2017-жылы бериле турган садака-фитирдин өлчөмү аныкталды

“Садака-фитирди берүү (белгиленген өлчөмдө) ар бир колунда бар адамга важиб. Анткени Пайгамбарыбыз алейхис салам “Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” — деп бекиткенин азирети Умар айткан” – деп айтылат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматында.

Ага ылайык, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалагы, Кыргызстан мусулмандары үчүн садака-фитирди берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун төмөнкү тартибин бекитет:

                                        Буудай                  Мейиз                Ун               Арпа            Курма

Орточо баа                                  18,75 сом            230 сом            22 сом         15 сом           120 сом

Өлчөм                                           1,600                 1,600                1,600            3,200             3,200

Жалпы

(Садака-фитирдин баасы)         30 сом               368 сом             35 сом            48 сом           380 сом

 

Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Садака-фитр жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет.

Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *