Сенектик доорундагы жолбашчы

Провинциядан чыккан пролетарий

Леонид Брежневдин cаясий Олимпке чыгышы таң калыштуу болгон, себеби, ал буга жетүүгө эч качан умтулган эмес. Бешенеге жазган тагдыр өзү айдап баргандай эле болуп, кээде аны өзү каалабаса да алга карай сүйрөп жүрүп олтурган.

Ал 1906-жылдын 19-декабрында Екатеринославск губерниясынын Каменск шаарында жумушчунун — ​атасы Илья Брежнев жана апасы Наталья Мазаловалардын үй-бүлөсүндө туулган.

Ар кандай документтеринде анын улуту ар башкача көрсөтүлгөн. Биринде Брежнев — ​«орус» деп жазылса, башкасында «украинец» деп көрсөтүлгөн. Арийне, бул маселе карьера жасоо үчүн Советтер өлкөсүндө принципиалдуу деле эмес болчу.

Гимназияны бүткөн соң, Леня — ​1921-жылы ата-энесинин баскан жолун улантып, жумушчулукту баштайт. Леонид Курскидеги май заводго жумушчу болуп орношуп, ошол кездеги талапка ылайык комсомолдордун катарына өтөт. Комсомолец Брежнев Курскидеги жер ченөөчү-мелиоративдик техникумга кирет да, андан 3-разряддагы адис болуп чыгат.

Жер ченөөчү жана «медичка»: бүт өмүрлүк роман

Ошол эле Курскиде медициналык техникумда Вика Денисова да окуй турган. 1925-жылы 19 жаштагы Леонид Виканын досун бийге чакырса, ал баш тартып коет. Ошондо бир аз уялган жаш улан Виканын өзүн бийге тартат. 17 жаштагы биринчи курста окуган кыз макул болот. Леня кебетеси абдан келишимдүү болгондугуна карабастан, бийлегенди такыр билбеген. Вика бул кезде эми өзү жарым кылымдан ашуун чогуу жашоо тагдыры туш келген адам менен бийлеп жатканын такыр билген эмес.

Вика менен Леонид 1928-жылы үйлөнүшөт. Аялы үй-чарбасына карап, кызы Галина менен уулу Юраны тарбиялайт. Ал күйөөсүнүн саясий иштерине эч качан кийлигишкен эмес. Мамлекеттик кабыл алууларда ал өтө сейрек катыша турган.

Виктория Брежнева тамакты абдан даамдуу жасап, үй оокаты менен алектенгенди жакшы көрчү. Күйөөсү мамлекеттеги биринчи адам болуп калганда ашпозчулардын штаты Леонид Ильичке үйдөн сырткары кандай тамактарды жасап берүү үчүн Виктория Петровнадан консультация алышчу.

Леонид Ильич жаш чакта сымбаттуу адам болуп, ал кызматынан чоңойгон сайын аялзаты ага ашыкча көңүл бура башташат. Аялы анын чет жактагы романдарын кайрат менен жеңип, баары бир Леонид аны таштап кетпесин билчү.

Амбициясы жок адам

Брежнев өз ишмердигин Курск жеринде баштап, Белоруссияда улантат. 1928-жылы Уралга которулуп, анын карьерасы өрлөй баштайт. 1930-жылы Леонид Урал областтык жер ченөө башкармачылыгынын начальнигинин орун басары болуп калат.

Андан ары өсүш үчүн жогорку билим алыш керек болчу. 1930-жылы Брежнев Москвадагы М. И. Калинин атындагы айыл-чарба машинакуруу институтуна кирет. 1931-жылы ал Днепродзержинскдеги металлургия институтунун кечки факультетине которулат, окуусун металлургиялык заводдо слесарь болуп иштеп улантат. Ошол эле жылы Брежнев партия мүчөлүгүнө өтөт.

1935-жылы диплом алган Леонид Кызыл Армияга чакырылат. Танкалык ротада политрук болуп Чита шаарынын алдында кызмат кылат. Аны тааныган адамдар Брежневди абдан аракетчил, чоң амбициясы жок адам катары сүрөттөшөт. Демейки жашоосунда ал көңүл ачканды жакшы көргөн, шайыр адам болуп, чоң компанияларда чогуу ичкенди жактырчу. Кыскасы, эч нерсеси менен айырмаланбаган майда жетекчилердин бири эле.

Армиядагы кызматы аяктагандан кийин ал Днепродзержинскидеги металлургия техникумунда директор болуп иштейт.

«Пулемётчиктерди согушууга мажбурлаган»

Брежневдин карьералык өсүшү үчүн «большой террор» деп аталган доор зор роль ойногон. Кыска убакыттын ичинде он миңдеген мамлекеттик жана партиялык жетекчилердин жок кылынышы жаңы вакансияларды тез арада толтурууну талап кылган. 1937-жылдын майында Брежнев Днепродзержинск шаардык аткаруу комитетинин төрага орун басары болуп дайындалат. Ошол эле жылы ал партиялык ишке которулуп, дагы эки жылдан соң Украина Компартиясынын Днепропетровск обкомунун секретары болуп калат.

Улуу Ата мекендик согуштун башында ал ишканаларды эвакуациялоо менен алектенип, андан соң согушка барып, политработник болуп калат. Ашкан ийгиликтерге деле жетпейт, себеби, анын колдоочусу деле жок болчу. Ошондуктан, аскер комиссарлары жоюлгандан кийин ал кызматына жараша генерал наамын албай, полковник наамына гана жеткен.

Ал чын эле Новороссийск алдындагы Малая земляга чейин жеткен. Муну кийин анын кошоматчылары согуштагы эң чечүүчү, башкы салгылашуу кылып апыртып жиберишкен.

Новороссийскти бошоткондугу үчүн полковник Брежнев I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланган. Бул сыйлыкка ал чынында эле татыктуу болчу.

1956-жылдын февралында Брежнев ЦК КПСС коргонуу өнөр жайы боюнча секретары болуп дайындалат. «Космостун куратору» болуп, бул үчүн 1961-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры орденин тагынат.

Системанын туткуну

Хрущевдун улам туш-тушка чаргыганы партиялык жогорку эшелонду жадатат. Акыры кутумчулар уюшушуп, бирок алардын ичиндеги амбициялуулары бир тилге келе алышпай, акыры өткөөл доорго делген кишини издей башташат. Андай киши Леонид Брежнев болуп калат.

1964-жылдын 14-октябрында ЦК КПССтин Пленумунда Никита Хрущев кулатылып, ордуна партия лидерлигине жана өлкө жетекчиси болуп Леонид Брежнев келет.

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *