80 талапкер, 50 талапкер… бул – өлкөдө чыныгы улуттук лидердин жок болуп жаткандыгы эмеспи?

Кыргыздар бекеринен “атың чыкпаса жер өрттөө”- деп айтышпаса керек. Бул макалды эстеп жатканыбыздын себеби- алдыда аламан жарыш болгону ага татыктуусу деле, татыксызы деле чыгып алып, кудум тушоо кесмейде чуркай турган жаш балдардын элесин жаратып турушат.

2010-жылдагы революциядан кийин 2011-жылдагы президенттик шайлоодо “мен президент болчумун” дешип БШКга 83 талап­кер катталып, президенттикке талапкерлер­дин саны боюнча Кыргызстан Гиннестин ре­корддор китебине киргендей эле болгонбуз. Себеби буга чейин дүйнөнүн бир да өлкөсүндө президенттикке чыккан талапкерлердин саны 83кө чыккан эмес. Бирок, андагы “арти­стердин” далайы жанагы 30 миң кол чогултуу, БШКга фондулук акчасын төгүү жана мамле­кеттик тил сынагы сыяктуу ашуулардан соң жакшы суутулбаган аттардай болуп далайы жарыштын жолунан чыгып, аягында аламан­га 16 талапкер ат салышкан.

Эми, үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында деле ошол эле көрүнүш кайталанып, талапкер­лердин саны 50дөн өтүп, 60тын этегин чапчып барышты. Кокус, “президенттикке аттанам” дегендердин мөөнөтү дагы бир жумага созулганда Кыргызстан 2011-жылдагы рекорддук көрсөткүчүн кайталамак. Коомдук иш­мер Ишенбай Кадырбеков айткандай балким мындай көрүнүштүн өзү жакшыдыр.

Макул, ал кишинин айтканындай муну “накта демокра­тия” деп коелу. Бирок, килейген мамлекеттин башчысы болуу деген оюнчук эмес да? Кара­саңыз, арасында кимдер гана жок? Кантели, ушундай бир уникалдуу эл экенбиз. Антсе да терең баам салып көрсөк, минтип жер жай­наган талапкерлердин тартынбай чыгышы, бул көрүнүштүн негизги өзөгү- өлкөдө элдин чиновниктерге болгон ишениминин жокту­гу, андан да тереңи – мамлекетибизде чыныгы улуттук лидердин жок болуп жаткандыгынан эмеспи? Айтор, эл аман, жер аман болсунчу!

Булак: Айгай

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *