Видео – Айсулуу Мамашова, ЖК депутаты: «Эркектердин көпчүлүгү алиментти аялына төлөп жаткандай көрүшөт, баласына төлөп жатканын түшүнүшпөйт»

Бүгүн, 28-октябрда ЖК депутаты Айсулуу Мамашова, юрист Айдина Мё жана активист айымдар: Акмөөр Жанболотова, Аида Сабырбекова, Инна Аксёнова алимент боюнча (үй-бүлө кодексине) мыйзамга түзөтүү киргизүү сунушталып жатканы тууралуу журналисттерге жыйын өткөрүштү.

Айымдардын айтымында, алимент боюнча мыйзам эскирип калганын, ал 1990-жылдары кабыл алынганын, жаңы түзөтүүгө мыйзам муктаж болуп турганын,  Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы мыйзам иштеп чыгышканын, ага ЖК депутаты Айсулуу Мамашова жардам бергенин айтып, ага ыраазычылык билдиришти.

Үй-бүлө кодексине түзөтүү киргизүү боюнча демилгечилердин бири – депутат Айсулуу Мамашова мындай маселе көтөрүлгөнү менен аны айрым депутаттар колдобой жатканын жана аны колдоорунан күмөн санап жатканын баса белгилеп, ал эртең (29-октябрда) Жогорку Кеңештин Конституциялык комитетинде каралаарын айтты. Ошондой эле депутат алименттин көлөмүн көбөйтүүчү норма киргизилип жатканын кошумчалады. Мурда 100-200 сом төлөп жатса, азыр  1800 сомго көтөрүп жаткандарын айтты. «Былтыр 7 жашка чейинки балдар үчүн минимум 3 миң 616 сом, 7 жаштан 14 жашка чейин 4 миң 227 сом, 14 жаштан өйдө 4 миң 600 сомду түзгөн. Ата-эне айына баланын жашоо минимумунун 50 пайызын төлөп бериши керек. 2 бала үчүн 75 пайызы, 3 бала үчүн 100 пайызы төлөнүшү зарыл. Бул учурда алименттин минималдуу суммасы 1 миң 800 сомду түзөт. Эркектердин көбү алиментти аялына төлөп жаткандай көрөт экен. Андай эмес, ал баласына төлөп жатканын тұшұнүшү керек. Мурдагы аялы деп айтылат, мурдагы баласы деп айтылбайт да. Бала деген өмүр бою атанын баласы болуп кала берет. Мурда түрмөдө отурса да алимент төлөнчү. Эгер алиментти акчалай төлөй албай калса, мал менен төлөсө да бар болчу.  Ушундай бир механизмдерге түзөтүү киргизилип жатат. Аны депутаттар толугу менен колдойбу же жокпу көрө жатарбыз. Мыйзамга каршы чыккандарды мен балдардын укугуна каршы чыккандар деп эсептейм»,-дейт А.Мамашова.

 Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *