Президенттер Жээнбеков менен Путиндин сүйлөшүүсүнөн кийин Орусиянын “кара тизмесине” түшкөн 70 миң кыргыз мигранттарына амнистия берилет

Президенттер Жээнбеков менен Путиндин сүйлөшүүсүнөн кийин Орусиянын “кара тизмесиндеги” Кыргызстандык 70 миң эмгек мигранттарына амнистия берилет. Мындай чечим эки өлкөнүн башчылары ортосундагы сүйлөшүүнүн негизинде кабыл алынган. Бул тууралуу кечээ, 18-октябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирген.

“Кара тизмеден” бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган кыргыз жарандары, ошондой эле мурда Орусиянын аймагында турган учурда 30 сутка өткөнгө чейин аймактан чыгып кете албай калган  Кыргыз Республикасынын жарандары чыгарылат. Мындан ары Орусиянын аймагына кирүүгө тыю салынган  Кыргыз жарандары 2018-жылдын ноябрь айынан тартып, алдын ала өздөрүн  Орусиянын ИИМнин маалыматтар базасынан текшерип алып аталган өлкөгө кире берүүсүнө болот.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп,  мыйзамсыз жашап, иштеп жатышкан Кыргызстандын жарандары 2018-жылдын октябрынан 10-декабрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз жана жазасыз Орусиянын аймагынан чыгууга жана каалаган мезгилде кайрадан кирип, өздөрүнүн миграциялык тарыхын таза бойдон баштоого укуктуу.

Бирок  Орусиядагы соттун чыгарылсын деген чечимине баш ийбей, укук коргоо органдары тарабынын издөөдө жүргөн жарандар жана орус жергесине барууга тыюу салынгандарга жогорудагы жеңилдиктер каралган эмес деп айтылат элчиликтен.

Азыркы учурда Орусиянын миграциялык кызматынын “кара тизмесинде” 70 миңден ашык кыргыз мигранттары каттоодо турат.

Булак:KyrgyzToday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *