№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Таза шайлоолор – өлкөдөгү тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн кепилдиги

Бүгүн парламенттин башкы трибунасынан  «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев 11-декабрда боло турган шайлоолордо фальсификациялар орун алышы ыктымал деген кооптонуусун билдирип, буга далилдерди келтирди.

«Бир жыл мурун парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, бардыгыбыз шайланып келгенбиз. Шайлоонун жыйынтыгын угузганда бир дагы партия каршылыгын билдирбеген, анткени шайлоо жаңы технологияны колдонуунун аркасында мыйзам бузууларсыз өткөн. Азыр болсо шайлоочулардын официалдуу тизмесин текшерүүдөн соң, бул жергиликтүү кеңештерге шайлоолор дагы таза өткөрүлөт дегенге бизде шектенүү пайда болууда», – деп билдирди  Бакыт Төрөбаев.

Лидердин айтуусунда, өздөрү башка райондо катталганы менен башка райондо тизмеде жүргөн шайлоочулар шектенүүнү жаратууда.

«Ооба, биз бири-бирибиз менен шайлоодо атаандашабыз, бирок, Кыргызстандын бардык саясий күчтөрүнүн  башкы милдети – өлкөдө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо. Учурда  бардык күчүбүздү таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө жумшайлы.    Анткени, таза жана ачык шайлоо процесси – өлкөдөгү саясий стабилдүүлүктүн кепилдиги», – деп белгилейт  «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев.  

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.    

                 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *