№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Бишкекте сасык тумоонун күчалышы жөн жерден эмес

«Спортту даңазалоо жана дене тарбия менен машыгууну мамлекеттик деңгээлде талкуулоо бир караганда, күлкүлүү көрүнүш катары кабылданышы мүмкүн. Чындыгында, мындай принцип акыркы жылдары бардык өнүккөн мамлекеттердин калкынын ден соолугун сактоодогу анча каражат сарпталбаган, бирок ошол эле маалда эффектиси жогору иш-аракеттер болуп калды», – деп белгиледи Бишкек шаардык кенешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыкка талапкер Таалайбек Сариев. 

            Талапкердин айтымында, калктуу аймактарга спорт аянтчаларын орнотуу, эс алуучу жайларды, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасоого ылайыктуу жерлерди уюштурууга кеткен каражат, жарандарды дарылоого кеткен чыгымдан аз болот эле. Кыргызстандыктарды ден соолугун чыңдоого, спорт менен машыгууга үндөп, аларга шарт түзүп беришибиз зарыл. «Албетте, биз адамдарды дарылоодон баш тартуу керек деп жатканыбыз жок. Бирок эгер спорт менен машыгып, ден соолукту чыңдап, дени сак жашоо образына өткөн адам, кичине сасык тумоо үчүн эле тонналаган дары-дармектерди ичпейт эле», – дейт «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлү. 

            Бишкекте акыркы учурда күч алып жаткан сасык тумоо, бишкектиктердин ден соолугунун алсыздыгынан кабар берди. «Оорунун мынчалык тез арада күчөшү Кыргызстандын башка аймактарында байкалган жок. Ал эми шаарда Мамлекеттик эпидембайкоо борборунун маалыматы боюнча жыл ичинде сасык тумоологондордун саны 50,9% өскөн. 2016-жылы 16 миң 98 окуя катталса, 2015-жылы 10 миң 664 киши сасык тумоо менен катталган», – деп белгилейт Таалайбек Сариев. 

            Андыктан, мамлекет башында туруп, муниципалитет аркылуу спортту жана дене тарбияны активдештирүү, жайылтуу багытында түздөн-түз иш-аракеттерди жасоого убакыт жетти. «БШК курамында, биз өзүбүздүн партияга тиешелүү «Ар бир жашоо аймагына – спорт аянтчасы» аттуу долбоорубузду ишке ашырууга аракет кылабыз. Анда ар бир жаңы конуштун же кичи райондун жашоочусу үйүнөн анча алыс эмес жерден заманбап шаймандар менен жабдылган, ыңгайлуу, таза спорт аянтчасына келип, ден соолугун чыңдай алат. Спорт менен машыккан адамдардын саны өскөндө гана кубаттуу мамлекет курууга алыбыз жетет», – деп жыйынтыктады Таалайбек Сариев.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *