37 миң 200 доллар уурдап кетти делген кылмышкерлердин бири кармалды

2016-жылдын 24-декабрында милицияга Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Себеби, 24-декабрь күнү бет капчан белгисиз үч жаран жашы жете элек балдар бар үйгө кирип келип, жабырлануучуларды байлап, 36 850 миң доллар суммасындагы акчасы менен алтындан жасалган буюмдарын уурдап кетишкен. Келтирилген жалпы чыгым 37 миң 200 долларды түзгөн. Бул туурасында Бишкек ШИИБнын Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш чарасын жүргүзүшүп, кылмышка шектүү делген 31 жаштагы Ош облусунун жашоочусу С.А. аттууну кармашты.

Бул кылмыш ишине катыштыгы бар башка эки жаранга кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Жогорудагы фактыга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 168-беренесине (тоноочулук) ылайык кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *