Карыпбеков Капаровага катыра жооп берди

Жаш муундун жигердүү өкүлү катары Илим Карыпбеков КТРКда чоң өзгөрүүлөрдү жасады. Көргөн-билгендердин жана иштегендердин эч кимиси калп айттырбайт, мекеменин мурунку абалы менен азыркысын салыштырууга болбойт. Ичи бүт евростандарт менен жасалды. Буга чейин мындай иштин бири да кылынган эмес. Жамаатты дагы бир билек менен жакшы тилекке бириктире алды. Муну өзү да «фейсбук» баракчасына жазып: «КТРКда мурункудай өзүм билемдик, кааласам келем, кааласам жок, бир айда эки жолу келем, каалаган убакытта келем деген заман жок. КТРКда мурункудай «жылдыздар», «залкарлар», «өзгөчөлөр» жок. КТРКда бүгүн баш деректири, жөнөкөй кызматкери баары бирдей шартта, баш көтөрбөй иштеген заман. Албетте айрымдары мындай шартты кабыл алышпады. Эмнеси болсо дагы аманчылыкта, тынчылыкта, ынтымакта жашасак сөзсүз ийгилик болот деген ишенимдемин» деди. Азаматты азамат деп койсок бир жерибиз кемип калбайт.

Булак: «Мантыш»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *