2019-жылы Кыргызстандын экономикасы 4%га өсүшү күтүлүүдө

 

2019-жылы Кыргызстандын экономикасы 4%га өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жыл 2018-жылга караганда ийгиликтүү болот. Эл аралык каржы инстутуттары өлкөгө жогору баа берип башташты. Алар Кыргызстанда макроэкономикалык абал  туруктуу деп эсептешет.

“Бүткүл дүйнөлүк банк 4%дан кем эмес өсүүнү болжолдоп жатат. Мен ойлойм бул көрсөткүчтөргө жетишебиз.  Бул жылы мамлекеттик каражаттарды үнөмдөп, региондорду колдойбуз” – дейт Абылгазиев.

Булак:KyrgyzToday

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *