2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн эл аралык резерви 268,6 млн АКШ долларына көбөйгөн

2019-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын эл аралык резервдеринин көлөмү 2424,1 млн АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын башына салыштырмалуу 268,6 млн АКШ долларына же 12,5% көбөйгөн. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы бүгүн, 3-февраль күнү билдирди.

Эл аралык резервдердин курамына алтындагы активдер, карыз алуу атайын укуктары жана чет элдик валюталар портфели кирет. Эл аралык резервдердин валюталык портфели төмөнкүлөрдү ичине камтыйт: АКШ долларын, еврону, швейцария франктарын, англис фунттарын, австралия жана канада долларларын, япон йенин, россия рублин, кытай юанын, сингапур долларын, ошондой эле норвегиялык крон.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *