8 миллион сомго оңдолгон арка

Курманбек баатырдын 500 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарынын кире беришине “Курманбек — кылымдар мурасы” аркасы 2001-жылы орнотулган. Ошол арка быйыл 7 миллион 894 миң сомго кайрадан оңдолду. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, реконструкция иштерине облустук өнүктүрүү фондунан 14 миллион сом бөлүнгөн. Бирок тендер жолу менен 8 миллион сомго оңдоп бере турган компания табылган. Курулуш иштери төрт ай жүрүп, арканын тегерегине чырактар менен отургучтар коюлган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *