14-августта мамлекеттик тилден тест берген талапкерлердин экөө сертификатка ээ болуп, бири өтпөй, дагы бири катышкан жок

Бүгүн 14-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн планына ылайык талапкерлер Кожогулов Талгатбек Ашыркулович, Кенжекулов Полотбек Пирмаматович жана  Мансуров Акылбек Зулпукарович сынактан өтүштү. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Ал эми, бүгүн биринчи болуп сынак тапшыра турган талапкер Айтикеев Акбаралы Ысырайылович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлигин коюудан баш тарткандыгы белгилүү болду.

Сынак тапшыргандардын ичинен талапкер Т.Кожогулов сынактын жыйынтыгында 72,18 балл алып, А.Мансуров 77,34  баллга ээ болуу менен сынактан ийгиликтүү өттү деп табылды. Бүгүн тест тапшырган дагы бир талапкер П.Кенжекулов 58,87 балл топтоп, талап кылынган көрсөткүчкө (60%) жетпей калды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *