8 миңден ашык кыргызстандыктар өз мекенине чет өлкөлөрдөн кайтып келүүнү күтүп жатышат

Кыргызстандын 8 миң 712 жараны башка 58 мамлекеттен өз мекенине кайтууну күтүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

Анын айтымында, карантин башталгандан бери чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 8 миңден ашык жаран алынып келген.

«Мигранттар биздин өлкөгө канчалаган пайда алып келчү эле. Эми алар көчөдө калышты. Азыр 178 адам Пакистандан келе албай жатышат. Ал жакта шарттар жок, жер төлөдө отурушат. Алар биздин жарандар. Эмне үчүн алып келбей жатасыңар?», – деп сурады депутат Тазабек Икрамов.

Чындыгында кайрылуулар көп болуп жатканын, учурда бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *