Социалдык шаарчада жашап жаткан 100 үй-бүлөгө азык-түлүк, дезинфекциялоочу каражаттар таркатылды

Кемин районунун Чым-Коргон айылында 2019-жылы салынган социалдык шаарчада жашап жаткан 100 үй-бүлөгө “Социалдык адилеттүүлүк” бир айлыгынын алкагында, учурда өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.
“Ас-Сафа” коомдук бирикмеси тарабынан ар бир үй-бүлөгө азык-түлүк топтомдору, (1 мүшөк ун, 5 кг кесме, 5 литр май, 5 кг макарон, 5 кг күрүч, 5 кг кумшекер) жана тазалоочу, жуугуч, дезинфекциялоочу каражаттарды таратылды. Социалдык шаарчада түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашоочулар эч кандай майрамдарды өткөрбөөгө жана эл топтолгон жерге барууну токтотуп туруу сунушталды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *