2022-жылы футбол Дүйнө чемпионатына 32 команда гана катышат

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпионатына катыша турган командалардын санын көбөйтүү чечиминен баш тартты. Cебеби Катар өлкөсүнө кошуна мамлекеттердин бирөө дагы бул дүйнө чемпионатынын мелдештерин өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок болуп чыкты. Ошондой эле Катар өлкөсү дагы 48 команданы кабыл алып, таймаштарды өткөрүүгө чамасы жетпейт экен. Себеби ушунча команда беттеше турган стадиондору да жоктугу, аларга шарт түзүп бере албастыгы да эске алынды. Эң башкы оюндар өтө турган 8 стадиондон тышкары дагы 20 миң футбол күйөрманы сыя турган 4 стадион салууга үлгүрбөй калышат эле. Ошондуктан Эл аралык футбол федерациясы командалардын санын 32ден 48ке чейин көбөйтүү маселесинен баш тартты.

Эл аралык футбол федерациясы 2022-жылга чейин аз убакыт калганын, даярдык көрүүгө көп убакыт кетээрин да эске алды. Ошентип Катардагы Дүйнө биринчилигине 32 команда катышат.

2017-жылдын башында ФИФА 2026-жылдан тарта дүйнө чемпиондугунун катышуучуларынын санын 32 ден 48ге чейин көбөйтүү чечимин кабыл алган. Футбол күйөрмандарынын эсине салсак, Катар өлкөсүндөгү Дүйнө чемпионаты 2022-жылдын 21-ноябрынан 18-декабрына чейин өткөрүлөт.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *