24-декабрда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт

Эртең, 24-декабрда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” ишканасынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында туман каптайт. Жолдор тайгак болот.

Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы -5..-10 градус болсо, күндүзү -3..+2 болот. Таласта абанын температурасы түнкүсүн -6..-11 болуп, күндүзү -3..+2 градуска чейин түшөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0..-5 градуска чейин түшүп, күндүзү +2..+7 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдө болсо, түнкүсүн -5..-10 ал эми күндүзү -3..+2 болот. Нарында түнкүсүн -18..-23 градуска чейин күн суук болуп, күндүзү бул көрсөткүч -8..-13 градусту көрсөтөт.

Бишкекте аба ырайы туруктуу болот. Жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6..-8, күндүзү -1..+1 градус болот.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *