“Де -Факто” гезити: “Абактагы саясатчылар президенттик шайлоодо Бабановду колдобой Жээнбековду колдошкондо азыр азаптан кутулмак”

Ооба, тагдыр анан жазмыш де­гендер бар. Бирок, айрымдар теңирден тескериленип атып эле өз тагдырларын кыйындатып алып атышпайбы. Мындайлар асыресе сая­сатчылар арасында арбын. Айталы, төңкөрүш дегенди оңой көргөн тыңчыкмалар акылсыз кадамдары менен саясатта жаза тайып, оор айыптар менен абакка кесилип кеткенин билебиз. Ооба, мыйзам үстөмдүк кылган өлкөдө башаламандык уюштургусу келгендер так ушундай тагдырга тушугушаары турган иш.

Арийне, күркүрөгөн күздөгү президенттик шайлоодо мына ошолорго бир шанс келип, колдоосуна жараша азаптан кутулганга шарт түзүлгөн. Муну жашырбашыбыз керек. Ыңгай келип турганда абактагы саясатчылар колдонсо болот эле. Бирок, темир тор артындагы саясатчылар баары бир ооздон сүилөшүп алгандай жалгыз Өмүрбек Бабановго жабышып, «ба­ла баатырды» көшөгөнүн артында жапатырмак колдоого алышты. Тилекке каршы, бизнестин битин сыккан немеге алданып, ой-максаттары ишке ашкан жок. Ишенген кожо Бабанов тескери ушатып туруп, өлкөдөн качып кетти.

Качан баары тес­кери айланып, шайлары кеткен соң эми темир тор артындагы саясатчы­лар ар кимиси өз кишилерин жаңы шайланган президентке чаптырып, эркиндиктин желаргысынан үмүт артууда. Андай алсыз экенин билген соң Сооронбай Жээнбековго далысын салбай, жок дегенде калыс позицияны карманып турушса болмок эле да. Бир мисал айтсак, шайлоо маалында Садыр Жапаровго жакын досу айтыптыр: «Шайлоочуларыңа айтып шайлоодо Жээнбековду колдоп бер» деп. Саке болсо моюн толгоп Бабановду колдоп алып, бүгүн бармагын тиштеп жаткан чагы. «Багы жокко дагы жок» дегендей. Таба эмес, тообо катары айтып тур­ган чагыбыз, Жээнбековду колдоп бергенинде жазасы бир аз болсо дагы жеңилдейт беле. Албетте, муну өзү билет деңизчи, бирок далыга бычак ургансыган мамиле унутулабы?

Булак: Де-Факто

2 comments

  • Айко says:

    Бул туура эмес маалымат. Жапаров эч качан колдогон эмес Бабановду. И даже колдогон болгондо да, Жапаров бошотулуш керек. Жапаровду далилсиз эле камап коюп, аркасынан дагы ушак чыгарбагыла. Ал эми Садыр Жапаровдун ишин сотто акыйкат өткөрүү – Сооронбай Шариповичтин милдети деп билем, ал жөн эле Кыргызстандын жараны эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп жүрүп ушул күндөрдү өткөрүп башынан жатат.

  • Бокту жепсиң ошону айтып.Жапаров өлкөнү өнүктүрө алам,адилеттүүлук орнотом дегенди шайлагыла.Кимди шайлаш өз эркиңерде деген.Эч бир саясатчынын атын атаган эмес.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *