка чыкса анда сиз 360 миң сом утуп аласыз. Мына ошого кызыккан кардарлар бир койгондо эле миң сомдон жогору коюп ойной беришет. Бир аптанын ичинде ойноп, беш миң сомдон көп акча уткан оюнчуларга аптанын жума күнү болуучу оюнга атайын бекер билет беришет. Жума  күнү 100 миңден 200 миң сомго чейин ойнотулат. Бирок ал акчалар бөлүп он миңден, андан кийин 20 миңден, 50 миңден ойнотулат. Ал күнү кардарларга бекер шарап жана суусундуктар берилет.

– Стриптиз дагы болот деп эшиттик?

– Ооба, айрым лотерея жайларында жуманын ишемби күндөрү кардарларды тартуу максатында атайын стриптиз уюштурушат.

– Канча сомго чейин уткандар болот?

– Жакында эле бир бала 400 миң сом утуп кетти. Бирок ошол эле учурда 100 миң долларга чейин  уттургандар бар. Бирок алар аны бир күндө уттурушпайт. Акчасын уттурган сайын кайра акчамды чыгарып алам деп улам келип ойной беришет дагы, көп суммага утулуп калышат.

– Сиздерге  жашы жете элек өспүрүм балдар дагы келип ойнойт деген сөздөрчыгып жатат?

– Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Бизге жаш балдар келсе сөзсүз паспортун карап анан киргизебиз. Балким башка жактагылар киргизип коёт чыгар, андыктан бардык лотерея жайларын күнөөлөөгө болбойт.

– Мындай лотереялардын ээси чиновник же депутаттар дешет. Сиздердин оюнжайыңыздардын ээси ким?

– Биздики азербайжан улутундагы киши. Ал депутат деле болгон эмес. Башка жайлар тууралуу айта албайм.

Беккул МАМЫРБАЕВ, оюнчу: “Кумар оюнуна берилип, талаада калдым”

Мындай лотерея жайларында дайыма ойноп, психологиялык жактан байланып калган адамдар бар. Алардын арасында  Беккул МАМЫРБАЕВ да бар экен. Ал биздин суроолорубузга жооп берди.

– Канча жылдан бери ойнойсуң?

– Беш жыл болду. Мурда мен букмекерлерге барчумун. Ал жактан өзүң каалаган командаң ойногондо ага акча коёсуң. Коюлган акчаң канчалык көп болсо утушуң дагы көп болот. Бирок көпчүлүк учурда утулуп каласың. Айрымдар букмекер бул спорт, кумар эмес дешет. Чынында бул деле кумар оюну, өзүңдөн-өзүң эле тартыла бересиң. Ошентип отуруп мен 600 миң сомго жакын акча уттурдум, андан тышкары карызга баттым. Карыздан кутулуунун амалын издеп, оюңа биринчи эле жеңил жана бат акчаны кайдан табам деген ой келет дагы, ушундай кумар оюндарга кайра жөнөйсүң. Эми жакындан бери лотереяга келип жатам. Бул жакта дагы кадимкидей эле акча коюп, көп акча утсаң болот экен. Андыктан утуп алсам карыздарыман кутулуп кетем го деп ойлогом, бирок андай болгон жок. Утканыңдан утулган учуруң көп.

– Эгер утула берсең, анда эмне үчүн кайра-кайра ойной бересиң?

– Бир жолу утуп алган адам оңой акчанын даамын татып калат дагы, кайра-кайра бара берет. Утулуп калган учурда, баягы уттурган акчаларыңа ич ачышып, кайра бардыгын утуп алам деп бара берип байланып каласың.

– Бул жаман адаттан арыла алам деп ойлойсуңбу?

– Канча ойносоң дагы өзүңдүн ушуга байланып калганыңды моюнга алгың келбейт. Бирок ойноп утуп алсам акчамды көбөйтүп алам деп акыркы акчаўды дагы жок кыласың. Ошентип жүрүп үй-бүлөмдөн дагы кол жуудум. Карызга белчеңден батып, үйүңө бир тоголок нан көтөрүп келбесең, ушинтип талаада калат экенсиң. Оңолууга, ойнобой коюуга аракет кылып келем, мындан кийин бул жерге экинчи бутум басып келбейт деп өзүмө-өзүм ант берем, бирок кайра эле эрким жетпейт. Дайыма ушул акыркы ойногонум деп эле акыркысын бүтүрө албай келем.

P.S. Мына окурман, кумар оюнуна байланган оюнчулардын карызга баткан жашоосу, тирүүлөй жетим калган балдар, талкаланган тагдыры башкаларга сабак болбой келет. Ушул лотерея менен букмекер деген балакетти мыйзам чегинде жаап салып гана кутулбасак, кутулуунун башка аргасы жоктой.

Булак: “Жаңы агым”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *