2018-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы

ЧҮЙ ЖАНА ТАЛАС ОБЛУСТАРЫНЫН ДЫЙКАНЧЫЛЫКАЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5° төмөн болуп, Чүй өрөөнүндө 2…4°, Талас өрөөнүндө 1…3°, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде 0…2° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2° суук…3° жылуулуктан 3…8° суукка чейин, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, Талас өрөөнүндө жана тоо этектеринде 11° суук, күндүз 2…7° жылуулуктан 9…14° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын аягында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 1…6°, күндүз 15…20° жылуу болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, кээ бир райондордо нормадан аз болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 43-61 мм, тоо этектеринде 30-52 мм, Талас өрөнүндө 35-37мм).*

ОШ, ЖАЛАЛ-АБАД ЖАНА БАТКЕН ОБЛУСТАРЫНЫНДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° төмөн болуп, 3…5°, тоо этектеринде 1…3° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1° суук …4° жылуулуктан 3…8° суукка чейин, күндүз 3…8° жылуулуктан 11…16° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын аягында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22° жылуу болушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2° суук …3° жылуулуктан 4…9° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын аягында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 1…6°, күндүз 13…18° жылуу болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (34-55 мм, тоо этектериндеги райондордо 50-122 мм).

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° төмөн болуп, 1…3° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш тарабында 4…6° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт. Айдын аягында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 0…5°, күндүз 10…15° чейин жылуу болушу күтүлөт.

Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7° сууктан 8…13° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (5-16 мм, чыгышында 28-35мм).

НАРЫН ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

            Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…3° төмөн болуп, 2…4°, Кочкор районунда 0…2° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8° сууктан 10…15° суукка чейин, Ат-Башы районунда түнкүсүн 15…20° суук, күндүз 0…5° сууктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кочкор районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6° сууктан 7…12° суукка чейин, күндүз 3…8° сууктан 10…15° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

            Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (9-23мм).

ЖАЙЫТТАР ЗОНАСЫ

АЛАЙ ӨРӨӨНҮ

            Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° төмөн болуп, 8…10° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 11…16° сууктан 18…23° суукка чейин, күндүз 0…5° сууктан 6…11° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (32-34 мм).

СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮ

            Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 2…4° төмөн болуп, 12…14° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18° сууктан 20…25° суукка чейин, күндүз 0…5° сууктан 7…12° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (23-25 мм).

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *