5-кабаттан кулап түшкөн баланын акыбалы оор

Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, көп кабаттуу үйлөрдүн 5-кабатынан кулап түшкөн 16 жаштагы баланын абалы оор. Ал № 3 балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

Эскерте кетсек, кечээ, 8-августта Бишкектеги Коёнкөзов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн 5-кабатынан бир бала кулап түшкөнү айтылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *