30%ды түзгөн көмүскө экономиканы жоюунун кандай жолдору бар?

Кыргыз өкмөтү өлкөдө көмүскө экономика отуз пайыздан ашканын айтып кабатыр. Андан улам орто эсеп менен бюджетке жыйырма миллиард сом каражат түшпөй калып жатыптыр. 20 млрд. эмес 40 млрд.га чейин жетет деген божомолдор дагы бар.

Өкмөт санариптештирүүнү көмүскө экономикадан чыгуунун бирден-бир жолу катары кароодо. Кыргыз бийлиги өлкөгө кирип жана чыгып жаткан товарларды электрондук каттоого алуу менен маселени чечүүгө боло тургандыгын айтып жатат. Көмүскө экономиканы жок кылуу үчүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруу жумуштарын тездетүү аракетин дагы көрүүдө. Экономисттердин айтымында, Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекет үчүн көмүскө экономиканын көлөмү отуз пайыздан жогору болуп жатканы жакшы эмес. Учурда өлкөгө ири инвесторлордун келбей жатышынын бирден-бир себеби дагы ушул болууда. Көмүскө экономиканын жогорулап жатышы жергиликтүү ишкерлерге терс таасири бар. Кыскасы, негативдүү таасирлери абдан чоң.

Кубанычбек Идинов, экономист:

– Көмүскө экономиканы өкмөт 30%дан ашат деп жүрөт. А биз, серепчилер 40% деп белгилеп жүрөбүз. Биздин экономиканын жарымын көмүскө экономика түзөт. Эгерде көмүскө экономиканы жаап койсок арты белгисиз. Жаңыча ыкмаларды кароо керек. Биздин азыркы жарыбаган айлык менен эл жашай албай көчөгө чыгышат. Муну жаба турган бир жакшы жагы бар. Паттенттик системаны жакшы башташкан. Жыл сайын бир жолу төлөп коёсуң болду, кайра-кайра текшерип тажатышпайт.

Экинчиси, биз социалдык салыкты кыскартканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок аны кыскартсак элге, өзгөчө кары-картаңдарга пенсиясын бере албай калабыз. Жөлөк пул, сүйүнчү дегендерди төлөй албай, ошолордон куру калабыз. Эң негизгиси ишкерлер менен сүйлөшүп, алардын ишине кедерги тийгизүүдөн качышыбыз керек. Алар ачыкка чыккандай кылып салыкты азайтышыбыз абзел. «Колго түшкөндөн көрө, салыкты төлөп кутуласың» деген жолду көрсөтүшүбүз керек. Эң жакшысы, алар ар кандай тигүү цехтерин ачып, кыздарды иштетип оокат кылып жатышпайбы. Мисалы, официалдуу түрдө беш миң сом айлыгың деп белгилеп, киреше салыктар аз көрсөтүлүп төлөнөт. Анын үстүнө он миң сом кошуп берет. Жалпы он беш миң сом төлөйт. Кыргызстандагы элдин орточо алган айлыгы ошол он беш миң сом. Эл ошол көмүскө экономиканын артында эптеп оокат кылып жатат. Бүт түп тамыры менен жок кылууга күрөшсөк, элди ачарчылыкка отургузуп алабыз.

Ал эми байлар, көпөстөр тууралуу кеп башка. Булар чардап жашап, элдин канын митедей сорушат. Президент, өкмөттөн баштап, укук коргоо органдары баары бул жагына келгенде катуу туруулары керек. Жөнөкөй элге болсо бир көздү жумуп, бир көздү ачып жашашыбыз керек.

Кубан Чороев, экономика серепчиси:

– Бизде, Кыргызстанда аябай эле либералдуу салык режими бар. Бирок, салытарды башкарып чогултуу системасы азыр өкмөт айтып жаткан санариптештирүү жолунда элди көмүскө экономикадан чыгаруу жолдорун карашыбыз керек. Салык төлөө системасы жеңил болуп, декларацияларды берүү процесстери да жеңилдесе, анда көптөгөн операциялар көмүскөдөн чыкмак. Дагы бир ыкма, дүйнөдө мындай процесстер жүрүп жатат. Дүйнө жүзүндө көптөгөн ар кандай салыктын жолдорун жоюп, сатылган нерселерге эле салык алынат. Мисалы, сен товар сатсаң, ал товардан кичине эле болсо дагы (2-3% болсо дагы) салык төлөйсүң, ал эми башка салыктардын баарын жоюп салган. Мындай процесс өнүккөн өлкөлөрдө көп жүрүүдө. Бул операцияларда салык алуу абдан жеңил. Санариптептирүү киргизилгенде ушул жолдорду жакшы карашыбыз керек. Ушул жолдор менен экономиканы көмүскөдөн чыгарса болот. Мисалы, экономика бир эле салыктан качуудан келип чыккан маселе эмес. Азыркы күндө эң баалуу ресурс бул – убакыт. Ошон үчүн элдин убактысын албай турган администрация жолун колдонуу керек.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *