Рита Карасартова баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды

Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мурда бул кызматта олтурган Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кеткен. Ал 2009-жылдан бери иштеп келе жаткан.

3-декабрда билим жана илим министри Каныбек Исаков жаңы директордун аталган агенттиктин эмгек жамааты менен тааныштырды. Министр Чолпонкуловго өтөгөн эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирип, жаңы жетекчиге башталган реформаларды улантууну каалады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *