Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » 14-ноябрь күнү “Мисс Кыргызстан 2018” официалдуу сулуулук сынагы өтөт
КООМ

14-ноябрь күнү “Мисс Кыргызстан 2018” официалдуу сулуулук сынагы өтөт

Бишкектеги “Ак Сарай” ресторанында 14-ноябрь күнү 18:00дө “Мисс Кыргызстан 2018” официалдуу сулуулук сынагы өтөт.

Бул иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл-аралык «Miss World» сынагынын уюштуруучулары жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда өтүп жатат.

Сынактын катышуучулары акысыз катышууда, алардын чыгымын демөөрчүлөр жана өнөктөштөр төлөп жатышат. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу Карина Джаныбекова билдирди.

Иш-чаранын башталышында катышуучулар кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана сыйлуу коноктор менен биргеликте кызыл килемден өтүшөт.

«Мисс Кыргызстан-2017» сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова бул сынакта татыктуу жеңген кызга таажысын өткөрүп берет. Биринчи орунду алган кыз “Дүйнө сулуусу” сынагына катышууга жолдомо алат, калган бардык катышуучуларга баалуу белектер берилет.

Сынак ачык-айкын өтөт, бааны көз-карандысыз калыстар тобу коет. Уюштуруу тобу КРнын Маданият маалымат жана туризм министринин буйругунун негизинде түзүлгөн.

Султанбаева Айнура Жолдошбековна – КРнын Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары

Абакиров Эльдар Курманбекович – Экономика министринин орун басары Куламбаева Асель Мундузбаевна – Бишкектин вице-мэри

Ноорузбаева Бактыгуль Шабдановна –КРнын Маданият маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы депортаменттин жеьекчиси

Асанбаева Айнура –КРнын Маданият маалымат жана туризм министрлигинин пресс-секретары

Бегимай Карыбекова «Мисс Кыргызстан 2017» сынагынын жеңүүчүсү Джаныбекова Карина «Азия Молл» СБнын өкүлү «Dm Exclusive» компаниясы

16-июлга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаңы 521 учур катталды, жалпы саны 12498 кишиге жетти

Ноокатта тартип күчөтүлүп, кайрадан блокпосттор коюлду

Жайы салкын, кышы катаал Суусамырдын тартип сакчылары: Тынымсыз аракет ийгиликке жеткирет