Фото – Министрдин орун басары Ороктогу жаңжалдан жапа чеккен өспүрүмдөр жаткан ооруканага барды

Бүгүн, 7-июнда КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова менен министрликтин Сокулук райондук башкармалыгынын начальниги Галина Спивакова 5-июнь күнү Сокулук районунун Орок айылындагы жаңжалдан жапа чеккен жаш өспүрүмдөр жаткан ооруканага барышты. Бул тууралу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Чиновниктер  ооруканада балдардын ата-энелери жана чоң энелери менен да жолугушуп, Ороктогу жаңжал, өспүрүмдөрдүн ал-акыбалы жана аларга адвокат керек экендиги тууралу сурап билишти.

Врачтар өспүрүмдөрдүн ден соолугу жана аларды колдоо үчүн бардык шарттар бар экендигин айтып беришти.

Министрлик жана Сокулук райондук башкармалыгы жапа чеккендерди коргоо үчүн адвокат бериле тургандыгын, ар тараптуу укук жана консультативдик жардам көрсөтүлөрүн убадалашты.

Ошондой эле Орок айылынын жаштарынын арасында жаңжалдардын алдын-алуу боюнча иш чаралар өткөрүлөрүн билдиришти.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *