Кыргызстанда 2019-жылы эле мамлекеттик кызматкерлердин командировкаларына 12,1 млн АКШ доллары кеткен

Үстүбүздөгү жылдын үч кварталынын жыйынтыгы боюнча бүджет тармагындагы кызматкерлердин кызматтык каттамдарына 12,1 млн доллар (849 млн сом) корогон. Мындай маалыматты 2-ноябрда Борбордук казначейлик келтирди.

Ошентип, тогуз айдын ичинде бүджеттегилердин бир күнүнө – 228 млн сом, мейманканасына – 309 млн сом, жол киресине – 312 млн сом сарпталган. Мындан тышкары, телефондук байланышына кеткен жалпы чыгым – 611 млн сомду түзгөн. Телеканалдар аркылуу мамлекеттик сектордун ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн 277 млн сом төлөнгөн.

Бул сарпталган 1,7 млрд сомго 175 км автожол же 3 миң орунга 25 мектеп салса болот.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *