Өкмөт үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун киргизгени калды

Өкмөт “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизип жатат. Өкмөт башчы М.Абылгазиев токтомго кол коюп, ЖК бул өзгөрүүлөрдү шашылыш түрдө кезексиз каралышын суранууда.

Токтомдо өлкөбүздө үй-бүлөлүк зомбулук күч алып, катталган фактылар оголе көп болуп баратканы – ал кылмыш үчүн жазаны күчөтүү зарылчылыгы келип чыкканы айтылат. 2012-жылдан 2018-жылдын аралыгында зомбулук 2415 кылмыштан 7114кө чейин көбөйгөн. “Үй-бүлөлүк зомбулук гендердик көйгөйгө айланды, соттордо каралган иштердин 98%ы күйөөсүнүн аялына жасаган зомбулугу болуп чыгууда: күйөөлөр кылган кылмыштар – 1542, балдары – 375, аталар – 47 киши”, – деп айтылат документте.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *