5-январга чейин катталган жана кайра каттоодон өткөн саясый партиялар гана шайлоого катыша алат

Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешке болгон шайлоого 6 ай калганча Юстиция министрлигинен каттоодон жана кайра каттоодон өткөн партиялар гана шайлоо катыша ала тургандыгын Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов айтып чыкты.

“Эгерде шайлоо 2020-жылдын башында өтсө… шайлоо күнү президент тарабынан шайлоого чейин 100 күндөн эрте эмес жана 90 күндөн кем эмес калганда белгиленет. Башкача айтканда, парламенттик шайлоого Юстиция министрлигинен 5-январга чейин катталган жана кайра каттоодон өткөн саясый партиялар гана катыша алышат”, – деди ал.

Анын айтымында, катталган же кайра каттоодон өткөн партиялардын саны боюнча азырынча маалымат жок, маалыматтар Юстиция министрлигинде гана бар.

“Шайлоо күнү белгиленгенде гана Юстиция министрлиги маалыматтарды дароо бизге жөнөтөт”, – дейт БШКнын өкүлү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *