14 жаштагы бала көзүнө караандар көрүнүп каза болду

Ош шаарьшдагы Гүлбаар-Төлөйкөн айылынын 14 жаштагы тургуну асынып каза болду. Маалым болгондой, шаардык милицияга 15-январь күнү саат 19:25тер чамасында 2005-жылы туулган бала өз үйүнүн сарайында чөп боолаган жипке асынып алгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.

«Тергөө амалдарынын алгачкы маалыматтарына караганда, 2005-жылы туулган маркум Ош шаарынын мектептеринин биринде окуган. Буга чейин көзүнө кандайдыр бир караандар көрүнүп жаткандыгын ата-энесине айткан. Бирок, ата-энеси ага маани берген эмес» деп маалымдашкан милициядан.

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *