Абдувахаб Мониев: Сыймык эмне, “баатырың” ким, Кыргызстан!?

Президентке ачык кат

Өткөн жылдын ноябрында атактуу партиялык-мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдык маарекесине арналган жыйында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун  “Султан Ибраимовго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын беришибиз керек” дегенин окугандан кийин, катуу “таасирленип”, ага ачык кат жазмакка киришип (90-жылдардын аягында президент Акаевге, андан 10 жылдан кийин Бакиевге ачык кат жазган тажрыйбам эске түшүп…), минтип баштадым эле:

“Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз антип айтып, оозуңузду жыйганча эле ой-демилгеңизди улагандар чыкты. Мисалы, Жогорку  Кенештин депутаты Акылбек Жапаров “Кыргыз Республикасынын Баатыры деген жогорку наамды атактуу хирург Иса Ахунбаев менен эгемен Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановго дагы ыйгаруу керек” деди парламент трибунасынан. Көпчүлүк бул демилге-сунушту кадыресе кабыл алып, ал тургай, колдогонсуп турат.

Аз-маз артка кылчайсак, өткөн совет доорунда Ахунбаев, Ибраимов, Исановдордун мамлекет үчүн, коом үчүн жасаган эмгегине тең болсо тең, асти, кем эмес эмгек сиңирген оо бир кыйла адам бар. Четтен табылат. Анан аларды “бөлүп”, унутуп койгонубуз адилетсиздик болоор.

Андан бир топ арыласак, дал бүгүнкү кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн, б.а. “мамлекеттүүлүктүн аталары” Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстанов,Төрөкул Айтматов сындуу жоон топ тарыхый инсандар турат. Буларды эстебей, өздөрү түптөгөн мамлекеттин “баатыр” наамын өздөрүнө бербей койгонубуз, жеткен алаңгазарлык эмеспи!?

Ошондой эле, жазма адабиятты түптөгөн Сыдык Карачев баш болгон акын-жазуучулар да көздөн далдоо калбоого тийиш.

Анан аларга наам берген соң, илгери элге окшоп, оозеки ырдап тим болбой, өз оюн, көргөн-эткенин, каалоо-тилегин, кайгы-муңун кагазга түшүргөн акын Молдо Кылыч Шамыркан уулу менен кыргыз үчүн биринчи болуп тарых жазган кыргыз Осмоналы Сыдык уулун, алардын китебин басмадан чыгарган (тарыхтагы тун кыргыз китептерин), алгачкы кыргыз алиппесин түзгөн агартуучу Ишеналы Арабай уулун унутуп коюу кечиримсиз иш.

Албетте, анча болгон соң, Атаке баатыр, Тилеке баатыр, Бердике баатыр, Жайыл баатырдан тарта Ормон хан, Алымбек датка, Полот хан, Балбай, Байтик, Шабдан баатырга чейинки өз аттары эле айныксыз баатырдыгын айгинелеп турган көкжалдарды унутуп койсок, курубайбызбы!? Ооба, мындай адамдардын баатырдыгын расмий документ менен бекемдеп, “Ак шумкарды”жаркыратып күмбөздөрүнө, күмбөзү болбосо, тоонун бооруна кадап коюу керек!

Ушуга чейин эки эле аялзаты Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алыптыр. Батыш эмне дейт? Гендердик теңдикти сактоо керек эмеспи… Мисалы, Жаңыл мырза, Курманжан даткадан тартып, канчалаган баатыр аялзаты бар кыргызда!

Айтса, кыргыз байыркы эл деп, төш каккылап жүрөбүз. А бирок “баатырларыбыз” кечээги 18-19 кылымдан арылап барбай калып жатпайбы? Эл эмне дейт?  Демек, Баатыр наамын ыйгарууну мындан 2316 жыл илгери Кытай менен кат алышкан кыргыз ажолорунан баштоо зарыл. Андан берилегенде, Барсбек баштаган Энесай кыргыздарынын кагандарына бул наамды бербей койсок, тарых кечирбейт.

Мындан чыкты, Манас, Алмамбет, Чубак баш, Эр Төштүк, Курманбек, Эр Табылды каш болгон эпостогу баатырларга “Кыргыз Респубикасынын Баатырын” берүү эч кандай күмөн туудурбашы абзел. Антпесек, Манастын арбагы урбайбы?

Кыргыз байыртан баатыр эл болгон деп жүрөбүз. Жалпысы баатыр калктын расмий баатыры дагы  арбын болушу керек. Мындан чыкты, “Кыргыз Республикасынын Баатырларынын” санын жок дегенде 1000 ге жеткирип алсак гана, атаганат! Тилекке каршы, өз тарыхыбызды өзүбүз жазбаган энөө калк экенбиз (баатыр энөө болот!), тарыхыбыздан миң баатыр таап чыгуу деле кыйынга тургудай. Ошондуктан, аксакал-көксакал жазуучу-акындардын баарына, Жогорку Кеңешке депутат, же министр болгондордун ар бирине наамды аянбай берип, керек болсо, “баатырлардын” санын миңден деле ашырып жиберген оң.  Жаралгандан эле жамы жараны баатыр, анын ичинен дагы миңден ашыгы “Ак шумкар” – “алтын жылдыздуу” өзгөчө баатыр өлкө анан ашынган Американы деле алка-жакадан албай жаны жокпу!? А коңшубуз Кытай коркконунан эле аласасын кечип жибериши мүмкүн…”

Менин ачык катым ушундайча тамаша-чыны аралаш  башталган болчу. Ушиптип жаза баштап, анан олуттуу сөзгө өтө электе таштап койгом. Аягына чыкпай калган…

 ”Советтер Союзунун Баатырлары” Советтер Союзун сактай албады

Күтүлгөндөй эле, Кыргызга кудай берип, “баатырлыкка” сунуштоо демилгеси андан кийин да ургалдуу улантылды. Кимдир бирөөлөр өзүбүздүн чендеги олигарх Аскар Салымбековго, а таластыктар илгерки чарбалык-партиялык ишмер Корчубек Акназаровго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү керек деп чыкты. Бул тизме дагы узараарына шек жок…

… А азырынча президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Баатыры,  Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде салтанаттуу белгилөө тууралуу жарлыкка эле кол койду…

Ара-чолодо бийлик тарабынан кимдир бирөөлөргө бирдеме берилип калса, же берилбей жатса гана кыргыз интеллигенттери, айрыкча, адабият, маданият салаасындагылар мамлекеттик ардак наам, сыйлык, сыймыктын айланасында чуулдап калбаса, бизде эч ким бу маселе боюнча тереңирээк ойлонуп деле көрбөгөнсүйт. (Ошондой бирдемеге жетсек деп, баарыбыздын эки көзүбүз төрт болуп атса, ага ким чыгынмак?) “Рухэш” сайтына жарыяланган жазуучу Олжобай Шакирдин белгилүү журналист Амирбек Азам уулунан алган интервьюсун эске албаганда, мамлекеттик сыйлык, наам деген кайдан чыккан азгырык, ал деги бу заманда мамлекетке, коомго керекпи, керек болсо, аны ыйгаруунун критерийи кандай болушу керек, а бизде андай сый-ургалга ким, эмне эмгек менен жетип атат? – дегендей маселелер талдоого алына элек.

Же ага олуттуу маани берүунүн кажети жок дейбизби? Жаңылышабыз. Мамлекеттик сыйлык, наам күнүмдүк көйгөй эмес, мамлекет келечеги  үчүн тагдыр чечпесе да, көп нерсени аныктаар мааниси бар маселе. Анан калса, бул –коомубуздун кечээги, бүгүнкү саясий, интеллектуалдык-маданий абалынын таразасы, демек, эртеңинин күзгүсү. Ошондуктан да, өткөн жылдын этегинде башталып, ташталган кепти кайра улантууга (узарта чабылса кетсе да) туура келет.

Жашырганда не, ушу мен тоолук деле бир кезде бир чо-оң мамлекеттик ардак наам алып, ошонун аркасында атак-даңк, сый-урматка бөлөнсөм деп аябай кыялдангам… Көксөөмдүн күчү ушунчалык болчу: оюмда ага кантип жетүүнүн жолун да таап алгам…

2-3-класстарда окуган 1982-83-жылдар болсо керек. Эртерээк чоңоюп, тезирээк эр жетип, Советтер Союзунун Баатыры болууну көксөй баштадым. Бала кез, тик тоолордун боорун кыялап, койго барасың, эчкиге барасың. Созсоң колуң көккө жетчүдөй бийиктик, кыйкырсаң аска-зоодон башка эч ким угуп, коштобогон ээндик… Анан кыялдана элестете баштайсың да, кантип Ооганстанга барып, согушуп, эрдик көрсөтүп, СССРдеги эң эле кадырлуу төш белгини көкүрөккө тагып, жаркылдап, Советтер Союзнун Баатыры болгонуңду…

“Правда” аталган мектебибиздин коридорунда Улуу Ата Мекендик согушта Советтер Союзунун Баатыры болгон 70 тей кыргызстандыктын сүрөтү илинип турчу. Танапис маалында алардын дубалдагы сүрөттөрүнүн астындагы өмүр баянын кайра- кайра окуй бергендиктен, баарынын болбосо да, Чолпонбай Түлөбердиев, Тукубай Тайгараев, Дүйшөнкул Шопоков, Самат Садыков, эки жолку баатыр Талгат Бегельдинов (улуту казак) баш болгон, айтор, түрк-мусулмандарынын каерде, качан туулганын, кандай эрдик көрсөткөнүн жат билчүмүн.

Бирок, Советтер Союзунун Баатыры болуу кыялым кичине акыл токтоткондон кийин, тагыраак айтканда, Советтер Союзу тараганга чейин эле тарап кетти…

Биерде аны неге эскерип турум:  изин өзүбүз эмес, бөтөн калктын окумуштуулары таап, тактап берген, мындан миң жылдар мурдагы көчмөндүк ордо – Улуу Кыргыз каганатын эске албаганда, кыргыз эли мамлекеттүүлүккө ошол Советтер Союзунун мезгилинде ээ болду. Мамлекеттик ардак наам, сыйлык, сыймык, анын артынан келчү привилегия-сый-ургал  деген түшүнүктөр да мээбизге ошондо орноду.

Албетте, мамлекеттин атынан орден, медал, аркандай сыйлык, ардак наамдарды ойлоп таап, энчилөө дүйнөдө мурдатан орун алган жөрөлгө, ал өзү мамлекет дегениңдин пайда болушу менен эле киндиктеш дегилечи. Анткен менен, большевиктер түзгөн эбегейсиз СССР империясы, советтик режим бу жааттагы дүйнөлүк практиканы аша пайдаланып, аркандай наам, сыйлык, орден, медал жасап, таратууда, анан ага ээ болгон “мыктылардын ысмын” “түбөлүккө калтырмак” болуп, шаар-кыштак, көчө-көй, мектеп, колхоз-совхоз дегендин баарына жамыратып ар кимдин атын коюуда эч кайсы коомду алдына чыгарбаса керек.

Адеп социалисттик революция ишке ашкандан баштап, ички душманы андан, тышкы душманы мындан көбөйүп, күчөгөн большевиктик Совет мамлекети канды суудай агызган айыгышкан согуш менен түптөлдү. Аёосуз кандуу кармашта социализмди коргоого башын сайган баатырлар керек болду, анан алардын баатырдыгын, артыкчылыгын айгинелей турган белги – сыйлыктын зарылдыгы чыкты керек… Ал сыйлык жалпы коомдук сыймыкка айланып, башкаларды, кийинки муунду коммунизм учүн, мамлекет үчун жан аябаган кармашка шыктандырып турушу керек эле… Ошентип, советтик биринчи күжүрмөн мамлекеттик сыйлык – “Кызыл туу” ордени 1918-жылы эле пайда болуптур.

1941-45-жылдары СССР өз бүтүндүгүн миллиондогон жарандарынын өмүрү, каны менен коргоду. Өзүнө дегеле ишке ашпас, утопиялык миссияны илип алып, бүт дүйнөгө коммунизм орнотмокчу болгондугунан улам, андан кийинки жылдары деле душманы күч болду. А “социалисттик ата-мекенди” коргоп, өнүктүрүүдө жарандарга кошумча дем-күч берет турган шыкак керек. Коом коммунизм үчүн, социалисттик ата-мекен үчүн керек болсо өмүрүн сайган баатырлардан өрнөк алышы шарт. Ошентип, келечек муун – “коммунизмди куруучулар” патриоттук духта тарбияланмак… Эң жогорку делген Советтер Союзунун Баатыры наамы, анын “Алтын жылдызы” баш болгон толгон орден, медалдар ошого  кызмат кылмак…

Империя согуш менен эле куралбайт, кара эмгек да керек. “Адамзат теңдигинин дүйнөдөгү жападан жалгыз тиреги” саналган Советтер Союзу социалистткк тузүлүштү бек кармаган мамлекет эмес беле. А социалисттик түзүмдө жеке менчик деген түшүнүк жок, кыймыл эткен байлык, чарба, оокаттын баары мамлекеттин, партиянын колунда. Тек, “жалпы элдик” деген жалган түшүнүк менен тергелет. А мамлекетти мамлекет катары кармап туруш үчүн кимдир бирөөлөр талаада кетмен чаап, кайсы бирөөлөр зоот-фабрикада кара терге түшүп, дагы бирөөлөр тоодо кой кайтарышы, б.а. “баары бирөө үчүн…” мээнет кылышы  керек.  Акыл эмгеги дагы зарыл: дагы башкалар жазышы, каратаман калкты улуу жеңишчил ак эмгекке үндөп турушу, а башка бирөөлөр бирдеме ойлоп табышы керек…

Тилекке каршы, пендең түшкүрдүн табияты өтө өзүмчүл, жекечил болот экен, өзүнүкү болсо, “өгүздөй кара күчү бар”, кара жанын карч урат, а “бирөө” үчүн иштегиси келбейт, жалпыныкы дегенде эле жалкоолугу кармайт. Андыктан, жаранын жалпы иш үчүн жакшылап иштөөгө кызыктырган стимул, кандайдыр түрткү, дем керек эле. “Социалисттик Эмгектин Баатыры” баш болгон жогорку наам, эмгекчи калкка ыйгарылчу  түрдүү орден-медал, сыйлыктар ана ошонун милдетин аткарган.

(Арийне, андай мамлекеттик сыйлык-наамдын азгырыгы күчтүү белем, империянын орден-медал, баатыр наамын алууга караламан эле эмес, канчалаган лөктөр дагы куштар болуп,  Леонид Брежнев сыяктуу генсектер да төшүнө орден кадалган сайын кумары каныптыр .)

Советтик-мамлекеттик сыйлык, наам, сый-ургалдын таржымалы жалпак тил менен ушундайча түшүндүрүлөт.

Анткен менен, тарых тамашасы мында: эпсиз империянын түрдүу түмөн элинин  арасындагы миңдеген Советтер Союзунун Баатырлары менен миңдеген Социалисттк Эмгектин Баатырлары биригип да Советтер Союзун, Социалисттик эмгекти (коомду) сактап кала алышкан жок!

 Кыргыз Республикасынын Баатыры: “геройбу”, же кошоматпы?

Советтер Союзу тараган соң, мурдагы Кыргыз ССРинин мураскери – Кыргыз Республикасы советтик түзүлүштү, социализмди жээриген менен, ал системадагы мамлекеттик сыйлык, “эл жазуучусу”, “…эмгек сиңирген ишмер” дегендей ардак наам, аталмыштардын дээрлик бардыгын сактап калды. Орден, медалдар гана жаңыланды. Ал эми союздук эң жогорку деген Советтер Союзунун Баатыры менен Социалисттик Эмгектин Баатыры экөөнүн бириктирилген (“өркүндөтүлгөн”) варианты катары Кыргыз Республикасынын Баатыры (1996) деген жогорку наам – өзгөчө белгини негиздедик. Тагыраак айтканда, өз башыбызча чечим кабыл алып көнбөгөн жаныбыз, орустардын “Герой Российской Федерации” (1992) дегенин туптүз  көчүрө койдук. Орустардын “герой” деген сөзу биздин “баатыр” менен эле чектелип калбастыгын, андан кенен мааниге өтүп кетерин элес албадык.

Баатыр деген сөздун этимологиясына карасак, кыргыз тилинде баатыр делип – эр жүрөк, кайраттуу, күчтүү, оттон, суудан кайра тартпаган көкжал мүнөздөгү адам сыпатталат. Андыктан, баатырдык касиет жай турмушта эмес, кырчылдашкан согуш, чабышта билинет. Буга улуу “Манастан”  тарта “Эр Табылды”, “Жаныш-Байышка” чейинки уңгулуу кыргыз эпосторундагы эли, жери үчүн, ар-намыс, чындык үчүн башын сайып күрөшкөн каармандар дадил далил. Бирок, бу сөздүн түпкү маанисине коошпосо деле, кийинчерээк “баатыр, баатыр” делип, эл башкарган кадырлуу  бий, бектерге карата кошомат катары деле колдонула берген жайы бар. Мисалга – Шабдан баатыр.

Жобосу боюнча, “мамлекет жана эл алдында өзгөчө эмгек, Кыргыз Республикасынын эркиндиги жана көзкарандысыздыгы үчүн баатырдык эрдик жасаган” жарандарга берилмек болгон “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наамды негиздегенде биздикилер баатыр сөзүнүн кайсы маанисин көңүлгө алганы белгисиз. А тынч заманда жай турмуш кечирген жазуучу, врач, мансапдарларды жөндөн жөн эле “баатыр”  атай берүү – салтка салсак, орунсуз. Космонавт Салижан Шариповду, анан Сүйүнбай Эралиев менен Сооронбай Жусуевдин  Улуу Ата Мекендик согушка катышып келгендигин эске албаганда, Кыргыз Республикасынын Баатырларынын катарында бир дагы аскер адамы жок.

Уюштурулгандан бери, бул наам – өзгөчө белги 24 адамга берилиптир. Бул –факт: мамлекет башчысы “баатыр” деп жарлык чыгарса, баатыр дейбиз да. А бирок, алардын арасында ким кандай эрдик жасап, эмгек эткен? Баатырларыбызды жакшылап “таанып”, мамлекет алдындагы эмгеги менен эрдигинен  керектүү “өрнөк” алуу үчүн, тарыхый  “эрдиктерине” бираз серп салып, бир сыйра эскерип өтүүгө туура келет.

Быйыл 100 жылдык мааракеси экен, ошол мааракени утурлай, кепти Кыргызстанды 24 жыл башкарган Турдакун Усубалиевден баштасак. (Кыргыз баласымын, элибизде  жашы улуу аксакалдарга акаарат айтуу тарбиясыздык катары бааланарын жакшы билем. Ошентсе да, алдыда атамдан жашы улуу, көбү маркум бир топ адамдардын коомдук-саясий, улуттук-тарыхый ишмердигине байланыштуу ачуу сын айтууга туура келет. Анткени, баарыдан тарых улук, улут улук, эң башкысы – чындык улук.)

 “Усубалиев тактеке болгон. Комузун Москва черткен…” деген эле Жигитов

Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин  Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасындагы дээрлик чейрек кылымдык бийлиги тууралуу көсөм аалым Салижан Жигитовдун: “ Усубалиев тактеке ( орусчасы: марионетка ) болгон. Комузун Москва черткен, бу киши Кыргызстанда бийлеп турган” деп айтканы бар. Ошентип, “Усубалиев диктатор болгон эмес, тактеке болгон. Комузун Москва черткен” деген аталышта 2000-жылы “Асаба” гезитине жарыяланган маекте Т.Усубалиевдин саясий-жетекчилик ишмердигин кара кылды как жарган аалым өтө таасын талдоого алып, калыс баасын берген. ( Маектешкен Алым Токтомушев. Китепте: Алым Токтомушев, “Салижан Жигитовдун сабактары”, 2013-жыл.) Менимче, Т.Усубалиев өзү мактанып, актанып жазган томдогон китептер менен аны аңсыз мактоого алган түрдүү макалалар бир тең, С.Жигитовдун ошол интервьюсу бир тең: азырынча, экс-биринчинин ишмердигин андан мыкты талдаган жазма окуй элекпиз.

Мүмкүн, бир-эки жагдай болбосо, Усубалиев тууралуу кеп козголгондо Салижан абанын айткандарын келтирип чектелсек деле болмок.  Жагдай демекчи, биринчиден, “Асабада” “улуттук баатырдыгына”, тактап айтканда, мамлекет тарабынан багышталган сый-урматка байланыштуу эмес, тек, Усубалиевдин  “Асаба” гезитин сотко берип, жаптырмакчы болгонунан улам сөз болгон. (Усубалиев ал гезитти жаптырган: муну дагы бир “эрдик” деп эсептесе болот.) Экинчиден, Салижан Жигитов кантсе да көзкарашы советтик доордо калыптанган инсан, советтик аалым эмеспи. Айрым бир жагдайларга анча маани бербей койгон жагы бар. Мындан чыкты, совет мезгилиндеги кыргыздын №1-коммунисти Т.Усубалиевдин ишмердигине  советтик  эмес, “эгемен” кыргыздын көзү менен назар салып, бир-эки ооз сөз кошумчалоого туура келет.

 Тарыхты бурмалоо – эрдикпи, же кылмышпы?

…7-8 жыл илгери генерал Ысакбек абамдын аяшы, кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы врачтардын бири, күйөөсү убагында министрге чейинки чоң кызматтарда иштеген Жумаш Мамытова эненин  үйүндө эски фотоальбомду барактай калгам. Карасам,  андагы фотосүрөттөр бүт  1963-жылы “Кыргызстандын Россиянын курамына өз ыктыяры менен (!) кошулгандыгынын 100 жылдыгына” арналып, Фрунзеде өткөн салтанаттуу той-мааракеде тартылган экен: бир жеринде Москвадан келген “улуу” конокторду нан, туз менен тосуп алып жаткан; дагы бир жерде дасторконду жайнатып, аларды коноктоп сыйлап аткан биринчи катчы Усубалиев жүрөт… Ооба, Москвадан келген үлкөндөрдү (арасында БКнын инструкторунан чоңурак кызматта отурганы бар экендигин Кудай билет) тосуп алып, сыйлап, көңүлүн алып, ыраазы кылып атканына жетине албай жайдаңдаган, сүйүнүчү бетине тээп, жүзү тамылжыган Усубалиев…

Албетте, совет мезгилинде сабактан тышкары кошумча окутулса окутулуп, болбосо, унут калчу “Кыргыз ССРинин тарыхында” Кыргызстан Россияга 1863-жылы өз каалоосу менен кошулгандыгы жазылгандыгынан деле кабардар элем. Антсе да, фотосүрөт болсо деле көз менен көргөн таасирдүү окшойт, ошол сүрөттөрдү карап эле, “а, кайран кыргыз, империяда орус шовинизми тымызын күчөй баштаганын илгиртпей сезип, ага заматта ыңгайлашып, анан узак мөөнөттү бийликтин пайдубалын тарыхты да зордоп бурмалаган кошоматчылык, көшөкөрлүк менен бекемдеп, жеке мансабы үчүн чындыкты, улуттук намысты садага чаап жиберген экен да-а” деген ой келди аксакал “баатыр” тууралуу.

Улут тарыхына анча-мынча кызыккандар жакшы билет, мааракеден 100 жыл мурун, “кыргыздар кол куушуруп, башты ийип, Россиянын койнуна ыктыяры менен кирип кеткен дата” – 1863-жылы бүгүнкү Кыргызстандын бүтүн аймагы эмес, Түндүк Кыргызстан деле падышалык Россиянын карамагына толук каратылган эмес.  Чүй, Көлдөгү айрым уруулар гана кат аркылуу аларга моюн сунгандыгын билдирген. Ал эми Түштүк Кыргызстан аймагы, Нарын, Талас өрөөнү бүт бойдон Кокон хандыгынын ыкрарында болчу. ( Атактуу жазуучу Төлөгөн Касымбековдун айтымында, кыргыздар Кокон мамлекетин өз ордосу катары көргөн.) Түштүк Кыргызстандын эли, анжияндык кыргыздар ошондон дагы 13 жылдан кийин, 1876-жылы кырчылдашкан согуш, канабайрам урушта кан жутуп, Полот хан (Исхак Асан уулу) баштаган элдик көтөрүлүштүн орус аскери тарабынан аёсуз басылып, жеңилишинен соң гана Россия империясына баш ийүүгө аргасыз болгон. Баш ийгиси келбеген Абдылдабек  Алымбек уулу сымал айрым зарделүүлөрү аягына чейин согушуп отуруп, Ооганстанга ооп кеткен.

Бул тарыхый окуялар Усубалиев юбилей өткөргөнгө чейин эле изилденип, жазылгандыктан, жалпыга белгилүү болчу. Мисалы, чыгаан тарыхчы Бегималы Жамгырчыновдун кыргыздардын Россияга каратылышын тыкыр иликтеген олуттуу илимий эмгеги “Присоединение Киргизии к России” (“Кыргызстандын Россияга кошулушу”)  деген ат менен 1959-жылы эле Москвадан китеп болуп чыккан. Анда 19-кылымдын экинчи жарымындагы орус-кыргыз алакасы, андагы чийеленген саясий окуялар расмий документтер аркылуу көз алдыга даана тартылган. Бирок, мансап баарыдан ширин белем, кыргыздардын “паашасы” Усубалиев анын баарына көз жуумп, өз элинин өтмүшүн, тарыхын зордоп бурмалап, орусун да, кыргызын да алдап, чындыкты тебелеп-тепсөөдөн сестенбептир.

Айтса, Б.Жамгырчыновдун аталган китебин кийин “Кыргызстандын Россияга өз ыктыяры менен кошулушу” деп ататып, оңдотуп чыгартышкан. А кийинчерээк, Түштүк Кыргызстандын Россияга кошулушун, атап айтканда, орус баскынчылыгын баяндаган, кыргыз ичинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан дагы көп окулган, атактуу “Сынган кылыч” тарыхый романына чабуул жасалат. Тоталитардык сүрдөн тайманбай улут тарыхын көркөм дөөлөткө айланткан жазуучу Төлөгөн Касымбеков анын айынан кыйла кодуланып, жүдөйт.

Албетте, өз ыктыяры мененби, же аргасызданбы, айтор, Кыргызстандын Россияга кошулгандыгынын прогрессивдүүлүгүн эч ким жокко чыгарбайт. Ошол эле кезде, бийликти пайдаланып, жеке кызыкчылык көздөгөн кыйды максатта тарыхты бурмалоону да эч ким эрдик деп баалай албайт. Улутка эле эмес, чындыкка да чыккынчылык – кылмыш болсо болор, асти, баатырдык  эмес!

 Энесай тарыхы неге жээрилди?

Биз бүгүн тээ 8-9 кылымдарда эбегейсиз аймак, эчен түрдүү калкка ээлик кылган Улуу Кыргыз каганатын түптөгөн Энесай кыргыздарынын урпактарыбыз, байыртан бай тарыхка эгедер уңгулуу улутпуз деп сыймыктанып жүрөбүз. (Албетте, сыймыктанганга акыбыз бар. Бирок, биздин сыймык ооздо гана, жүрөктө эмес. Көкүрөктө болгондо кыйындыгыбызды сөз менен эмес, иш менен бекемдебейт белек!?) Ал эми кыргызды чейрек кылым башкарымыш болгон  Усубалиев аксакал ал тарыхты танып, танып эле тим болбой, жокко чыгарууга аң-сезимдүү түрдө аракет кылып келиптир. Байыркы бай тарых Москвадагы лөктөрдун көөнүнө туура келбей калат деп кооптонгондуктан, улут тарыхын кыргыздар азыр жердеген Ала-Тоо аймагынан эч кайда жылбаган, Энесай кыргыздары, алардын даңктуу тарыхы менен эч кандай байланышы жок, тек, “улуу орус элинин” амири менен гана “адам санына” кошулган караламан катары жаздырууга жан үрөптүр. (Улуу агам Ойсул илгери: “ Усубалиевдин бир китебин колума алсам, биринчи бетинде эле: “Кыргыз эли Улуу Октябрь революциясына чейин жапайы жана жарым жапайы болгон” деп жазыптыр, ошону окуп эле ыргытып ирдим” деп айтты эле.)

Ошол себептүү кыргыздын байыркы да, жакынкы да нагыз тарыхын, же тилин изилдейм деген илимпоз, жазмакердин баарына тескери көз менен караптыр. Ага бир мисал – кыргыз адабиятынын классиги Түгөлбай Сыдыкбековдун кыргыздардын Энесайдагы өтмүшүн көркөм баян кылган “Көк асабасы”.  Т.Усубалиев бул тарыхый роман-дастанды жарыкка чыгарууга чечкиндүу каршы болуп, бастырбай койгон эмеспи. ( Ушул романга байланыштуу Кыргызстан КП БКдагы талкуулар тууралуу ал иштин күбөсү, жазуучу  Казат Акматовдон интервью алган элем.)

Анын себебин да айттык: кыргыздын кандайдыр ири тарыхка эгедер болуп чыгышы “улуу орус агаларга” жакпай калышы, анын айынан “биринчинин” “тактеке” бийлигине зак кетиши мүмкүн эле. Кыргыздар эл, журт катарына кошулуп калганы үчүн Владимир Ленин түптөгөн большевиктик- коммунисттик  партияга эле эмес, 1916-жылы кыргызды геноцидге кептеген Николай падышадан берки бүткүл орус адамдарынын алдында өзүн карыздар сезип, чөгөлөп турса, кулчулук сезим кыргыздын канына канчалык кана синсе, “биринчинин” бийлик доору ошончолук узармак. Узак убак, 24 жылдык бийлик – мунун накта далили!

Акылдан азап, же Нурбеков феномени

Т.Усубалиев бийликте турган кезде “ушулар бийлик талашып жүрбөсүн” деп түйшөлтүп, жүрөкзаада кылган коркунучтан улам Бейше Мураталиев, Кенеш Кулматов сындуу тыңыраак партишмерлердин жолун тороп, куугунтукка алгандыгы тууралуу айтылып эле жүрөт. Эл оозунда элек жок, ал тургай, Министрлер Советинин төрагасы Султан Ибраимовдун табышмактуу өлүмүн дагы ошол өңүттө жоруган аңыз жашап келет. Андан тышкары, ушулардын кыргызга жазганынын зыяны мага тийбесин деген сагызгандай сактыгынан улам Асан Токтосунов, Жээнбай Мукамбаев сындуу жоон топ окумуштууларга тоскоолдук кылып, ыдык көрсөтүптүр. Ошентсе да, Т.Усубалиевдин адамдык да, жетекчилик да бейнесине кара көлөкө түшүргөн көп болмушка чарпылып отурбай, кыйла маанилүү жагдай – Кубанычбек Нурбеков феноменине токтолгон эп.

Негизинен кыргыз мамлекеттүүлүгү жана мамлекеттик-конституциялык укук маселелерин изилдеген чыгаан юрист, профессор К.Нурбеков 1970-жылы эле өз эмгегинде: “Право на самоопределение – это право каждого народа (нации) самостоятельно распоряжаться национальном богатством и территорией, свободно определять формы своего общественно-экономического строя и политического статуса, вплоть до отделения, образования самостоятельного национального государства” деп жазыптыр  Советтик Социалисттик Республикалар Союзуна мүчө болгон улуттук республика – Кыргыз ССРинин укугу тууралуу. (Түп нускадан алыстабаш үчүн орусча келтирилүүдө.)

Ал эми 1972-жылы: “Киргизская ССР осуществляет верховенство в отношении своей территории. Ею распоряжатся сама нация суверенно и равноправно. Территория Киргизской ССР, необходимая материальная база республики неприкосновенны и не могут быть изменены без согласия самого киргизского народа. Всякое насильственное изменение границ территории вопреки воле населения рассматривается как аннекция, признается агрессивным актом, нарушающим принцип самоопределения нации. Кыргызский народ – полноправный хозяин своей государственной территории” деп жазат.

А кыргыз тилине байланыштуу: “Нельзя не признать роль родного языка в познании художесвенного мира, а также его функциональную значимость, способствующие сохранению нации. Одним из основным критериев существования нации  является родной язык” дейт.

Окумуштуунун илимий  зээнине эле эмес, чынчыл дээрине, патриоттук жигер, эрк-кайратына тан бербеске арга жок! Маңдайга матагандай айтылган мындай курч ой, көзкараштар 1990-жылдары, б.а. улуттук өз алдынчалыкка “жолдомо” алган маалда эмес, алдаганча илгери, СССРде авторитардык-тоталитардык режимдин арааны ачылып, кыбыр эткендин баарын Москва тескеген 1960-70-жылдары айтылып жатат! Тилекке каршы, улуу окумушту өзү эңсеп, нускаган эгемен мамлекеттүүлүктү көргөн жок: куугунтук, кысымдан ден соолугу начарлап, 1985-жылы 57 жашында дүйнөдөн өтүп кетиптир.

 “Орус тили – Родинабыздын экинчи эне тили”

Ооба, Т.Усубалиев баш болгон Кыргызстандын парттөбөлдөрү К.Нурбековдун чынчыл илимин, курч ойлорун окуганда жылан көргөндөй секирет. Кыргызстанды орусташтыруу саясатын активдүү жүргүзүп, “Ата-Мекен”, “Ата-Журт”, “Мекен” деген ыйык төл сөздөрүбүздү өзүбүзгө ыраа көрбөй, “Родина” менен алмаштырган; “орус тили –экинчи эне тилибиз” деген акылга сыйгыс, көшөкөрлөнгөн маңкурттук үндөө таштаган; “Адамда жалгыз гана эне, жалгыз гана эне тил болот” деп, каяша айткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго артын салып, китептерин өз мекенинде өз эне тилинде чыгартпай койгон усубалиевдик бийликтен андан башкача мамиле күтүп кереги жок эле…

…Куугунтук башталат. Окумуштууну партиядан чыгарып, жумуштан айдашат. Акылдан азап чеккен К.Нурбеков журөк ооруга кабылат. Өмүрүнүн акырында Илимдер академиясында кенже илимий кызматкер болуп иштеп, жан багууга аргасыз болгон “гордый” юрист троллейбуста жүрөгүн мыкчып жыгылат.

Эгерде империя бийлигин калчаган КПСС БКнын “политбюросу” Нурбековдой ойлонуп, улуттук республикаларга СССР Конституциясында кепилденгендей эркиндик берип, шовинисттик бетпарданы сыйрып таштап, ар элдин улуттук рухун сыйлап, демократиялык кайра курууларды эртерээк, айталы, ошол 70-жылдары баштаганда, мүмкүн, Советтер Союзу ыдырамак эмес…

Ал эми Усубалиев башында турган кыргыз партбийлиги Москвадан мамлекеттүүлүк абройун талашпаса да мейли, тек, саясий куугунтугун коюп, Нурбековдун нускамасын көңүлгө түйүп, жок дегенде, республика территорриясын көздүн карегиндей сактай билгенде, кыргыз жери чекесинен кертилип, коңшу республикалардын  энчисине өтпөйт эле… “Суунун асты меники, үстү сеники” деген маселе чыкпайт болчу… Бүгүнкүдөй чегара жаңжалдарынан оолак болмокпуз.

(Уландысы бар.)

Абдувахаб Мониев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *