12,5 жылга кесилип, эркиндикке кое берилип, кайра камалаарда жоголгон Насирбек Алмаматовго издөө жарыяланды

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Алардын айтымында, Жогорку соттун чыгарган чечими менен Насирбек Алмаматовду кайра камакка алуу максатта жашаган жерине барган кызматкерлер ордунан таппай калган. Ошондон улам, ага издөө жарыяланып, кармоо иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, УКМК Насирбек Алмаматовду «автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө (ал автотранспортторду каттоодо, автомектептердин окуучулары сынак тапшырганда күнүгө 100 миң сомго чейин пара алып турган деп айыпталган – авт.) коррупциялык схема түзгөн» деп айыптап, атайын видеотасманы  жарыялаган. Ошонун негизинде ал 2018-жылдын 2-ноябрында кармалып, камалган. Анын баш коргоо чарасын Октябрь райондук соту 25-мартта карап, 12,5 жылга кескен. Бирок Бишкек шаардык соту 9-июлунда ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен аны үй камагына чыгарган. Кийин Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз жазган. 30-октябрда Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун жарыялаган өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку Соттун чечими менен Н. Алмаматов кайра камалышы керек болчу. Минтип таппай жаткандары кызык экен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *