Абактагы экс-министр Осмонбек Артыкбаев экс-президент Алмаз Атамбаевге каршы көрсөтмө берди

Бишкек ТЭЦиндеги коррупция боюнча козголгон кылмыш иши боюнча абакта жаткан экс-энергетика министри Осмонбек Артыкбаев экс-президент Алмаз Атамбаевге каршы көрсөтмө берген. Бул тууралу бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Укук коргоо, кылмыштуулукка  жана жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде айтылды.

Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратуу үчүн экс-президент А. Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн түзүлгөн КР Жогорку Кеңешинин атайын комиссиясынын корутундусунда Алмаз Атамбаев Бишкек ТЭЦине Казакстандан коррупциялык жол менен көмүр жеткирүүгө катыштыгы бар деп жазылган. Президент Атамбаев казак көмүрүн Бишкек ТЭЦине ташыган “Прогресс компани” компаниясынын кызыкчылыктарын колдоп жүргөн.

Мындай көрсөтмөнү суракта абактагы экс-Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев берген.

Эсиңиздерге сала кетсек, экс-генпрокурор Аида Салянова да Атамбаев президент кезинде Бишкек ТЭЦине көмүр ташыган “Прогресс компаниясы” башкаларга караганда көмүрдү 1 млн долларга кымбат сунуш кылса да колдоп, ал компанияны жеңүүчү кылдырганын билдирген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *