СССР дүйнөлүк картадан кантип жок болгон?

1991-жылдын 19-августу, бул күн дүйнөлүк тарыхта өзгөчө окуянын чордону болуп жазылып калган. Мындан 18-жыл мурун саратан жайдын так ушул күнү гербиндеги орок менен балка жер планетасынын бардык учуна жетип турган СССР деген мамлекеттин ойрон болуусуна чечүүчү кадам ташталган күн. Ошол күнү азыр да эл оозунда «АКШнын марионеткасы, «СССРдин жок болуусуна чоң аракет жасаган” деп айтылып калган (кийинчерээк ал «эмгеги» үчүн Нобель сыйлыгын алды делген) ал кездеги Советтер Союзунун президенти М.С. Горбачевдун «Кайра куруу» программасы олчойгон өлкөнү «кайра кырууга» жеткирген чеги болгон күн. (Андан мурда эле «башында калы бар адам бийликке келгенде СССР акыры кыйрайт” деген көзү ачыктардын сөздөрү коомчулук ичинде айтылып келген.)

Ошол күнү, 19-августта Борбордук Комитетте Горбачевдин «Кайра куруу» программасы монолиттей мамлекетти акыры жок кылууга алып баратканына толук көздөрү жеткен Кремлдеги эң жогорку эшалондогу мамлекеттик жетекчилер жашыруун план түзүп, М.С. Горбачевду бийликтен кетирүү аракетин жүргүзөт. Ал топ ГКЧП деп аталат. (расмий айтылышы «Государственный комитет по черезвычайному положению СССР”). Ошондо алар М.С Горбачевду Форостогу эс алуу резиденциясынан кармашып, коомчулукка анын катуу ооруп калып, мамлекетти андан ары жетектөөгө ден-соолугу жол мүмкүн болбой калды деген кабар менен башташкан. Ар кандай башаламандыктардын болуп кетпөөсү үчүн (андагы архивдик документтерге үңүлсөк) Москванын көчөлөрүнө 279 жөө аскер техникасы, 148 бронетранспортер, 362 танк чыгарылган. Маалымат каражаттарынын дээрлик бардыгы токтотулган. Телевидениелерде ал күнү керели кечке Чайковскийдин «Ак куулар көлү» балетиндеги бийчи кыздардын бийлеп жаткандары гана көрсөтүлүп турган. Ошентип мамлекеттик башкарууну ГКЧП өз колуна алган. Муну кийинчерээк экран аркылуу аталган мамлекеттик операцияны уюштургандардын бири, СССРдин вице-президенти Геннадий Янаев: “Өлкө жок болуу коркунучуна кептелип, жылмышып кыйрап баратканда аны токтотуп калуу максаты менен ушундай чечкиндүү кадамдарды кабыл алууга аргасыз болдук. Башка амал-айла калган жок” деп түшүндүрүүгө аракет кылган. Алар мындай кадамдарын Советтер Союзун сактап калуу үчүн болгон иш чара катары түшүндүрүшкөн. Уюштургандар: Янаев Геннадий Иванович (СССРдин вице-президенти), Павлов Валентин Сергеевич (СССРдин премьер-министри), Бакланов Олег Дмитриевич (СССРдин коргоо кеңешинин биринчи орун басары), Крючков Владимир Александрович (СССР КГБсынын төрагасы), Язов Дмитрий Тимофеевич (СССРдин Коргоо министри), Пуго Борис Карлович (СССРдин Ички Иштер Министри), Стародубцев Василий Александрович (СССРдин Дыйкандар Союзунун төрагасы), Тизяков Александр Иванович (СССРдин мамлекеттик-ишкана-бирикмелеринин, курулуш, транспорт жана байланыш Ассоциасынын төрагасы) жана башка дагы Кремлдеги чоң калибрдеги адамдар болгон. Бирок, мындай аракет үч гана күн өмүр сүрдү. Күтүүсүздөн ГКЧПнын аракети таптакыр башка нукка бурулду. Ошол учурда РСФСРдын президенти Б.Н.Елцин көчөгө калың элди алып чыгып, көпчүлүк да ал тарапка ооп, көп өтпөй армия дагы Елцин тарапка өтүп кетти. Бул көрүнүш бүт дүйнө жүзүнө укуругу жеткен СССРдин толук кыйроосуна ачык шарт түзүлгөн, Советтер Союзунун күтүлгөндөн да тездик менен кыйроосуна кадам таштады. Көп өтпөй ГКЧПнын башкы уюштуруучулары камакка алынып, дагы далайлары абакка киргизилди. Ал эми аны уюштургандардын бири, СССРдин ИИМ жетекчиси генерал-полковник Б.Пуго өз үйүндө өзүн өзү атып салды (аялы дагы). Ал учурда айрымдар айткандай улуу империянын, жер бетиндеги социализм деген системанын жок болуп баратканына сүйүнүшкөндөр тараптан, шампандар атылып, бокалдар кагылып жатты…

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *