2020-жылы рак илдетин дарылаган брахитерапия аппараты сатылып алынат

Ишкерликтин өнүгүшү, экономикага салым кошуусу жакшы. Бирок, алардын өнүмдөрдү өөрчүтөбүз, – деп азыктарга колдонуп жаткан ашыкча химикаттары, экологиянын улам алсызданып бара жатышы сыяктуу бир топ факторлор онкологиялык илдетке кабылгандардын көрсөткүчүн улам жогорулатып жаткандыгын танып кете албайбыз. Бул абдан кооптуу, – дейт ЖК депутаты Айсулуу Мамашова бүгүн, 14-февралда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Эң өкүнүчтүүсү, рак оорусуна кабылгандар 3 – 4 – стадияда гана аныкталууда. Буга тиешелүү алдын ала дарт наамын тактап берүүчү жабдуулардын жоктугу себеп. Абалдан чыгуу үчүн бюджеттен каражат табуу аракеттери жасалды. Жыйынтыгында “Центеррра Голд Инк” компаниясынан түшкөн 7 млн. долларга жаңы жабдуулар алынганы турат. Ал Бишкек шаарына орнотула турган медициналык аппарат болуп саналмакчы, – дейт депутат.

Кыргызстан эл аралык МАГАТЭ уюмуна мүчө. Бирок,  ага болгон салымдык каражаттар убагында эсептешилип турбагандыктан, онкологиялык жардам көрсөтүүгө зарыл болгон аппаратураларды алууда кыйла тоскоолдуктар жаралды , – деген эл өкүлү, –  2018 – жылга чейинки карыздар менен эсептешүүчү каржы булактары аныкталгандыгын билдирди. Эми ошондон кийин 2020 – жылы брахитерапия аппараты сатылып алынаары күтүлүп жатат. Ал жатын моюнчасындагы рактын өөрчүп кетүүсүнүн алдын алууга чоң жардамчы болот, – дейт А.Мамашова.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *