№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Ак-Өргө конушунун тургундарына светофор керек

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы Ак-Өргө жаңы конушуна жол чырагын орнотуу боюнча Бишкек шаардык мэриясына кайрылды. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер  Манас Белошаровдун билдирүүсүндө, Ак-Өргө конушунун жашоочулары менен жолугушууда алардын эң негизги талабы Барпы Алыкулов жана Лущихин көчөлөрүнүн кесилишине жол чырагын орнотуу болду.

Жашоочулардын айтымында, жол чырактын жоктугунан бул жерде жол кырсыктары дайыма катталууда, кишилерди, анын ичинде жаш окуучу балдарды сүзүп кеткен, жыйынтыгы өлүмгө жеткирген окуялар катталган. Конуштун тургундары өздөрүнүн күчү менен мектептин алдына “жаткан полицейский” орнотууга аракет кылышкан, бирок мэрия бул жогорку ылдамдыктагы жолго кирээрин айтып, уруксат беришкен эмес.

«Ата-энелер балдарын мектепке жөнөткөндөн коркуп калышты, ал эми айдоочулар чоң ылдамдыкта айдашып, жөө жүргүнчүлөргө жол бошотууну ойлонуп дагы коюшпайт. Андыктан, шаар бийлигин бул көйгөйдү чечип берүүнү суранышат. Биз дагы аталган жерге жол чырагын орнотуп берүүнү шаар бийлигинен талап кылабыз», – деди Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Манас Белошаров.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *