25-июлда салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык «Оймо» фестивалы старт алат

“Оймо” эл аралык фестивалы маданий мурастарды сактап калуу, салттуу билимдердин муундан муунга өтүүсүн жандандыруу, Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын бермети – Ысык-Көлдү экологиялык таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу максатын көздөйт. 

Фестивалгп  кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, КР этникалык диаспоралардын өкүлдөрү, студенттер, жаштар, балдар, Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларынын тургундары жана меймандары катышат.

Программада фестивалдын катышуучуларынын жана меймандарынын парады,  «Белдемчи» флэш-мобу, салттуу кол өнөрчүлүк технологиялар боюняа балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар, кыргыз жана чет өлкөлүк дизайнерлерден «этно» стилиндеги фэшн-шоу, креативдүү жаштардын презентациялары, музыкалык топтордун жана манасчылардын концерти, анимациялык фильмдердин жана тарых жана маданият темасындагы клиптер көрсөтүлөт.

Улуу Жибек Жолунун салттарын улай фестивалдык аянтчанын борборунда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Афганистан, Өзбекстан, Грузия, Россия, Индия өлкөлөрүнөн келген  кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулат.

Фестивалдын алкагында «Ысымдар», «Кийиз формалар», «Куурчактар көргөзмөсү» сыяктуу көргөзмөлөр ачылат. Музейлик иш эскперттеринин, этнографтардын, дизайнерлердин, кол өнөрчүлөрдүн, арт-менеджерлердин катышуусу менен «Салттарга жаңы көз караш» тегерек столу өтөт.

Быйыл «Оймо» фестивалы Кыргызстанда 14-жолу өткөрүлүп жатат жана мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде материалдык эмес маданий мурасты сактоонун жана Кыргызстандагы маданий туризмдин өнүгүүсүнүн үлгүсү болуп саналат.

 «Оймо» фестивалы 2016-жылы Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнүн мамлекеттик беш жылдык планына жана 2018-жылы – КР ТИМ иш-чараларынын планына киргизилген.«Оймо» фестивалы Кыргызстандын жана Борбордук Азия аймагынын туристтик агенттеринин календарлык пландарына кирген.

Иш- чара КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР ММТМ караштуу Туризм департаментинин колдоосу менен, кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча Борбордук Азия Ассоциациясынын «CACSARC-kg» Кыргызстандагы Ресурстук борбору тарабынан уюштурулуп келет.

Аталган  фестиваль салт катары2006-жылдан бери жыл сайын июль айынын акыркы жумасында Бишкек шаарынан башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланып келет.

Толук программа төмөнкү шилтемеде.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *