Ааламдашкан Рыспай же “Miss you” симфониясы кантип жазылган?

“Саламатсыздарбы, Рыспай Абдыкадыровдун Жердештери…” Винни Пааш, АКШ.

Залкар обончу композитор Рыспай Абдыкадыровдун ырлары, ары татаал да, терең да, кандайдыр бир обон жанрынын өзүнө таандык өзгөчө формаларын ар бир чыгармаларында өркүндөтүп романс тибиндеги жаңы мейкиндиктерге көтөрүп чыккан. Ошондой обондорунун бири Эгемберди Эрматовдун сөзүнө жазылган, кыргыз обондорундагы таптакыр башкача формада, диапозону үч октавадан турган он алты саптык, берилүүчү ойду татаал кайрыктар менен ырааттуу өнүгүшү аркылуу музыка маданиятынын обон жанрынын жогорку деңгээлин аныктаган “Махабат жөнүндө баллада” деген чыгармасы эле. Бул чыгарманын музыкалык формасы да өзгөчө, андагы айтылуучу ойду берүүдөгү негизги тема менен вариациянын бири-бирине кезектешип, ички ньюанстары менен татаал аккорддорунун өтмө катарлары муңдуу да, назик да сызылган үндөрү аны уккан ар бир адамдын жан дүйнөсүнө бүлүк салат. Бул чыгарманы анын көзү тирүүсүндө профессионал музыканттардан Курмангазы Азыкбаев гана аткарып калды. Чыгарманы аткаруу, обон менен сөздүн маанисин бузбай аккорддордун вариациясы аркылуу улам күчтөндүрүп, ажарын ачып аткара билүү ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Татаал да, жооптуу да ишке бел байлаган Рыспайдын чыгармачылык улуу мухиттерине тике караган чет өлкөлүк өнөрпоздордун алгачкысы болуп америкалык акын жана скрипач, Рыспай Абдыкадыров клубунун мүчөсү Винни Пааш болду.

Эртеби, кечпи ушундай болуш керек болчу. Бир кезде Рыспайдын кыргыз обону менен европалык музыкага көпүрө болуу аракети түшүнбөгөндүн, баалабагандын кесепетинен ал изденүү чектерин ишенимдүү кеңейтүүдөн астейдил карманып, тынчтык бербеген убайымдан жапа чеккен күндөрү да болгон. Эми болсо анын чыгармаларын дүйнөлүк коомчулук баалай баштаганы, анын чыгармачылык горизонту мурдатан эле кең экендигин айгинелеп, анын башаты Америкадагы Пристень жана Чикаго университетин бүтүрүп, Жалал-Абад Мамлекеттик Университетине волонтер болуп келиши менен башталды. Винни бул жерге келгенге чейин эле ыр жазып, скрипкада ойноп, өз чөйрөсүндө чыгармачыл адам катары таанылып калган экен. Ал экөөбүз алгачкы таанышканда эле скрипканы жүрөк дирилдеткен кылдарын назик ойноп жатканынан андан профессионализмдин нагыз белгилерин көрүп, ырдаган ырларынан музыкалык форманын көптөгөн түрлөрүн байкагандан кийин анын аткаруусунан кыргыздын элдик жана классикалык музыкасы, айрыкча Рыспайдын керемет обондорунун мукам кайрыктары жаңыргансып турду. Аны Рыспай клубуна алып келип, анын ырлары менен тааныштыргандан кийин өзүнчө эле бир дүйнөгө туш болгондой, кызыгуусу артып, үйрөткөн ар бир ырды зор ынтаа менен өздөштүрүп жатты.

Ал табиятында оор басырыктуу токтоо, интеллигент үй-бүлөдөн тарбия алганы билими менен мүнөзүнөн көрүнүп турган. Винни өзү да скрипканы айкалыштыра алган аракетчилдиги менен үйрөнгөн ар бир ырдын оригиналдарын англис тилине бир нече вариантта которуп жыйнап жүрдү.

***

Коомдук-саясий ишмер, элчи Жусупбек Шарипов мындай эскерет:

– Рыспай акенин таланты, өзү адамдык касиети жөнүндө кайсыл жактан алсак да сөз менен айтып тугөтүү оор. Ырын ырдап түгөтүү да кыйын. Себеби: 350дөн ашык ыры бар дейт. Биз ондогон ырын гана билебиз, азыр мына бул жерден көптөгөн жаңы ырын угуп, өзүмчө бир башкача сезимде болуп, сыймыктанып турам. Ээ айланайын туугандар канча аралашып жүрүп, анын денеси жакшы кайрыктардан уютуп койгон чулу темирдей музыкалык кенч, сезимин желаргыга ыргалган ыргактардын ширөөсү экенин туйбапмын. «Колдо бар алтындын баркы жок» – деген ушу белем, жаныбызда жүрсө бир киши, биздин акебиз, ал эми ырларын угуп олтурсаң, кызматтын, көр тириликтин капшабы менен берч болуп бараткан жүрөгүбүздү жибиткидей, башка бир чен өлчөмдө жашагыдай арбап алчу касиети бар тура. Мен муну мамлекеттик адеп менен жүрүүгө тийиш болгон жетекчи катары эмес, силерге эле окшогон жүрөгү бар жөнөкөй күйөрман катары айтып отурам.

Мен эми Рыспай акебиздин атын өчүрбөй келе жаткан Давлет жеңебизге ыраазычылык билдирип, ырахмат айткым келип турат. Чындыгында Рыспай акебиздин аты өчпөй жүргөнүнө ушул Давлет жеңебиздин эмгеги, салымы чоң. “Аял жакшы эр жакшы” деген макал ушу жеңебизге куп жарашат. Ушу кишини өз демилгеси менен жан дилден колдоочу кишилер бар, туугандары бар. Жалал-Абадда биринчилерден болуп фонд түзүлгөн болчу мурун. Ошондо Касым Ысманов кайнисин ушул жигиттер колдошуп, анан клуб уюштурулуп, мына бул жерден Сабыржан Кыдыралиев, Султан Борошовдор бийик көтөрүп жүрүшөт, Рыспай акенин атын өчүрбй.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Винни Пааш иштеп кетти эле, клуб менен бирге журүп 1999-жылы мен Ош шаарынын башчысы элем, “Ош-3000” фестивалына келип, “Саламатсыздарбы, Рыспай Абдыкадыровдун жердештери!” деп айтканы менин Рыспай аке жөнүндөгү түшүнүгүмдү таптакыр өзгөртүп ийди. Ошондо Ош стадионун жарып кетчүдөй болуп, угармандар ушунчалык катуу кыйкырып колдошкон. Ошондо оюма бир нерсе кылт этти: “Эмне үчүн кыргызстандыктар дебей, Рыспай Абдыкадыровдун жердештери!” -деди. Мен биерде ал Рыспайды Кыргызстандан жогору койду дегенден алысмын. Тек гана Рыспайга ушунчалык бийик баа бергенден, анын дөөлөт жөнүндөгү чен өлчөмү Рыспай менен ченелип калгандан болсо керек деп түшүндүм.

Ошондо айтты эле, агам Антонио Нью-Йоркто Рыспай Абдыкадыровдун чыгармаларын симфонияга айландырып жазып жатат деп. Ошол азыр жазылып бүтүп, биерге алып келиптир. Клубдун мүчөлөрү мага беришти. Бул жөнүндө композиторлор иштеп жатышат. Буюрса оркестрге салдырып аткарышат. Кыргызда ушундай таланттын жаралышына таазим этишибиз керек.

Элибиздин таланттуу искусство өкүлдөрү, таланттуу композиторлор: “Биз Рыспайдын дүйнөсүн ача элекпиз, мүмкүн дагы элүү, мүмкүн жүз жылдан кийин аны толук түшүнө алабызбы, кудай билет?”-деп айтып жүргөнү бар. Ушул жерде Жалал-Абадда Рыспай акенин көзүнүн тирүүсүндө биринчи клуб ачылып, анын атын өчүрбөй келе жаткан аны терең урматтаган арбагы алдында ишин унуткарбай улантабыз дегенди билдирет. Мен да клубдун ардактуу мүчөсү катары ага ар дайым көмөк көрсөтүп, колуман келген жардамьшды берүүгө даярмын.

Жогорудагы Жалал-Абадда губернатор кезинде айтылгандарды сөзмө сөз келтиргеним Рыспайдын аалам дүйнөсүн түшүнгөндөр ага ар дайым колдоо көрсөткөн адамдар көп экендигин көрсөткүм келди.

Винни Жалал-Абад шаарында жашаган эки жылдын аралыгында ар кандай маданий иш чараларга активдүү катышып, дээрлик бардык жерде Рыспайдын ырын ырдап, обондорун скрипканын назик кылдары аркылуу угармандарын өзүнө тартып жүрдү.

Жалал-Абад облустук телерадио компаниясынын редактору, журналист Рыспай клубунун алгачкы уюштуруучуларынын бири Рысбай Жумабеков 1999-жылы 11-май күнү эфирге чыгарган “Өнөр” программасы боюнча Рыспайдын “Сагынуу”, “Сагынган жанмын сага окшош”, “Эсиңдеби”, “Жолугарым билгемин” деген чыгармаларын скрипканын коштоосунда биринчи жолу ырдап телекөрүүчүлөрдүн суроолору боюнча эки жолу кайра берилди. Андан көп өтпөй Бишкектен КООРТ телеканалы аркылуу Геннадий Базаровдун “Альтернатива” автордук программасында Винни Пааш ырдап чыгып, ал да суроолор боюнча кайра көрсөтүлдү.

Винни Пааш: -Саламатсыздарбы, улуу композитор Рыспай Абдыкадыровдун туугандары жана анын музыкасын сүйгөндөр. Мен ушул теле берүүдөн пайдаланып Рыспай Абдыкадыров жөнүндө бир эки ооз сөз айтсам жакшы болот. Биз Султан аке экөөбүз музыка дүйнөсүндө эстен кеткис достордон болобуз, себеби ал мени кеңири белгилүү кыргыз композитору Рыспай Абдыкадыровдун ырлары менен тааныштырды. Анын чыгармары менен скрипкамдын кылдары аркылуу жүрөгүмө эң жакын болот жана анын ырлары угуучунун жүрөгүнө да жакын келет деп ойлойм. Мага анын ырлары аябай жагат. Азыркы учурда Америкада менин компазитор акем Рыспайдын ырларын үй-рөнүп жатат.

Ал өзүнүн негизги волонтердук иштери менен бирге облусттагы ар кандай маданий иш чараларга да активдүү катышып жүрдү.

Кубанычбек Жумалиев Жалал-Абад облустунда губернатор болуп турганда, жакшы колдоо көрсөтүп, губернатордук балга чакырып, ырларын угуп ага сый көрсөттү.

Ошондогу телевидениенин алып баруучусу Бактыкан Ажымаматова менен болгон чакан эпизод эсимде калыптыр:

— Ырдап эле, кол чаптырып койуп эле кете бербей, бир нече суроого да жооп берсеңиз: — Сизге кыргыз тилин ким үйрөттү?

— Мен былтыр июнда 98-жылы Кыргызстанга волонтер болуп келип жашадым. Ал жерде Америкалык волонтерлорго кошо кыргыз мугалимдери менен күнүнө төрт саат окудук.

— Эмне үчүн Рыспай Абдыкадыровдун ырын тандап алдыңыз?

— Мен былтыр Султан акеменен тааныштым, Кудайга шүгүр ал мага үйрөтүп жатат.

— Канча ырын үйрөндүңүз?

— Азыр жетөөнү ырдайм.

— Ушунча болду эми кыргыз кызга үйлөнбөйсүзбү?

— Эмне, эмне (күлүп) көрөбүз,..

* * *

Кыргыз улуттук телевидениесинин ошол мезгилдеги «Рух» продюсердик борборунун директору, Рыспай Абдыкадыровдун эң жакын адамдарынын бири белгилүү жазуучу жана тележурналист Бөкөнбай Боркеев Виннини атайын Бишкекке чыкырып, Рыспайдын 12-январь туулган күнүнө карата кеңири көрсөттүү даярдап жатып, анын эмнеге эле Рыспайдын ырларына кызыгып калгандыгын сурады:

— Мына арабызда Америкадан келген Винни Пааш олтурат. Мен өтөкндө Жалал-Абад телевидениесинен Винни Пааштын ырдаган ырларын көрүп таң калдым. Арабызда эле кыргыздар жөндөп ырдай албаган татаал ырды тили, дили бөлөк бирөө келип берилип ырдап жатат. Анын үстүнө Рыспайдын ырларын тандап алгансың? Эмнеси менен өзүнө тартты? Эмнеси менен жакты?

— Мен Америкадан келдим, азыр Кыргызстанга келгениме бир жарым жыл болду жана кыргыз тилин анча-мынча тушүнөм. Биз поп музыка угабыз, Америкадан, Европадан жана Россиядан келген булар жакшы, шаңдуу, шайыр, жеңил музыкалар, бийлеш үчүн жакшы, бирок бул мааниси жок көбүнчө деп ойлойм. Ал эми Рыспайдын ырлары башкаларга окшобогон татаал формада, мааниси аябай терең, бай деп ойлойм. Ошондуктан Рыспайдын ырларын аябай сүйөм, — дейт Винни Пааш.

Винни менен жүргөн эки жылдын аралыгында көп эле кызыктуу окуялар болду. Жадал-Абад, Ошто, Бишкекте болуп, алардын эң эле эсине калгандыгы, 1999-жылы 26-октябрда Ош шаарынын 3000 жылдыгына карата “Ош азем түндөрү -99” эл аралык телефестивалында ырдап жатып: “Саламатсыздарбы, Рыспай Абдыкадыровдун жердештери!- деп кайрылып сөз сүйлөгөндө зал жарылып кеткидей дүңгүрөгөн, 1999-жылы сентябрь айында Бишкек шаарындгы Т. Абдымомунов атындагы драма театрындагы Рыспайды эскерүү кечесинде, “Сагынуу”, ”Эсиңдеби” “Биз экөөбүз” деген чыгармаларын скрипка жана аккордеондун коштоосунда ырдап, залдын ичиндеги көрүүчүлөр ордунан туруп узакка созулган кол чабуулар менен коштогон. Ошондо мен залда ордунан туруп авация кылып узакка кол чапканын көргөнүмдө, анын жанында турган мен үчүн Рыспайдын чыныгы улуу талант экендигин көрүп, музыка ойноп жатып көзүмөн мөлт-мөлт этип жашым тамып кеткени алигиче эсимде.

Дагы бир кызык жери: Мен аны көбүнчө каада-салттарыбызды көрсөтөйүн деп айылдарга эрчитип барып жүрдүм. Ал дайыма башына ак калпак кийип, өзүн жөнөкөй жана илбериңки алып жүрөр эле. Ал Кыргызстандан кетерине жакын, Жолболду Алыбаев экөөңдү өзүмдүн туулган жерим Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр токой чарбасынан, Жазы-Кечүү деген айылыма алып барганмын. Винни табияты кооз, көз жоосун алган жерге суктанып, айылдын ортосунан тең жарып аккан дарыянын күмүштөнгөн шарынын добушуна скрипканын үнүн безеленте кошуп, өзүнчө эч кимге көңүл бурбай көпкө ырдаганы Рыспайдын муза ааламынын табияттын кооз кереметтерин жуурулуштуруп, скрипканын кылдарында колдору кошо дирилдеп, белгисиз бир ааламга аралашып кеткендей сезилди.

Ошондо ошол айылдагы Манап Чыйбылов атындагы орто мектептин окуучулары айыл тургундары менен чыгармачылык жолугушуусу эстен кеткис окуя катары дале айтылып жүрөт. Мектеп окуучулары Виннини ортого алышып, анлис тилинде чакан интермедия, эки команда болуп англис тилинде конкурс өткөрүшөрүн ал күтпөгөн болуш керек. Винни таң калгандыгын жашыра албай окуучуларга ыраазычылыгын билдирген. Ал күнү Жолболду Алыбаев экөө айылдыктардын бир жарпын жазышты белем, шашкеде башталган жолугушуу кечке жуук араң аяктаган.

Жолугушуу бүтүп, ошол жердик кадырлуу аксакалдардын бири Эсенгелди Жолдошбаев деген кишинин үйүндө конок болуп олтурганбыз. Винни кыргыз тилин билбейт деп ойлодубу, төрдө отурган аксакалдардын бири жанында отурган аксакалга күбүрөп калды:

— Бул калпак кийген каяктан келген орус экен?

— Жок, бул американец, ырдайт экен кыягы менен.

— Ырдаганы го түзүк, союз кыйраганына ушулар күнөөлүү. Бар жогу талкаланып бүттү. Бул киши тиги көпүрөнү бузуп кетпес бекен?

Винни бул кобур сөздөрдү угуп, өзүнчө жылмайып мага караганда, ага көз кысып койдум. Бир маалда ал күйпөлөнө:

— Аксакал, мен көпүрө бузбайм, андан көрө мен Рыспай Абдыкадыровдун “Сагынуу”деген ырын ырдап берейин — деп скрипкасын күүлөй баштаганда эл дуу күлүп жиберишти. Ошол болгон тиги кишинин абалы кыйын эле болду. Бети кызара ыңгайсыз абалда отуруп калды. Кайтар маалыбызда айылдыктар ага ак калпак, чепкен кийгизишип, курут, сары майларын салып берип узатышкан.

***

Ааламдашкан Рыспай – улуттун сыймыгы

Рыспай Абдыкадыров клубунун ардактуу мүчөсү, академик Кантөрө Токтомаматов:

— Улам жаңы обондору менен ар бир угармандын жан дүйнөсүн удургутуп, таңдантып да, тамшантып да, ошонусу менен кыргыз музыкалык маданиятынын тарыхында ысымын өлбөс-өчпөс кылып калтырып кетти. Жок, өзү кетсе да, аркасында анын ысымын кылымдарга өчүрбөй турган ырлары калды. Мен тагдырымда ошондой улуу инсан менен замандаш болуп калганыма сыймыктанам. Менин сыймыгым эмне ысымы ааламдашып бараткан Рыспай аке улуттун сыймыгы.

Эми ысымы ааламдашканга чейин адегенде элибизде энчисин толук алышы абзел. Ырас, 300дөй обон чыгарса учурунда мансапкор аткаминерлердин кесепетинен анын элүүгө жакыны гана радионун алтын казынасына алыныптыр. Калганы, өзү айткандай “Куу сандыгында” катылган бойдон калды. Дагы жакшы, көзүнүн тирүүсүндө Жалал-Абад университетинде Рыспай клубу ачылып, анын негиздөөчүсү Султан Борошевдин демилгеси менен калган чыгармалары акырындап чогултулуп, ноталары аркылуу жаңы муундарга үйрөтүлүп жатат. Негизгиси – бүтүндөй республикага, ал тургай башка өлкөлөргө насыяттоо үчүн ар кай жерге клубдун бөлүмдөрү ачылып жатканы кубанарлык көрүнүш. Маселен, мен ошондой жөрөлгөнүн бирине күбө болдум. 1910-жылы Рыспайдын бажасы Асылбек Мүсүралиевдин чакыруусу менен анын жери Кара-Балта шаарында Рыспай клубунун бөлүмү ачылды. Кийин ошондой бөлүмдөр Токмок, Ат-Башы, Нарында да ачылганы тууралуу кабарым бар. Султан, Бөкөнбай сыяктуу “рыспайчылар” турганда, дагы кулач жаярына күмөн санабайм. Бул, демек ааламдашып бараткан Рыспайды, биринчи кезекте, улуттун сыймыгы кылалы деген аракет. Ал сыймык акырындап ээсин табаарына көзүм жетет.

***

Ааламдашкан Рыспай – улуттун сыймыгы деп Рыспайды Рыспай кылып бала кезден ар тараптан колдоп келгендердин бири – Токтомамат агай – биз “Рыспайчылар” ар кандай иш-чараларды өткөргөндө, ар дайым колдоп калдайган тоо болуп туруп берчү, кайран кеменгер кишинин көзү өткөндүгү айрыкча бизге оор тийди, кайран гана кишинин, көңүл так кийген кийимдей бөксөбүз толбой койду…

Көп өтпөй Виннинин Кыргызстанда болуп өткөн мөөнөтү да жакындап, убакыт зымырык куштай айланып, аны жөнөтүү убагы да чукулдап кирип келди.

Университеттин чоң залында ректорат, деканаттар, чет тилдер кафедрасынын жамааты, студенттер, облусттук, шаардык жетекчилеринин өкүлдөрү, облустук телекомпаниянын жана облустук газетанын редакторлору катышкан коштошу кечеси өткөрүлдү. Ошол кечеде эки жыл аралыгынын ичинде көп убактысын бөлүп үйрөткөн ырларын ар бирин жүрөк сыздатып скрипкасынын коштоосунда ырдап берди. Мен Винниге үйрөтүүгө болгон аракетимдин текке кетпегенине өзүмө-өзүм ыраазы болуп, экөөбүз катар отуруп түшкөн, чоң сыр боёк менен тартылган проекти белекке бердим.

Ал америкага баргандан кийин дайым телефондон “Султан аке, аябай бир-а-а-а-з” деген сөздөрдү кошуп, бир каткырып алып сүйлөгөн жагымдуу үнү кулагыма шаңк этип, жер шаарынын аркы бетинде туруп алып, жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрдү арнап, ал жай сурашып, сүйлөшүүлөр бүгүнкү күнгө чейин токтогон жок. Убакыттын өтүшү менен Винни баягындай кыргызча так сүйлөй албай, керектүү сөздөрдү издеп туруп калчу болду. Виннинин ар бир сөзүнөн бул жердеги бирге жүргөн досторун сагынганы билинип турат.

Кочкор-Ата шаарчасынан Турдукан деген кыз Винни жашаган Дакота штатындагы Пристень деген шаардын тургунуна турмушка чыгып, ошол жакта турат экен.

Винни Турдукан менен катташып, ал Кыргызстанга келгенде мага кат жазып, белек-бечкек берип жиберип, мен да ошондой кылып, айтор байланышыбыз үзүлгөн жок.

Сүйлөшкөн сайын сөзсүз Рыспай жөнүндө жаңы ырларды үйрөнүп, ырдап жатканы жөнүндө айтып, сизди шартым болгондо Америкага чакырам, мен да Кыргызстанга келем деп, жумушунан адабий көркөм-публицистикалык бир журналга рекорд болуп өткөнүн айтып, “Султан аке бир-а-а-а-з, бир-а-а-а-з, аябай сизди сагындым” – деп акцент менен адатынча катуу каткырып алганы дале болсо кулагыма сүйкүмдүү да, жылуу да илеп берип, ошол күлкүсү телефондун трупкасында улам жаңырып көпкө барып басылчу болду. Азыркы учурда кыргыз музыка күйөрмандары менен Рыспайчылардын досу Винни Пааш Вашингтон шаарында жашап, Кыргызстан менен байланышын үзбөй, Рыспай Абдыкадыров клубунун мүчөсү катары анын ырларын америкалыктарга тааныштырып келүүдө. Рыспай Абдыкадыровдун 70-жылдыгына карата анын чыгармаларын жана ал жөнүндө жазылган макалалар америкалык басма сөзгө жарыяланып жатканы тууралуу кабарыбыз бар.

***

Эки элдин ортосунда данакер боло билген таланттуу скрипач, ырчы жана акын Винни досубуз ушул саптарды жазып жатып дагы, Америка менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамиле мындан ары да чыңала беришин каалаганы баамдалды.

Султан досума Америкадан кат

Кабарлаштың кандай жакшы,

Кандай жакшы, досум ай.

Тааныш үнүң кулагыма музыкадай угулду,

Сагынычым турган эле көкүрөккө шыкалап.

Мезгил жебе.

Бул телефон жеткирди арген үнүңдү.

Жер шаарынан убакыттын аралыгын байлаган,

Зымдын тиги учу турду нур жүзүңдү эстетип,

Сагыныч толо көргүм келип сен тарапка талпынам.

Кантсе деле унуталбай элестетем өзүңдү,

Көрбөсөм да мурункудай мандайыңды жаркыган.

Толкундадым элестетип,

Сенсиз алыс күндөрдө

Эки жылды сүйлөй албай кыргыз тилин үйрөнгөн…

Миңдеген сөз музыкалуу, бир өзгөчө кыргызча ыр,

Улам эми азайгансыйт, сүйлөшкөндөр да күн менен…

Үй-бүлөдө алам-алик,

Эрежелер андагы,

Ыр саптары сен үйрөткөн, эки жылда сүйлөнбөй.

Эстейм улам, кайталаймын белек сындуу сыйга алган.

Сүйлөйм сыйлап,

Мурдагыдан сөз мааниси азайган.

Кыргызстанда сүйлөгөндөй күчүм койдум жоготуп.

А силердин салт-санааны чын дилимден үйрөнүп,

Ойлорумду жасайт элем аракет.

Оңойлотуп ар бир сөздү далай күндөр жаттагам,

Мен сүйлөгөн кыргыз сөзү,

Касиеттүү сөздөрү ай.

Мезгилдер айкашынан улам барат жешилип.

Дарак сындуу күүгүмдөрү, караңгылап дүпүйгөн,

Карааны бар, түстөрү жок, жарык күнгө чагылган.

Ыраазымын бар экенсин,

Сени тааныйм Султаным

Жалабадта ак дилимден кучак жайып күткөн маал

Качан болсун оомат тилеп олтурам.

Аман болгун, үй бүлөңө салам айткын жалындуу.

Кошкун эми көрүшкөнчө,

Кымбат досум кайыр кош.

Бир дүйнөнун алкагынан мезгил кесип кол сунам

Англис тилинен эркин которгон Тазагүл Закирова

Султан Борошев, “Рыспай Абдыкадыров” клубунун негиздөөчүсү жана жетекчиси, ЖАМУнун ага окутуучусу.

Булак: «Ачык сөз»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *