Видео – 102 ата мекендик ишкана продукцияларын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагында сата алат

102 ата мекендик ишкана продукцияларын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагына (Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасына) сатуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн Ишканалардын реестрине кирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Бирдиктүү реестрга аккредитациядан өткөн мамлекеттик органдардан Евразия экономикалык бирлилигинин шайкештикти баалоосу боюнча 37 аккредитацияланган сыноо лабораториясы (ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине кирген аккредитацияланган сыноо лабораторияларынын 26сы мамлекеттик менчик түрү, ал эми 11 – жеке менчик) кирди.

 

Бажы биримдигинин/ Евразия экономикалык бирлигинин кабыл алынган техникалык регламентинин 48и сертифиткация боюнча лабораториялар жана органдар Бажы биримдигинин/ ЕАЭБдин 25 техникалык регламенти боюнча аккредитациядан өттү.

 

Мындан тышкары Бишкек жана Ош шаарларындагы 1 ветеринардык жана 1 фитосанитардык лаборатория аккредитациядан өттү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *