Лира Севен: «Сындырыш үчүн ата-энем аркылуу аракет жасашат»

Жакында эле кыргыз клиптеринин катарына заманбап стилде тартылган, өзгөчө клип кошулуп, анда «Фантазиялоо» (Fantasize) аталышындагы ырды эпатаждуу ырчылардын бири Лира Севен аткарган. Буга чейин анын аткаруусундагы кыргыз тилиндеги автордук «Жашоо керемет», «Эркетаймын», «Кыргыз жигит», «Энекем» аттуу жана ошондой эле англис тилиндеги ырлар көпчүлүктүк эсинде. Ырчы айым акыркы жылдары чет өлкөлөрдө жашап, ыр жана бий өнөрүн улантып жатат.

— Каймана атыңыздын таржымалын айтып берсеңиз?

— Менин жетинчи атам Ысык-Көлдөн чыккан 7 акенин бири Карга аке, мындайча айтканда анын 7 — ​урпагы болом. Жети-Өгүз районунан болгондуктан жана жети деген сан жашоомдо көп кездешкендиктен Севен деп атап койгонбуз. Көпчүлүк мени ушул каймана ат менен таанышат.

— Таиланддан клип тарттырып келиптирсиз, ал жакта иштейсизби?

— Таиландга бир тууган сиңдимдин чыгармачылыгы боюнча барууга туура келди, ал кыл кыякта мыкты ойнойт. Мындан улам сиңдиме продюсерлик кылып, биротоло эс алып келейин дегем. Ага чейин Түркияда 6 жылдык келишим менен иштеп жүргөм. Бирок, пландарыбыз өзгөрүп, Таиландда иштеп калдык. Тактап айтканда дүйнөнүн менмин деген атактуу ди-джейлери менен бир сахнада ырдап, бийлеп, бош убакта унааларды ижарага берип эмгектендик. Барганга жараша өзгөчө стилдеги заманбап клип тарттырып, жакында эле элге сунуштадым. Ырдын обону өзүмө таандык.

— Сиңдиңизге продюсер экенсиз, сиздин өзүңүздүн продюсериңиз барбы?

— Жок, ушул күнгө чейин өз арабамды өзүм тартып келем. Мага колдоо берген эч ким болгон эмес, өзүмдү-өзүм каржылайм. Кээде ата-энеме дагы демөөрчүлүк кылып калам.

— Ата-энеңиз дагы чыгармачыл чөйрөдөнбү?

— Атам Догдурбай Урмамбетов Кыргызстанда белгилүү композитор, виртуоз — ​аккордеончу. Апам дагы убагында «Каркыра» бий ансамблинде эмгектенген. Чыгармачыл үй-бүлөнүн кызы болгонума карабай, ата-энем алгач менин ырчылык кесибиме каршы болуп «Чыгармачылык-бул чытырман токой, андан суурулуп чыгышың керек» деп жүрүштү. Бирок, менин аракетим жана өжөрлүгүм ушул деңгээлге жеткирди.

— Сынга кандай карайсыз?

— Сынга азыр жеңил карайм, бышып калдым десем болот. Кээде азыр деле сындырыш үчүн ата-энем аркылуу аракет кылышат, аларга жамандашат дегендей. Албетте, ар бир ата-эненин жүрөгү баласына кайгырат да. Таптакыр эле мени тааныбаган адамдардын арасынан жамандап, ойлобой туруп сүйлөп койгондор болот, ата-энем жумшак мүнөз, ак көңүл кишилер, ичтеринин бушайман боло беришет.

Бирок, мага көп болсо кийген кийимиме, имиджиме гана тийишпесе, өзүмдү-өзүм алып жүргөнүмө, баскан-турганыма эч нерсе дей алышпайт.

Ошондуктан ата-энем мага ишенет. Эки жүздүү болбогонума сүйүнөм, баарын бетке айтам. Кыска шорта кийсем кийдим дейм, аны жашырып жаппайм. Узун, жабык кийим кийип жүрүп деле жаман иштерди жасагандар да бар. Андайларды мен жаман көрөм. Ачык, шайыр, ошол эле маалда таза жүрөм.

Кээде социалдык түйүндөрдөн комментарийлерди окуп калам. Акыркы убактарда окубаш керек экен деп калдым. Анткени ал жакта ар кандай адам отурат, ар кандай пикирлерди жазышы мүмкүн. Мен андайларды төшөктө жатып алып сындагандар деп коём. Бирок, интернет колдонуучулардын көбү мени колдоп, макташат.

— Күзгү алдында канча убакыт коротосуз?

— Ар кандай, кээде 5 мүнөт да жетиштүү. Кез-кезде жасанбай деле көчөгө чыгып кетем.

— Шөкүлөнү заманбап стилде жасалгалап, дефиле өткөрүп жүрөсүз, кол өнөрчүлүк кимден өткөн?

— Менин чоң атам колунан көөрү төгүлгөн уста киши болгон. Ал ат жабдыктарын кынаптап жасагандыгы үчүн, Советтик этнограф, түрколог Саул Абрамзон өзү келип, аны сүрөткө тартып, китепке киргизген экен.

— Туугандарыныз турмушка чык деп жатышса керек?

— Кыргыздардын менталитетинде кыз бала эрте турмушка чыгышы керек деген түшүнүк бар. Бирок турмуш курууга шашылбай жаш кезде окуп, билим алып, жер кыдырып саякат кылыш керек деген пикирди колдойм. Учурда бойдокмун, азырынча сүйгөн адамымды жолуктура элекмин. Кезигип калсам дароо макул болмокмун.

Мага ата-энесин сыйлаган, тарбиялуу, оор-басырыктуу, сөзүнө турган, спорттук дене түзүлүштөгү жигиттер жагат. Чет жерде жүргөндө деле жигит жандаган жокмун, оюмдун баары жалаң иш болду. Натыйжада маңдай теримдин акыбети кайтып, чет жерден жумушума байланыштуу ыраазычылык каттарын алдым.

Маектешкен: Гүлкаир Мамасалы кызы

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *