7 млн сом пара алуу фактысы боюнча кармалган Курманбек Дыйканбаев Төрөбай Зулпукаровго каршы көрсөтмө берди

Президенттин ЖКдагы мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев депутат Төрөбай Зулпукаровго каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу VB.KG басылмасы улуттук коопсуздук органдарындагы булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматтарга ылайык, Курманбек Дыйканбаев тергөө менен кызматташып баштады.

Белгилей кетсек, 24-ноябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев камакка алынган.  Андан кийин Биринчи май райондук соту Курманбек Дыйканбаевге карата УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 2021-жылдын 24-январына чейин камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандап алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын октябрь айында болгон шайлоо кампаниясы учурунда Курманбек Дыйканбаев саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин ага 7 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражатын которууга мажбурлаганы аныкталды. Баш тарткан учурда ээлеген кызматынан бошотом деп коркуткан.

Такталбаган маалыматтарга караганда, сөз “Дастан” мамлекеттик ишканасы жөнүндө болуп жатат, анын башчысы Талантбек Иманов “Биримдик” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде 9-орунда турган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *