“70ке чыктымбы, наам бер!”

Кыргыздын акындарында, жазуучуларында, драматургдары менен адабиятчыларында, артисттери менен ырчыларында, обончулары менен композиторлорунда, балетмейстери менен режиссёрлорунда… момундай бир «мыйзамдуу» бутуму жашап турат: 60, 70, 80… жашкы чыктыбы, сөзсүз турдө бир чоң сыйлык же наам алыш керек?! Ошончо жашка чыкканын тим эле милдет кылат! Ошол адамдын чыгармалары наам алууга татыктуубу деген суроо жоопсуз калат. Аны кой, түз эле, түптүз эле «мага баатырдыкты бериш керек» дегендер четтен чыгат! Кыргыз калкы сыйлыкты, наамды аябай жакшы көргөн, ошону катуу самаган эл болот тура! Ал жакшы. Бирок, ошол наам менен сыйлыкты баарына тегиз бере берсе, алардын баа-баркы болбос!

…Адам акылына сыйбачу бир кызык, кызык болбой ай талаада калсын, өлгөндөн кийин борборубуздун «элиталык» мүрзөсүнө жатам деп наам тилеп тургандар канча, ошол наамга жетип алып «буюрса, Ала-Арчага жатмай болдум» деп кубангандары канча?! Ооба, түбөлүк ошол жерде жатат? Анан эмне болду?! Ал жерде жатса, чирибей калабы, же түз эле бейиш дегенине чыгабы?! Же ал жердеги көрүстөндөр бардык шарты мененби, жылуубу, жарыкпы, дубалдары бийикпи?! Жок, кокуй, ал жерге коюлган сөөк деле жөн мүрзөгө жаткан менен бирдей эле чирийт!

Аталган мүрзө небак эле толуп бүткөн, азыр мурун сөөк коюлган жерлерге эле кайрадан жай казылып жатат. Бир акылдуу жетекчи чыкпай койду, сөөктөрдү үстү-үстүнө коюуга тыюу салган! Азырынча биринин үстүнө экинчиси коюлган «коммунизм» көрүстөнү тынбай иштеп турат…

Ошентип, чыгармачылыгында, чыгармаларында көрүп катып коёрго эч нерсеси жок, маселен, эл деген ошол акындын бир ырын билбейт, бир сабын билбейт, анан ошол белгисиз акын наам сурап турбайбы, «элдик» болот элем деп! Атасынын башы! Бирок, минткенибиз менен алып да жатат ошол «элдик» дегенден…

«Элдик» деген наамды алыш үчүн, чоң-чоң кармаштар жүрөт, биринин бетин экинчиси карабай калган учурлар бар, ошол наамды алыш үчүн чоңдорго жагынмай, өтүнүч каттарды жазмай, бирин экинчиси ушактамай, курулай мактамай… эмне кылыктардын баары бар. Жөн эле жерден наам алгандар аз, баары эле арызданып, жалынып жатып, кошоматтанып атып, пара берип атып… алат. Анан эмне кылат, чыгармалары татыктуу болуп бере албаса?!

Бул маселенин эң эле кызык жери- «итчилик» жери деп койсок туура болор, ушуну- наамдарды, сыйлыктарды бере турган акыркы сөздү, чечимди адабият менен искусстводон ныпым түшүнүгү жок президенттик аппараттын кызматкерлери, президент башында, айтат. Эзели бир сап ыр окубаган, бир спектакль көрүп койбогон кайдагы бир «кемчонтой» ошентип чыгармачылыкты баалап турат! Мындай итчиликти ким көрүптүр?! Анан ошол, аны биз көрүп жатабыз!

Чыгармачылыкты комммунисттик партия сындап башкарган заман да болгон. Кандай гана гениалдуу чыгарма болбосун, жакшы» же «жаман» деп партия гана баасын берчү! Ошол заман өткөнү менен дале болсо чыгармачылыктан кенедей да түшүнүгү жок немелер башкарып, сындап, баа берип турат. Ошон үчүн наамдарды, сыйлыктарды иттибай менен чоттубайлар алып жатат. Ошол түшүнүгү жок немелер наам таратып кадыр-барк күтөт, тааныштарын ыраазы кылат, чөнтөгүнө да пайда… Ошон үчүн жетекчилер наамдарды жоюп салууга каршы турат!

Баратбай Аракеев

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *