Аба-ырайына байланыштуу Боом капчыгайында таштарды күч менен кулатуу иштерин аягына чыга элек

Аба-ырайынын жаанчыл болгондугуна байланыштуу Боом капчыгайында таштарды күч
менен кулатуу иштерин аягына чыга элек. Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы келээрки жумада Боом капчыгайында таштарды күч менен кулатуу иштерин улантат.

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 21-октябрынан тартып, 25-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 131-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2019-жылдын 21-октябрынан тартып, 25-октябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат. Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *