150 тонна көмүр ташып келүү үчүн “Кыргызкөмүр” 2,7 млн доллар сарптайт экен

Азыркы тапта “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Кара-Кечеден Балыкчыдагы бөлүштүрүүчү базага 150 тонна ташый турган подрядчик издеп жаткан кези. Тендер мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

1 тонна көмүрдү 1 километрге ташуу баасы – 5 сом 74 тыйын. Жалпы аралык 225 километрди түзүп, 193,7 млн сом талап кылынат.

Тендерге катышам деген компаниянын капчыгында 5 млн сом жана 50 даана жүк ташуучу техникасы болууга тийиш.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *