Аркадий Дубнов, саясат таануучу: “Экс-президенттин күнөөсүн ырастоочу далилдер аз келтирилди”

Белгилүү саясат таануучу Аркадий Дубнов Алмазбек Атамбаевдин «колго түшпөйм, атышам» деген сөзүн чечмеледи.

– Атамбаев колго түшпөй атышууга бара турганын айтты. Сиз кандай дейсиз?

– Мен «иш атышууга жетпейт го» деп үмүт кылам. Бул сөз адекваттык абалда айтылганы күмөн. Мурдагы президент кол тийбестигинен ажыратылганынан улам аффект абалында болчу, ошондуктан, нервденип, кызуу кандуу кыргыз атчанынын образына кирип кетти өңдөнөт. Кандай болгондо да Атамбаев мекендештерине жаман үлгү көрсөтүп жатат. Ал парламенттин чечимин мыйзамсыз катары эсептеген күндө да, анын иш-аракети Кыргызстандын жарандарынын укуктук аң-сезимине терс таасир этет. Факт жүзүндө ал өзүнүн актыгын сот аркылуу эмес, тирешүү булагын түзүү жолу менен далилдөөнү чечти.

– Кандай деп ойлойсуз, бул тирешүү эмне менен бүтүшү мүмкүн?

– «Мурдагы президентти күч колдонуу жолу менен колго түшүрүшпөйт» деп ишенгим келет. Атамбаев Кыргызстандын аймагынан кетпесин билдирди, демек, иликтөөнү аны камакка албай эле жүргүзө берсе болот. Албетте, ал «эч жакка кетпейм» деп тил кат жазып бербейт, үй камагын, ж.б. чараларды да жаман кабыл алат. Бирок, азыркы шартта юридикалык процедураларды кыйгап өтүп, көңүл борборун практикалык жагына бурса болот го. Антпесе, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдогон түштүктүктөрдүн жана кылмышка шектүүнүн тарапташтарынын «дүрт» эте жаздап араң эле турган маанайын эске алганда, Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу реалдуу карама-каршылыкка алып келиши мүмкүн.

– Эмне үчүн Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратышты?

– Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуунун жагдайы бул чечимди президент эмес, мурдагы президенттин «чимкириктер» деген сөзүнө териккен депутаттар кабыл алганын айгинелеп турат. Албетте, Жээнбеков эгер кааласа бул вакханалияны токтотуп коё алмак, себеби, экс-президенттин қүнөөсүн ырастоочу далилдер аз келтирилди. Депутаттар өтө эле шашып кетишти, мамлекеттик курулуш үчүн маанилүү маселелер мындай форматта каралбашы керек эле.

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *