217 миң сомго салынган даараткана

Ушул тапта социалдык желелерде 217 миң сомго бүткөрүлгөн кадимки эле ажааткана тууралуу кызуу талкуулар жүрүп жатат. Маалыматка караганда Ысык-Көл областынын Түп районундагы өсүмдүктөр лабораториясын капиталдык ремонттон өткөрүшкөнү белгилүү болуп, лабораториянын жетекчиси Нурлан Токтобековдун айтымында оңдоп-түзөө иштери 2 жыл мурун аяктап, оңдоп-түзөө иштерине 4 млн. 606 миң сом кеткен. Бирок, ага карабастан учурда имараттын ичи көгөрүп кеткен. “Тендерди 2016-жылдын октябрь айында өткөрүшкөн. Аны “Аян-Курулуш” деген курулуш компаниясы жеңип алган. Оңдоп-түзөө иштери 2017-жылдын май айында аяктаган. Курулуш иштери сапатсыз жасалгандыктан, кээ бир бөлмөлөр көгөрүп кеткен, кышкысын жылуулук системасы бат-баттан токтоп калат. Ал эми даараткана көчөдө тургузулган, аны салууга 217 миң 455 сом кеткен. Андай дааратканалар 5-4 миң сом турат. Биз бул ишти кабыл алууда кол койгон эмеспиз, учурда тиешелүу органдар тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. Азырынча курулуш компаниясы менен байланыш болбой жатат” – деп билдирет Токтобеков.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *